Кыргызстандык ата-энелер үчүн Австралия тажрыйбасы. "Бешке чейин үлгүр" мобилдик тиркемесинин тесттик версиясы даяр

May 12, 2022, 05:52


2022-жылдын март айынан бери “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан ата-энелер үчүн мобилдик тиркемени иштеп чыгуу максатында “Бешке чейин үлгүр” долбоорун ишке ашырууда. Бүгүнкү күндө тиркеменин кыргыз тилиндеги тесттик версиясы даярдалды.


Тиркеменин тесттик версиясын сыноо максатында Кыргызстанга Миндеру Фондунун (Австралия) өкүлдөрү Мелисса Тео жана Натаниэль Фо келишти. Натаниэль менен Мелисса Кыргызстандагы бала бакчаларды кыдырып, (Кыргызтелеком бала бакчасы,  Москва районундагы “Бакыт” бала бакчасы Ак-Ордо жаңы конушундагы жана №186 в новостройке) ата-энелер менен жолугуп, тиркеменин ата-энелерге ыңгайлуулугу жана пайдалуулугу боюнча алардын пикирин билмекчи. Ар бир бала бакчада ата-энелер менен маек учурунда алардын тиркеме тууралуу кеңештер жана сунуштарын тиркеменин иштеп чыгуучулары-Сидней Университетинин адистери онлайн форматта угушту.


Сидней университетинин мээ жана акыл эс борбору тарабынан иштелип чыккан “Бешке чейин үлгүр” ата-энелер үчүн колдонмосунун мазмуну баланын төрөлгөндөн беш жашка чейинки мээсинин өнүгүүсү боюнча акыркы изилдөөлөрдү камтыйт. Окумуштуулар баланын өнүгүүсү үчүн дал ошол кенже курактагы ата-энелердин балдарына арнаган убактысы кудуреттүү болоорун белгилешет.


Тиркеме ымыркайдын өнүгүүсү үчүн өтө маанилүү тармактар боюнча кыска кеңештердин форматында даярдалган: "Балаңыз менен эмоционалдык байланыш","Сүйлөшүү", "Үйдөгү бакыт", "Оюндар", "Жамаат"


“Бешке чейин үлгүр" тиркемесинин мазмуну ата-энелерге кыргыз жана орус тилдеринде ушул жылдын август айында жеткиликтүү болот.


Эске салсак, Кыргызстан менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду «Бешке чейин үлгүр» мобилдик тиркемесин ишке киргизүү боюнча 30 өлкөнүн ичинен тандалып алынган.