«Бешке чейин үлгүр» тиркемесинин ата-энелердин компетенциясына таасири жөнүндө ата-энелерди сурамжылоо изилдөөсүнүн натыйжалары боюнча онлайн жолугушуу өттү

March 28, 2023, 23:11

«Бешке чейин үлгүр» тиркемесинин ата-энелердин компетенциясына таасири жөнүндө ата-энелерди сурамжылоо изилдөөсүнүн натыйжалары боюнча Сидней университетинин жана Миндеру Фондунун командасы менен онлайн жолугушуу боюнча

Пост-релиз



28-мартта «Бешке чейин үлгүр» тиркемесинин ата-энелердин компетенциясына таасири жөнүндө ата-энелерди сурамжылоо изилдөөсүнүн натыйжалары талдоо боюнча Сидней университетинин командасы менен онлайн жолугушуу болуп өттү.



Буга чейинки окуялар:

Ата-энелер үчүн «Бешке чейин үлгүр» тиркемесинин презентациясы былтыркы жылдын 17-ноябрында өткөн. Ошол учурдан тартып тиркемени 16 000 ата-эне жүктөп алган жана «Бешке чейин үлгүр» тиркемесин пайдалануучулардын саны боюнча Кыргызстан алдыда баратканын белгилеп кетүү кубанычтуу. Тиркеменин мазмуну Сидней университетинин (Австралия) Мээ жана акыл эс борборунун илимпоздору тарабынан иштелип чыккан. Тиркеме наристе өзүнүн потенциалын ача ала турган шарттарды кантип түзүү керектиги жөнүндө ата-энелерге жүздөн ашык кызыктуу базалык кеңештерди камтыйт. Ар бир кеңеш күндөлүк жашоодо ата-энелер үй-бүлөдө балдар менен бирге аткара ала турган бир же бир нече сабактар менен коштолот. Тиркеменин бүткүл мазмуну соңку илимий изилдөөлөрдү эске алуу менен илимий жактан негизделген жана эң маанилүүсү, Кыргызстандын маданий өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен адаптацияланган.

 

Тиркеменин кеңештери ошондой эле эмоциялык байланышты жана ички үй-бүлөлүк мамилелерди чыңдоого багытталган, баланын чыр салуусунан жана коркууларынан кутулууга, өзүнүн эмоцияларын башкара алышына балага ата-эне кандай жардам бере ала тургандыгына зор көңүл бурулган.

 

Баланы өнүктүрүү жөнүндө, эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө, ар бир баланын потенциалын ачуу үчүн ата-эненин ролу канчалык маанилүү экендиги жөнүндө ата-энелердин билимдери канчалык өзгөргөндүгү тууралуу купуя пикир сурамжылоого 116 ыктыярдуу ата-эне катышты. Ата-энелердин жоопторун талдоо төмөнкүдөй кызыктуу фактыларды көрсөттү:

 

1) тиркеменин эң көп окулган жана колдонулган темасы бала энеси менен бирге сүрөт тартуусу боюнча биргелешкен сабак болуп калды.

 

2) ата-энелер көп учурда буларга кызыгат: – бала менен эмоциялык байланышты кантип чыңдоо керек, – балдардын чыр салуусун кантип токтотуу керек (спойлер: чыр салуу баланын өнүгүшүнүн ойдогудай фазасы); – наристенин сөз сүйлөөсүн мыкты өнүктүрүү үчүн кандай шарттарды түзүү керек.

 

3) ошондой эле ата-энелер үйдө балдар менен кандай оюндарды ойноо керектигине кызыгат. (Спойлер: “чүкө” – бүткүл үй-бүлө менен ойноого, баланы түстүн, эсептин, көңүлдү бир жерге топтоонун, кезекти сактай билүүнүн, командалык өз ара аракеттенүүнүн негиздерине жана башкаларга үйрөтүүнүн эң мыкты ыкмасы.

 

4) ошондой эле ата-энелер идентификациялоо жана өз алдынча аныктоо темасына кызыгууда (спойлер: балдарга үй-бүлөнүн, ата-бабалардын тарыхы, белгилүү жерлер жана жашап жаткан тигил же бул чөлкөмдө болуп өткөн окуялар жөнүндө айтып бергиле).

 

5) ошондой эле ата-энелерди «бала үчүн биологиялык сааттарды жөнгө салуунун жана жакшы уйкунун маанилүүлүгүнүн» темасы кызыктырды. Пикир сурамжылоодо ата-энелер бул маалымат менен таанышуу алардын өздөрүн күндүн режимине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жүйөлөштүрөт деп жазган.

Көрүнүп турган факт: пикир сурамжылоого 4 ата гана катышкан, калган 112 катышуучу энелер болгон.