«Илимдеги кыздар» долбоору алкагындагы пилоттук райондордун бала бакча жетекчилери заманбап пландоо ыкмаларын өздөштүрүүдө

May 13, 2024, 07:21
«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоору алкагында билим берүү уюмдарынын жана райондук шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн стратегиялык өнүгүү пландарын Гендердик сезимталдуулук аспектилери жана STEM билим берүүсүнүн камтылышын иликтөө иштерин жүргүзүп, аталган уюмдарга өнүгүү пландарын заманбап талаптарга шайкештеп түзүү иштерине көмөк көрсөтүүдө.

Жумушчу планга ылайык 2024-жылдын май айында Нарын облусунун Кочкор, Ат башы райондорунун жана Чүй облусунун Аламүдүн, Ысык-Ата райондорунун бала бакча жетекчилери, райондук билим берүү бөлүм жетекчилери жана кызматкерлери менен консультациялык кезигүүлөр жүргүзүлдү. Ал иш-чараларда бала бакчалардын стратегиялык өнүгүү пландарында социалдык, гендер сезимталдуулук аспектилери жана тарбиялануучулар үчүн учурда актуалдуу болуп жаткан табигый, математикалык инженердик багытка калыптоочу жана турмуштук көндүмдөргө басым жасалган иш чаралардын пландалышы каралып, пикир алышуулар болуп, консультативдик иш чаралар болду.

Бала бакча жетекчилери учурдагы билим берүү тармагында олуттуу реформалар жүргүзүлүп жаткан учурда, мындай окуулар жана консультациялык иш чаралардын жүргүзүлүп турушу олуттуу мааниге ээ экендигин жана стратегиялык ошондой эле жалпы эле пландоо иштерине багытталган окуулар жокко эсе экендигин белгилешти.

Мындай кезигүүлөр жана консультациялык иш чаралар Ош блусунун Ноокат, Жалал-Абад облусунун Сузак жана Баткен облусунун Кызыл Кыя шаарларында уланмакчы.