STEM4ALLxMentoring Her долбоорунун катышуучулары лидерликтин негиздери боюнча лекция угушту

January 17, 2024, 12:03

2024-жылдын 13-январында Бишкектеги Бириккен Улуттар Уюмунун  үйүнүн имаратында "Лидерликтин негиздери" темасы боюнча лекция өттү. Иш-чара илим, технология жана инновация жаатында аялдар менен кыздарды натыйжалуу жетектөөгө жана шыктандырууга жардам бере турган ийгиликтүү лидерликтин негизги принциптерин жана стратегияларын ачууга арналган.

 

Иш-чаранын лектору, экономика илимдеринин кандидаты жана Борбордук Азиядагы Корей институтунун окуу иштери боюнча проректору Айгүл Калчакеева академиялык изилдөөлөрүнө жана жеке тажрыйбасына негизделген практикалык билимдери менен бөлүштү.

 

Катышуучулар стратегиялык ой жүгүртүүгө, командалык өз ара аракеттенүүгө жана айланасындагыларга таасир этүүгө тиешелүү темаларды изилдөөгө мүмкүнчүлүк алышты.

 

Лекцияга 38 адам катышты, алардын ичинен 15 катышуучу оффлайн жана  23 онлайн кошулду. Угармандар, алардын күнүмдүк иш-аракеттеринде колдоно ала турган баалуу түшүнүктөр үчүн "STEM4ALL x Mentoring Her" долбооруна ыраазычылык билдиришти.

 

Лекция жазуусун шилтемеден көрө аласыз.


STEM4ALL x Mentoring Her насаатчылык программасынын алкагында “жумшак көндүмдөрдү” өнүктүрүүгө арналган бир катар лекциялар уюштурулду. Лекцияларга шилтемелерди төмөнкү пресс-релиздерден таба аласыздар.

 

1. Тайм-менеджментбоюнча лекциялар болуп өттү

2."Кыялданууга жол бер" мотивациялык лекциясы болуп өттү

3.  Сынчыл ой жүгүртүүбоюнча лекциясы болуп өттү.


Байланыш:

Устаттык программасына байланыштуу бардык маселелер боюнча долбоордун координаторуна кайрылыңыздар stem4all@roza.kg 

ЖМК үчүн байланыш-Айнагүл Абдрахманова, ПРООН,   ainagul.abdrakhmanova@undp.org

  “STEM4ALL x Mentoring Her” долбоору тууралуу:

“STEM4ALL x Mentoring Her” долбоору тууралуу:

БУУӨПтүн Кыргызстандагы STEM жаатында аялдардын керектөөлөрүн баалоо” (2023) отчетуна жооп катары Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү Программасы демилгеленген "STEM4ALL x Mentoring Her" долбоору “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан Япония өкмөтү каржылаган Digital x Scale Accelerator  программасынын алкагында ишке ашырылууда.Долбоор STEM (Science-Technology-Engineering-Math) тармагындагы айымдар жана кыздардын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган. Өнөр-жай жана коомчулуктун лидерлерин насаатчылардын колдоосу менен байланыштырып, демилге жеке жана кесиптик өсүүгө көмөктөшөт. STEM4ALL келечектеги тез өнүгүп келе жаткан тармактарда аялдарга ийгиликке жетүүгө мүмкүнчүлүк берет. #STEM4ALL БУУӨПтүн Кыргызстандагы ишмердүүлүгү жөнүндө көбүрөөк билүү бул жактан болот.