Ош шаарында «Илимдеги кыздар» долбоорунун үчүнчү этабынын менторлору үчүн тренингдер болуп өттү

May 27, 2022, 07:50

2022-жылдын 26-майында Ош шаарында «Илимдеги кыздар» долбоорунун менторлору үчүн окутуулар болуп өттү. Менторлор долбоордун насаатчылык программасынын үчүнчү этабын ишке ашыруунун алкагында шакирттер менен иштейт. Тренингдер насаатчылык жөндөмдөрүн жогорулатуу максатында өтүп,ар бир менторго «Устаттар үчүн колдонмо» берилди.

 

«Илимдеги кыздар» долбоорунун координатору Роза Кайыкова долбоордун максаттары жана STEM’деги кыздардын потенциалын жогорулатуу эмне үчүн керектиги жөнүндө айтып берди, ошондой эле ал кыздарды өнүктүрүүгө салым кошуу ниети үчүн насаатчыларга ыраазычылык билдирди.


Долбоордун эксперттери Анипа Усупкожоева менен Гүлжамал Султаналиева насаатчынын жана шакирттин өз ара аракеттенүүсүнүн эрежелери жөнүндө, ментордун ишинде гендердик өзгөчөлүктөрдү эске алуу зарылчылыгы жөнүндө инструктаж өткөрдү, дүйнөдө жана Кыргызстанда ментордун ролу жөнүндө кең-кесири айтып берди жана насаатчылыктын ийгиликтүү таржымалдарын бөлүштү.

 

Эске сала кетсек, ментордук программанын үчүнчү баскычын ишке ашыруу үчүн бизнес-ассоциациялардан жана STEM кесиптерден тартылган Кыргызстандын ийгиликтүү жана прогрессивдүү айымдары тандалган.


Бардыгы болуп «Илимдеги кыздар» долбоорунун ментордук программасына Бишкек шаарынын, Чүй областындагы Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунун пилоттук мектептеринен 2600 кыз катышат. 5-6 айдын ичинде насаатчылар өздөрүнүн билимдерин, жөндөмдөрүн, өздөрүнүн кесиптик жана турмуштук тажрыйбасын кыздар менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот, өз максатын аныктоо жана келечектеги кесипти тандоо жагынан жардам берет.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ кайдыгер калбаган, өзүнө зор жоопкерчиликти алган жана кыздардын ийгиликтүү келечегине салым кошуу ниетин билдирген менторлорго алкыш айтат.