БУУ аялдар түзүмүнүн жаңы жетекчиси Сайед Садык Мырза жана "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунун өкүлдөрү Президенттин Баткенде облусундагы өкүлү Айбек Шаменов менен жолугушушту

5 февраля 2025 г. в 08:08

2025-жылдын 29-январында  БУУ аялдар түзүмүнүн жаңы жетекчиси Сайед Садык Мырза жана "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунун өкүлдөрү Президенттин Баткенде облусундагы өкүлү Айбек Шаменов менен жолугушушту.


Жолугушууда аялдардын коомдогу жана экономикадагы ролу,айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында аткарылып жаткан иштер тууралуу сөз болду. Ошондой эле Сайед Садык Мырза Баткен мамлекеттик университетинин ректору, профессор А.Т.Гыязов менен жолугушту. Тараптар аймакта суроо-талапка ээ болгон психология, логопедия жана климаттын өзгөрүшү сыяктуу жаңы адистиктерди түзүүнү талкуулашты.  


Иш-сапардын алкагында Фонддун жана БУУнун өкүлдөрү студенттер менен жолугушуп, аялдардын укуктары жана лидерлик сапаттарды өнүктүрүү жөнүндө сүйлөшүштү.