«Кенже курактагы балдарды тарбиялоо жана аларга билим берүү» дүйнөлүк конференциясы

November 13, 2022, 18:43

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Кендирбаева Догдуркуль Шаршеевна 2022-жылдын 13-ноябрынан 17-ноябрына чейин Ташкентте өтүп жаткан «Кенже курактагы балдарды тарбиялоо жана аларга билим берүү» деген экинчи дүйнөлүк конференцияга катышып жатат.

 

Конференцияда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын кызматкерлери Кыргызстандын атынан иш алып барууда. Кыргызстандан келген делегация бүгүн Bucheon Университетинде бак-дарактарды отургузуу аземине катышты. Министрлер аллеясында 38 карагай жана 18 магнолия отургузулду.

 

Ошондой эле Догдуркуль Кендирбаева Өзбекстандын мектепке чейинки билим берүү министри Агрепина Шин менен жолугушту. ЮНЕСКОнун башкы директорунун орун басары Стефания Джанинни менен экинчи жолугушуу болуп өттү. Мындан тышкары, Фонддун башчысы Франциянын «Right to Education Initiative» уюмунун аткаруучу директору Делфи Дорси менен кыска жолугушууну өткөрдү.

 

Конференциянын максаты маданий жактан алганда кенже курактагы балдарды өнүктүрүү жагынан батыл, актуалдуу жана алгылыктуу саясатты иштеп чыгууда мүчө мамлекеттердин саясий милдеттенмелерин кайрадан калыбына келтирүүдө жана катышуусун кеңейтүүдө турат.

 

Региондук жана улуттук консультациялардын жыйынтыктары боюнча иштиктүү талкуулардын жыйынтыктары жана мүчө мамлекеттерден түшкөн сунуштарды иштеп чыгуунун жыйынтыктары боюнча жыйынтык документ – Ташкент декларациясы кабыл алынат, ал туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетишүүгө басым жасоо менен кенже курактагы балдарды тарбиялоо жана аларга билим берүү чөйрөсүндө алдыдагы жылдарда аракеттер үчүн алкактык негиз болуп калат.