Бишкек шаарынын турак жай конуштарында абаны булгоого каршы күрөшүү боюнча тренингдер башталды

June 2, 2022, 08:49

2022-жылдын 30-31-майында Бишкек шаарынын Ак-Өргө, Ак-Ордо жана Ала-Тоо турак жай конуштарынын тургундары үчүн «Конушумда таза аба» долбоорунун алкагында абанын булганышына каршы күрөшүү боюнча тренингдер башталды.


Багыт берүүчү тренингдердин максаты жаңы конуштардын тургундарын «Конушумда таза аба» долбоору менен тааныштыруу, ошондой эле активисттер ичинен долбоордун экинчи этабына катыша турган топторду түзүү болуп саналат.


«Конушумда таза аба» долбоорунун координатору Бекжан Оторов долбоордун актуалдуулугу, анын максаттары жөнүндө айтып берди жана тренингдин катышуучуларын экологиянын бузулушуна каршы биргелешкен күч-аракеттер менен күрөшүүгө чакырды. Тренингдердин жыйынтыктары боюнча тандалган жаңы конуштарынын ар биринде активисттердин жана кайдыгер эмес адамдардын ичинен топтор түзүлдү. Түзүлгөн топтор долбоордун экинчи этабына катышат, ал «Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинин имаратында өтөт.


Эске сала кетсек, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Инновациялык борбор»мамлекеттик мекемеси жана «Юнисон Групп» коомдук фонду менен бирдикте Миграция боюнча эл аралык уюмдун колдоосу менен «Конушумда таза аба» долбоорун ишке ашыра баштады, ал абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган.