Ат-Башынын жайлоо өнүгүү борборлорунда мастер-класстар өткөрүлдү

July 10, 2023, 04:29

2023-жылдын 8-июлунда Ат-Башы районунун Коёндуу-Колот жайлоосунда “Жайлоо өнүгүү борборлору” демилгесинин алкагында балдар жана ана-энелер үчүн мастер-класстар өткөрүлдү. 


Мастер-класстар Ат-Башы районунун Бирлик,Ат-Башы,Ак-Муз, Баш-Кайыңды жана Терек-Суу   айылдарынын “Жайлоо өнүгүү борборлорунун” тарбиячылары жана Нарын мамлекеттик университетинин доценти,педагогика илимдеринин кандидаты Илмира Шерматова жана “Роза Отунбаевнын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун эксперти Салтанат Адылбек кызы тарабынан өткөрүлдү. 


Мастер-класстар Чөйрө таануу, мээримдүүлүк, ден-соолук,тил жана чебер колдор деп аталган 5 ордого бөлүндү. Баш-Кайыңды айылынын “Жайлоо өнүгүү борборунун”  тарбиячысы   Жунусова Кундуз чий куурчак, жүндөн уютуу жана ийне менен басуу жолдору менен оюнчук жасоо, сүрөт тартууну балдар менен биргеликте көрсөтүштү. Ак-Муз айылынын өнүгүү борбору өрмөк согуу, сайма саюу, жип өрүү, чөбөгө жана быштак жасоо боюнча мастер-классты тартуулашты. Ат-Башы өнүгүү борбору чөйрөгө байланыштуу суу жаныбарлары темасындагы мастер-классты балдарга көрсөтүп берди.Терек-Суу айылынын борбору чий согуу, ат-жабдыктары боюнча балдар менен биргеликте иш алып барышты. Ал эми Бирлик айылынын жайлоо өнүгүү борборунун тарбиячылары ден-соолук жана туура тамактанууга ылайык куруттун ар кандай түрлөрүн катышуучулар менен биргеликте даярдашты.Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө борборлордун тарбиялануучуулары ыр,бир, манас айтуу боюнча өз таланттарын көрсөтүштү. Иш-чарага катышкан ата-энелер, Ат-Башы районунун акиминин орун басары Жантелиева Жылдыз жана коноктор мастер-класстардын абдан кызыктуу жана таанып-билүүчүлүк багытта болгонун белгилеп өтүштү.



Белгилүү болгондой быйыл  “Жайлоо өнүгүү борборлору” 10-жылы катары менен   “Роза Отунбаевнын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып келе жатат. Бул жылы жалпы өлкө боюнча 100 гө жакын борбор ишке кирип,анын сегизи Ат-Башынын жайлоолорунда ачылган.