“Манас” кыргыздардын баатырдык эпосу” басылмасы “Китеп искусствосу” Эл аралык сынагында баш байгеге ээ болду

September 26, 2022, 07:04

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду басып чыгарган “Манас” кыргыздардын баатырдык эпосу” (кыргыз, орус, немис тилдеринде) “Китеп искусствосу” Эл аралык сынагында баш байгеге ээ болду.


Сынакка Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларусия, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстандан 77 басылма катышкан. Сынактын 19 жылдык тарыхында “Гран при” номинациясында Кыргызстан алгачкы жолу 1 млн рубль утуп алды.   

 

Сынактын эрежеси боюнча “Гран при” номинациясында жеңүүчү болгон китеп утушка ээ болгон суммага басылып чыгып КМШ өлкөлөрүнө акысыз таратылат. 

 

Буга чейин КМШ  өлкөлорүнүн  арасында  эл аралык "Искусство книги"  сынагында  "Манас кыргыздын баатырдык эпосу" сүрөттө кыргыз тилинде , "Балерина", "Балдарга көркөм өнөр жөнүндө", " Ой учкундары", "Кыз китеп" басылмалары 1чи 2чи  даражадагы дипломдорго жана Атайын сыйлыктарга таттыктуу болгон. 

 

Фонд негизделгенден бери артыкчылыктуу багыт катары балдардын жана чоңдордун  окуу жана түшүнүү  көндүмдөрүн калыптандыруу, китеп окууга болгон муктаждыктарын жаратуу боюнча жаңы китептерди басып чыгаруу иши менен балдар жана жаштар арасында дүйнөлүк жана улуттук адабиятты даңазалап келет. Өзөктүү максаттарынын бири, кыргыз тилинде окурмандарга дүйнөлүк лидерлердин өрнөктүү өмүрлөрү менен тааныштыруу,  кыргыз тилин өркүндөтүүгө салым кошуу.“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду чыгарган бардык басылмалары кайталангыс – булар кыргыз тилине биринчи жолу которулган чыгармалар, ар түрдүү тематикадагы китептер (балдар адабияты, өмүрү өрнөк адамдар,ата-энелерге кеӊеш).