Роза Отунбаева: "Бул күн аялдарга карата тилектештиктин, колдоонун жана урматтоонун маанилүүлүгүн эске салган күн болсун"
6 марта 2025 г. в 11:59
2025-жылдын 6-мартында Аялдар кыймылынын 100 жылдыгына карата “Доорду өзгөрткөн аял лидерлигине – 100 жыл" аталышындагы иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, учурда БУУнун Афганистанга көмөк көрсөтүү боюнча миссиясынын жетекчиси Роза Отунбаеванын видео кайрылуусу жаңырды. Роза Отунбаева кайрылуусунда аялдардын тарыхый салымы тууралуу белгиледи жана "Аялдар кыймылынын 100 жылдыгына карата — аялдардын 100 окуясы" медиа-акциясын колдоп, бул демилге өлкөнүн өнүгүшүнө аялдардын кошкон салымын даңазалоодо чоң мааниге ээ экенин билдирди.
Экс-Президент өз сөзүндө азыркы учурда да аялдардын укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча күрөш улантылып жатканын белгиледи. Айрыкча, Афганистанда аялдардын билим алуусуна, эмгек рыногуна катышуусуна коюлган чектөөлөрдү мисал келтирип, теңдик үчүн күрөш эч качан токтобошу керектигин баса белгиледи.
Иш-чаранын катышуучулары аялдардын укуктарын коргоо жана гендердик теңдикти камсыз кылуу боюнча мындан ары да биргеликте иш алып баруу зарылдыгын белгилешти.
Бул иш-чара Кыргызстандын аялдарынын коомдогу ордун жана алардын укуктарын коргоо, лидерлик позицияларын бекемдөө максатында уюштурулду.