В.С.Пархоменконун жаркын элесине жана 75 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү

May 25, 2022, 10:12

Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт музейинде студенттердин, аспиранттардын жана жаш окумуштуулардын Эл аралык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Иш-чара Владимир Сергеевич Пархоменконун жаркын элесине жана 75 жылдыгына арналды.

 

В.С.Пархоменко «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду менен ал негизделген күндөн тартып кызматташкан – ал биздин ишибиздин эң жаркын учурларын чагылдырган жана Фонддун ишинин маанилүүлүгүнө баа жеткис салым кошкон.

 

Илимий-практикалык конференциянын алкагында Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин вестибюлунда Владимир Сергеевич Пархоменконун иштеринин көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөнү Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту уюштурган, ал жерде Владимир Сергеевич өзүнүн эмгек жолун баштаган. Ошондой эле көргөзмөнү уюштурууга Кыргызстан калкынын Ассамблеясы жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду салым кошту.


Владимир Сергеевич өзүнүн чеберчилигинин аркасында көптөгөн жылдар бою жооптуу кызматтарды ээлеген, өз мекенине жана өз элине кызмат кылган. Анын иштери Кыргызстандын тарыхында калат –анткени анын баа жеткис мурасынын аркасында өлкөбүздүн хроникаларында эң жаркын жана унутулгус учурлар элибиздин эсинде калат. Владимир Сергеевич өзүнө жана өзүнүн өнөрүнө дайыма ишенген адамдардан болгон: мастер өзүнөн кийин калтырган ар бир кадрга баш оту менен жана жооптуу мамиле кылган.