Балдардын кенже курактан өнүгүүсүнө аталардын катышуусун жогорулатуу максатында “АтаМЕНен” долбоору башталды

June 14, 2022, 08:33
Балдардын кенже курактан өнүгүүсүнө аталардын катышуусун жогорулатуу максатында “АтаМЕНен” долбоору башталды.

«АтаМЕНен»-eMANcipation - Enhancing Men’s Participation in Child Development” долбоорунун негизги максаты- балдардын тарбиясында аталардын катышуусун жогорулатуу, ата-энелердин ролдорун тең бөлүштүрүү, аталардын жоопкерчилигин жогорулатуу жана аялдарга жана балдарга карата зомбулукту азайтуу.

Долбоор Ага Хан Фонду менен биргеликте “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду жана Айылдардагы ден соолук комитеттеринин ассоциациясы менен өнөктөштүктө Канаданын Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашмакчы.

“АтаМЕНен” долбоорунун алкагында балдардын өнүгүүсүнө жана тарбия берүүсүнө аталардын катышуусун жогорулатуу үчүн комплекстүү иш-аракеттер жергиликтүү активист жарандар менен биргеликте аткарылат.

Долбоордун бир компоненти 4 пилоттук Айыл Аймактарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына гендердик сезимтал көйгөйлөрдү эске алуу менен жана балдардын өнүгүүсүнө багытталган иш-чараларды камтуу менен жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүү пландарын түзүүгө көмөк көрсөтөт. Ушуну менен бирге ар бир айыл аймакта балдарды эрте куракта өнүктүрүүгө багытталган демилгелер долбоор тарабынан гранттык колдоого алынат.

Долбоордун алкагында “Балдардын кенже курактан өнүгүүсүн жана социалдык-гендердик сезимтал саясатты эске алуу менен социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу” темасында 2 күндүк тренинг башталды.

Катышуучулар: Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү (Областтык жана райондук администрациялардын өкүлдөрү, АА аппаратынын адистери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, жергиликтүү жамааттын лидерлери – жигердүү тургундар, коомдук уюмдардын өкүлдөрү).

Белгилей кетчү жагдай, долбоордун алкагында мамлекеттик уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери, социалдык чөйрөнүн кызматкерлери жана жер-жерлердеги активисттер балдардын өзгөчөлөнгөн муктаждыктары тууралуу, билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо,зомбулуктан коргоо боюнча маалымдуулугун жогорулата алышат.