"Татыктуу Жашоо" долбоорунун алкагында тажрыйба алмашуу боюнча өнөктөштөрдүн регионалдык жолугушуусу өттү

11 февраля 2025 г. в 06:11

2025-жылдын 5-7-февралында  Өзбекстандын Ташкент шаарында "Татыктуу Жашоо "долбоорунун алкагында тажрыйба алмашуу боюнча өнөктөштөрдүн регионалдык жолугушуусу болуп өттү.  


Иш-чарага Кыргызстан,Тажикстан жана Өзбекстандан долбоордун тогуз өнөктөш уюмунун өкүлдөрү катышты.  


Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар өз иштеринин натыйжалары, бенефициарлардын ийгиликтүү окуялары, ошондой эле долбоорду мындан ары өнүктүрүү жана күчөтүү боюнча сунуштар менен бөлүшүштү. Мындан тышкары, гендердик зомбулуктун алдын алуу максатында "Татыктуу жашоо" методологиясын киргизүү боюнча пландар талкууланды.  


"Роза Отунбаеванын демилгеси" ЭКФнын долбоорунун координатору Оторов Бекжан Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл округунда ишке ашырылып жаткан долбоордун Кыргызстандагы жетишкендиктери жана жыйынтыктары жөнүндө презентация жасады.


Долбоор жөнүндө: 

"Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду өнөктөш International Alert уюму менен биргеликте Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл округунда "Татыктуу жашоо" долбоорун ишке ашырууда. Долбоор Улуу Британиянын Өкмөтү тарабынан каржыланып,2023-2025-жылдар аралыгында ишке ашырылат.  


Долбоордун максаты — гендердик стереотиптерди жана басмырлоону жоюу, ошондой эле жүрүм-турум үлгүлөрүн өзгөртүү жана үй-бүлөлөрдүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу үй-бүлөлөрдөгү гендердик зомбулуктун деңгээлин азайтуу.