2016-жыл: «Устат» долбоору

October 25, 2022, 23:05

2016-жылы «Устат» деген зор насаатчылык долбоорунун алкагында «Устат-3. Тынчтык жана ишеним: укук тартибинин органдарына жана сот адилеттигине бирдей жеткиликтүүлүк» долбоору ишке ашырылды.


2016-жылы долбоор биринчи жолу борбор шаардын чегинен сырткары чыкты жана бир эле учурда өлкөнүн 7 субъектинде: Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Каракол, Баткен шаарларында жана Чүй областында ишке ашырылды.


Милицияга ишенимди чыңдоого жана ИИОдо кызмат кылуунун кадыр-баркын жогорулатууга көмөктөшүү максатында, гендердик жана этностук өкүлчүлүктү жакшыртуу максатында насаатчылыктын негизинде орто мектептерди бүтүрүүчүлөрдүн арасында кесипке багыт берүү ишин жүргүзүү аркылуу 25 милиционер айым – КР Милиционер айымдарынын ассоциациясынын мүчөлөрү, ошондой эле ИИОнун 5 эркек кызматкери ИИМдин Академиясына тапшырууну жана укук коргоо органдарында иштөөнү каалаган жогорку класстардын 118 окуучусу үчүн насаатчы болуп калды.