«Роза отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун жетекчилигинин Кытай Эл Республикасына жумушчу сапары алкагындагы өнөктөштөр менен кезигүүсү

February 1, 2024, 09:12

2024 жылдын 31 январында «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун Аткаруучу директору Роза Кайыкованын кытай өнөктөштөрү менен жумушчу кезигүүсү болуп өттү. 

Фонддун кызматкерлери Кытай коомдук илимдер академиясынын Улуттук адабият институтунун илимий кызматкери, китеп редактору Адыл Джуматурду менен кезигишти. Кезигүү учурунда,  эки тарап тең Си Циньпиндин «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө» китебинин которулушу жана басып чыгаруу ишиндеги ыраатуулук жана жогорку деңгээлдеги   алып барылып жаткан ишти белгилешти. Учурдагы кыргыз-кытай жана кытай-кыргыз сөздүктөрүн иштеп чыгуу сунуштары берилди.

Мындан сырткары КЭР адабиятты чет тилдерде басып чыгуу жана жайылтуу боюнча Башкармасынын («Жэньминь хуабао» басмасы) жетекчилиги менен кезигүү болуп, анда тараптар маданий-гуманитардык жаатта иш алып барууда кызыкдарлыктарын билдиришти. Анын катарында басма уюмдары ортосунда тажрыйба алмашуу кезигүүлөрүн уюштуруу сунуштары талкууланды.

Жумушчу кезигүү алкагында Фонддун кызматкерлери жана Аткаруучу директору «DolphinBooks» басма үйүнүн кеңсесинде болушуп, анын ишмердүүлүгү менен таанышышты. DolphinBooks  Компаниясы 1986 жылы негизделген. Бул басмакана балдар үчүн китептерди жана билим берүүчү, гуманитардык китептерди басууга адистештирилген. Анын максаты кытай тарыхын Кытайдагы жана бүткүл дүйнөдөгү жаш өспүрүмдөргө бийик деңгээлде жеткирүү.

Басмакана мындан сырткары ишкердүүлүктүн жаңы багыттарын жигээрдүү илектейт жана өнүктүрүү ишин илимди популярдаштыруу үчүн AR колдоосу жана китептерди сатуунун жаңы системаларын камтуу менен жүргүзөт.

 

Эки тарап тең биргеликте иш алып баруудагы чоң потенциал бар экендигин белгилөө менен окуу-илимий тематикасындагы  балдар үчүн китептерди кыргыз тилине, кыргыз авторлорунун китептерин кытай тилине которуу жана басып чыгаруу менен Кытай жергесинде таратуу тууралуу чечкиндүүлүгүн билдиришти.