Алматыда «Борбордук Азиядагы гендердик колдоо: көйгөйлөр жана мүмкүнчүлүктөр, теориядан практикага карай» деген региондук форум старт алды

November 3, 2022, 10:17

2022-жылдын 3-5-ноябрында Алматы шаарында (Казакстан) өтүп жаткан «Борбордук Азиядагы гендердик колдоо: көйгөйлөр жана мүмкүнчүлүктөр, теориядан практикага карай» деген региондук форумдун негизги максаты билимдери, тажрыйбаны, инновациялык ыкмаларды алмашуу жана өз ара колдоо үчүн Борбордук Азия өлкөлөрүндө гендердик теңчилик жана гендердик колдоо жагында иштеп жаткан кесипкөйлөрдү бириктирген платформаны түзүү болуп саналат.

 

Иш-чара катышуу ыкмасына негизделген, ал катышуучуларды программанын чордонуна коюп, алардын жекече жана институционалдык тажрыйбасын жана билимдерин изилдейт.

 

Форумга «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын аткаруучу директору Д.Ш. Кендербаева катышып жатат, ал Форумдун сессияларынын алкагында «Туруктуу өнүгүү үчүн мамлекеттик саясатты натыйжалуу колдоо» деген баяндама менен сөз сүйлөйт. Фонддун өкүлүнүн катышуусу катышуучуларга учурдагы региондук келечектер, ыкмалар, инструменттер менен таанышууга мүмкүндүк берет.