2022-жылы Улуттук Кызыл Ай коому үч “Жайлоо өнүктүрүү борборунун” иш-алып баруусун колдоду

August 7, 2022, 22:02
2022-жылы  Улуттук Кызыл Ай коому үч “Жайлоо өнүктүрүү борборунун” иш-алып баруусун колдоду. Лейлек районундагы “Ай-Көл”, Жумгалда “Нур-Жаз” жана Тоң районунда “Наристе” өнүктүрүү борборлорундагы балдар  Кызыл Ай Коомунан  белек катары канцелярдык буюмдарды алышты.

“Жайлоо өнүктүрүү борборлору” 2014-жылдан тартып “Роза Отунбаеванын демилгеси”  Фонду тарабынан ишке ашырылып келет.

Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун иштеген жылдарында миңдеген балдар мектепке даярдык жана  чыгармачылык өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Алардын жашоосу кыйла кызыктуу  болуп калды.Мунун баары мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, демөөрчүлөр жана ыктыярчылар менен тыгыз кызматташуу аркылуу мүмкүн болду.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду Кыргызстандын бийик тоолуу райондорундагы балдардын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн КРнын  Кызыл Ай Улуттук коомуна ыраазычылык билдирет.