Нарын облусунда калктын гендердик жана социалдык муктаждыктарын баалоо темасында тренингдер өттү

August 22, 2022, 06:59

2022-жылдын 15-18-август аралыгында Нарын облусунда Социалдык экономикалык өнүгүү Программаларын иштеп чыгууда калктын гендердик жана социалдык муктаждыктарын баалоо темасында тренингдер өткөрүлдү.

 

Тренинг “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду Ага Хан Фонду жана «Кыргызстан айылдык ден соолук комитеттери» Ассоциациясы менен  биргеликте ишке ашырып жаткан “АтаМЕНен” долбоорунун алкагында Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айыл өкмөтү жана Ак-Муз айыл өкмөтүнүн жана Нарын районундагы Миң Булак айыл өкмөтү жана Учкун айыл өкмөтүнүн активисттери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, жумушчу топтордун мүчөлөрү жана айыл аймак башчылары үчүн ийгиликтүү өткөрүлүп, жалпы 104 адам катышты.

 

Тренингдин максаты-гендердик теңчилик жөнүндө билгичтиктерин жана көндүмдөрүн калыптандыруу аркылуу, социалдык тоскоолдуктарды аныктоого жардам берүү. Педагогика илимдеринин кандидаты (PhD), укук боюнча магистр, гендер маселелери боюнча эксперт, тренер Байназаров И.Б. катышуучуларга кенже курактагы балдардын өнүгүүсүнө багытталган иш-чараларды камтуу менен, жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүү пландарын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүп, үй-бүлөлүк руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарды жайылтуу жолдорун үйрөттү.

 

Ошондой эле улуттук баалуулуктарга негизделген балдарды тарбиялоодо эне менен атанын жоопкерчиликтери жана мүмкүнчүлүктөрү, чакырыктары жана кемчиликтери жөнүндө кенен баарлашуулар жүргүзүлдү.

 

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Орозказиева Анара Миң-Булак айыл аймагындагы тренингге катышып, өзүнүн оюн төмөндөгүдөй билдирди: “Мен бул долбоордун иш чараларына башынан баштап катышып келе жатам. Учурдагы абдан көйгөйлүү маселелердин бири болуп жаткан аталардын балдарды тарбиялоого катышуусу солгундап жаткандыгы эле. Эң башкысы АтаМЕНен долбоору ушул маселени чечкенге жардам бере тургандыгы мени кубандырат. Үй бүлөдө аталардын ролун жогорулатуу, бирин-бири сыйлоо, урматтоону балдарыбызга үйрөтүшүбуз керек. Бүгүнкү тренингден жеке өзүм практикада колдоно ала турган жаңы ыкмаларды билип алдым, өзүмдүн ишиме керектүү маалыматтарды ала алдым. Ар бир күндөн жакшы жакты алышыбыз керек, өнүгүүгө карай кадам ташташыбыз керек. Мен ойлойм, айылдын жетекчилиги, активисттери жана жергиликтүү жамаат болуп биргеликте гендердик теңчилик жана инклюзивдик компоненттерди СЭӨП киргизүү менен негизги максатыбызга жетебиз деп. Тренингдин уюштуруучуларына терең ыраазычылык билдирем жана ушул долбоордун максатына биргелешип аракеттенип ийгиликке жетебиз деп ишенем. Бийиктикке карай бирге аракет кылып жетебиз!”.


Айыл аймак башчысы Кудайбергенов Курманбек: “Мен бул тренингден жетекчи катары көп жаңы маалыматтарды алдым. Тренингдин жүрүшүндө дискуссия кылгандыгым маселе актуалдуу экендигин далилдейт. Жеке мен өзүм деле жумушка эртең менен эрте чыгып кетип, балар уктагандан кийин келип, менин  кыздарым мени тааныбай калышчудай болуп баратышат. Ишемби, жекшемби кундөрү менин балдарым үчүн майрам, себеби мен балдарыма убакыт бөлүп, көңүл бөлүп, алар менен чогуу ойногонго убакыт тапканга аракет кылам. Ушул долбоордун алкагында аталардын жоопкерчилигин көтөрүп алсак, менин айыл аймак башчысы катары да жүгүм жеңилдейт эле, анткени ар бир атанын баланы жараткандыгы эле милдет эмес, баланы багып,  тарбиялап, өстүрүп, эрезеге жеткирүү милдети бар экендигин билүүсү эң зарыл. Долбоордун командасына терең ыраазычылык билдирем”.

 

Казыбек айылынын тургуну Жумабаев Мирбек: “Бүгүнкү тренингдин мазмуну үй бүлөдөгү аял менен эрекетин ортосундагы  теңдик жана бири-биринин баалуулугу жөнүндө, ошону менен бирге коомдо болуп жаткан, алдыда жазай турган иш пландарды түзүүгө, көп маселелерди чечүүгө белсендик. Биз өзүбүзгө керектүү, билбеген, маани бербеген көп нерселерди биле алдык. Тренингде колдонулган усулдар жөнөкөй бирок, бат, таасирдүү, логикалык ой жүгүртүүгө мүмкүн болгон нерселерди алдым. Абдан маанилүү маселелер каралды, абдан жакшы өттү, ишиңиздерге ийгилик каалайм!”

 

“Казыбек айыл аймагында өткөрүлгөн тренингде коомдогу аталардын орду, инклюзивдүү иштөө, команда менен, убакытка карата иш алып баруу, смарт ыкмалары, логикалык суроолор, аталар жөнүндө макалдардын берилиши  абдан кызыктуу жана пайдалуу болду. Ойнотулган интерактивдүү оюндар, тестер кызыктуу болду жана Фонддун китептеринин жеңүүчүлөргө берилиши эң мыкты болду. Балдардын эрте курактан өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө дагы бир жолу ынандым жана жакты, оюндар аркылуу көп жакшы нерселерди үйрөндүм, ата-эненин ролу, балага мамилеси, атанын үй бүлөдөгу ролу жөнүндө толук тушүндүм. Дагы көп өткөрүлүп турса жакшы болот эле, мындан ары да биргеликте иштешебиз” деди азыбек АА башчысы Кермакунова Гулзада.


Учкун айыл өкмөтүнүн ишенимдүү адамы Шаршенбеков мындай деди: “Мен мындай окутууга көптөн бери биринчи жолу катышып жатам, абдан кызыктуу өткөрүлдү, айрыкча заманбап техниканын жетишкендиктерин колдонуу көп маалымат алууга жетиштирди. Актуалдуу маселелерди кызуу талкууладык. Бул саамалыкка катышып, ой жүгүртүп, элдин ой-пикирин угуп, өзүм да пикир айтып, убакыттын кандай өткөнүн да билбей калдым.”

 

Учкун айылдык Кеңешинин депутаты Ишенбек уулу Стам: “Бүгүнкү тренингдин күн тартиби абдан актуалдуу. Тренер, уюштуруучулар болгон суроолордун бардыгына жооп беришти жана СЭӨП түзүү, жергиликтүү бюджетти толтуруунун жеңил жолдорун үйрөндүк. Аялдардын жана балдардын укуктары жөнүндө көбүнчө көңүл бурулду. Менин оюмча  орто муундагы эркектердин укугуна да көңүл бурулса өтө жакшы болот эле”.

 

Катышуучулардын тренингден кийинки пикирлери:

Мен бул тренингден абдан пайдалуу көптөгөн  маалыматтарды алдым, мазмуну, сапаты да жакшы, усулдары эң керектүү, турмушта колдонгонго боло турган нерселерди алдым. Долбоорлорду жазууда идеяны ишке ашыруу кандай болуш керек экендиги боюнча түшүнүк алдым. Айыл өкмөттүн жана жергиликтүү кеңештин милдеттерин да жакшы түшүнүп калдык, абдан кызыктуу болду.

 

-Айылда ушундай тренингдер байма-бай өткөрүлүп турса жаңы мүмкүнчүлуктөр түзүлүп, балким өздөрү ойлогон идеяларды ишке ашырып алышат деген ишеничтемин. Мен бул тренинигден көп жана керектүү, пайдалуу маалыматтарды уктум, жаңы идеялар пайда болду, эми ушул  идеяларды ишке ашырганга аракет кылам. Жашоо керемет!

 

-Мен СЭӨП боюнча кенен маалымат алдым. Муктаждыктарды аныктоо кимдер үчүн маанилүү экендигин билдим, чындыгында эле балдарды эрте курактан тарбиялоого аталардын  да катышуусу эң маанилүү экендигин билдим. Жаш үй бүлөлөр гендердик теңчилик эмне экендигин билип алышты. Көптөгөн курч маселелерди бизге түшүнуктүү жана жеткиликтүү айтып бергендиктери үчүн ыраазычылык билдиребиз жана сиздерден дагы көптөгөн маалыматтарды күтөбүз. Бүгүнкү күн эң сонун, пайдалуу өттү. Келечекте балдарды тарбиялоого, өнүктүрүүгө мындан дагы жакшы-жакшы иштерди жүргүзгөнгө аракет жазайбыз.

 

-Бул маселе коомдук мааниге ээ, келечек муун жана өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн керектүү, өнүккөн, маданияттуу, ата наркын, эне адебин жайылткан мындай иш чаралар көп-көп болсун. Биз Кыргызстандын эли теңдикти туу туткан, жакшы сапаттагы иштерге умтулган элбиз, ушул бизге байма-бай жакшылыктарды жана ийгиликтерди алып келет деген ишеничтемин.

 

 Жалпы катышуучулар “Мен бул тренингден окуган ыкмаларды мектепте колдоном, практика жүзүндөгү кеңештер абдан пайдалуу болду, көйгөлөрдү аныктоодо элдин муктаждыктарын эске алуу керектиги абдан жакты. Азыркы заман талабына керектүү программалар менен тааныштык. Дагы ушундай тренингдер көп өткөрүлсө айыл жергесинде жакшы болот эле. Кээ бир усулдарды коомдук угууларда тажрыйба бөлүшө алам. Мындан ары да активдүү иш алып барууга даярбыз! Бүгүнкү тренинг өз максатына жетти деп эсептейм. Маанилүү жана кызыктуу болду. Биз сиздер менен ар дайым иштешүүгө даярбыз, колдойбуз жана жакшы көрөбүз” деген сыяктуу пикирлерин билдиришти.

 

Тренингдин жүрүшүндөгү интерактивдүү логикалык оюндардын жыйынтыгында катышуучулар тарабынан кыргыз элинин төмөндөгүдөй  макал-лакаптары айтылды:

 

Атанын сөзү-акылдын көзү.

Ата-Мекен, эне-Нур.

Ата болсоң акылдуу бол, эне болсоң мээримдүү бол.

Ата сөзү-уулга эм.

Атанын сөзү-ок, эненин сөзү-эм.

Ата сөзү балага, ага сөзү иниге.

Атанын сөзү-акылдын көзү.

Ата-аска зоо, эне-боорундагы булак, бала-ортосунда күйүп турган шам чырак.

Ата болуш-ардак, эне болуш-сыймык.

Ата сөзү-акыл, ага сөзү-асыл.

Ата-балага сынчы.

Атасы балам десе, баласы балам дейт.

Баланын тили “апа” деп чыкса да, атанын тарбиясын алат.

Ата көргөн ок жанат, эне көргөн тон бычат.

Ата баласы-тон жакасы.

Ата жакшы-уул жакшы, эне жакшы-кыз жакшы.

Ата уулду билет, ат ээсин билет.

Аталардын иши балдарга үлгү.

Ата болдум деп мактанба, адам болдум деп мактан.

Атанын кеби-балага, аганын кеби-иниге.

Атадан алтоо болсо да, катташпаса жат болот.

Ата жакшы-уул жакшы, эне жакшы-кыз жакшы.


“АтаМЕНен” долбоору балдардын тарбиясында аталардын катышуусун жогорулатуу, ата-энелердин ролдорун тең бөлүштүрүү, аталардын жоопкерчилигин жогорулатуу жана үй бүлөдөгү, аялдарга жана балдарга карата зомбулукту азайтуу максатында иш алып барат.

 

Долбоор Ага Хан Фонду менен биргеликте “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду жана «Кыргызстан айылдык ден соолук комитеттери» Ассоциациясы менен өнөктөштүктө Канаданын Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашууда.