Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда улуу муундагы адамдар үчүн Санарип 50+ тренингдери болуп өттү

October 3, 2022, 23:16

2022-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарынын Ленин жана Октябрь райондорунун шаардык китепканаларында, Сокулук районунун Сокулук айылындагы райондук китепканада Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда, Аламүдүн районунун Лебединовка айылында райондук мамлекеттик администрациянын кичи залында санариптик сабаттуулук боюнча «Санарип 50+» тренингдери өттү, алар Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө арналды.

 

«Санарип 50+» долбоорунун максаты санариптик процесстерге интеграциялоодо улуу муундагы адамдарга жардам берүү болуп саналат.

 

Курс төмөнкүдөй темаларды камтыйт: смартфондун функциялары, смартфон аркылуу маалымат издөө, социалдык тармактар аркылуу баарлашуу, электрондук почтаны пайдалануу, накталай эмес эсептешүүлөр үчүн электрондук капчыкты пайдалануу, Google инструменттер жана санариптик инструменттердин негиздери.

 

Өзгөчө көңүл интернеттин чексиз мейкиндиктеринде өзүнүн жеке маалыматтарын коргоого бурулат, ошондой эле кибер коопсуздук боюнча кеңештер бар.

 

«Санарип 50+» долбоорунун максаттары жана милдеттери «Санариптик Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациясынын беш жылдык стратегиясына, стратегиянын «Санариптик жөндөмдөрдү өнүктүрүү аркылуу калк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жөнүндө» деген № 1 милдетине дал келет жана «Бүткүл калк үчүн, анын ичинде аялуу топтор үчүн санариптик жөндөмдөр» компоненти боюнча максаттуу индикаторлорго жетишүүгө түрткү берет.

 

Тренингдер «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун жана КР БШКнын Жарандык билим берүү борборунун кызматташтыгынын алкагында өткөрүлдү.