"Гүлдөгөн Айгүл" долбоорунун командасы Баткенге барды

April 14, 2023, 06:24

2023-жылдын 6-апрелинде  “Гүлдөгөн Айгүл- Кыргызстандын жарандык коомундагы жигердүү аялдар тынчтык үчүн” долбоорунун командасынын Баткен облусуна иш-сапары  уюштурулду.


Иш-сапардын максаты-жергиликтүү контекстте климаттык коопсуздук жана гендердик инклюзивдик тынчтыкты куруу жаатындагы стратегиялар жана мыкты тажрыйбалар боюнча коомчулуктун лидерлери, активдүү аялдар менен маалымат алмашуу.



Иш-сапар учурунда  “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун, Кыргыз Республикасынындагы БУУ Кыргызстандагы Аялдар түзүмүнүн жана  БУУнун азык-түлук жана айыл чарба уюмунун өкүлдөрүнүн,  КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, анын орун басары Тимур Мадяров жана пилоттук аймактын башчылары менен жолугушуу болду. Жолугушуу учурунда  Баткен облустук,райондук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө долбоор тууралуу маалыматтар берилди.  Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк жана айыл аймактарынын жетекчилери долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу боюнча пикирлерин жана сунуштарын билдиришти.    


“Гүлдөгөн Айгүл- Кыргызстандагы аялдардын активдүү жарандык коомдук уюмдары тынчтык үчүн” долбоору БУУ Кыргызстандагы Аялдар түзүмү, БУУнун азык-түлук жана айыл чарба уюму жана  «Роза  Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду тарабынан БУУнун Тынчтык куруу фондунун колдоосу менен 2023-2024-жылдары  ишке ашырылат. Долбоор Баткен районунун 9 айыл өкмөтүндө жүргүзүлөт.  Долбоордун максаты-Кыргызстанда климаттык коопсуздук проблемаларын чечүүдө жарандык коомдун аялдар уюмдарынын институттук потенциалын өстүрүү жана алардын стратегиялык деңгээлде чечимдерди кабыл алууга катышуусу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө багытталган.Бул максатка жарандык активдүүлүктү жогорулатуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен коомчулуктун кызматташуусу аркылуу жетишүүгө болот. Долбоор 26 өлкөдөн келген 444 арыздын ичинен тандалып алынган. Долбоор улуттук программаларды жана саясатты ишке ашырууга көмөктөшмөкчү.