«Кыздарга технологиядагы мүмкүнчүлүктөрү» онлайн-маектешүүсү
April 30, 2022, 07:0528-апрель эл аралык “Маалыматтык-байланыш технологиясындагы
кыздар” күнүнүн урматына карата Санариптик Трансформациядагы айымдар, «Р.
Отунбаеванын демилгелери» коомдук эл аралык фонду жана Кыргыз Интернет коому
биргеликте онлайн-маектешүү өткөрдү. Анда эл аралык жана жергиликтүү эксперттер
жана ийгиликтүү айымдар өз тажрыйбаларын бөлүшүп, кыздар үчүн технологиядагы
мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып беришти.
Онлайн-маектешүүнүн негизги баяндамачысы КРнын экс-президенти Роза
Исаковна Отунбаева болду. Ал өз сөзүндө кыздардын технологиядагы
мүмкүнчүлүктөрү чексиз деп айтты:
«Кыздарга технологиядагы мүмкүнчүлүктөр» деген видео-конференция
республикалык деңгээлде биринчи жолу өтүп жатканына кубанычтамын. Биздин фонд
2013-жылдан баштап эле кыздар маалыматтык-технологиялык илим алсын деген
демилген менен келе жатабыз. Соңку 2 жылдан бери STEM программабыз жүрүүдө.
Анын алкагында Бишкек жана Ош шаарларында 2000ден ашуун окуучу кыздарга 193
адис менторлук кылып, окутуп чыгарды. Ал дагы деле уланып жатат. Бир нече донорлорлук
уюмдар, мекемелер бизге жардам берип жатат. «Кыргыз Интернет коомун» дагы
Европа Биримдиги колдоп, чогуу иш алып жаратасыздар. Ушундай эле нукта баарыбыз
туш-туштан аракет кыла берсек дың жерлерди көтөрүп жаткан болобуз. Анткени
технологиялык билимдерсиз биз 21-кылымды багындыра албайбыз»,- деди
экс-президент Роза Отунбаева.
Ал эми ЖК депутаты Элвирва Сурабалдиева да сөз сүйлөп, ал кыздардын маалыматтык-технологиялык билим алуусу өтө маанилүү экенин жана кыз-келиндердин таламын парламентте коргоп келе жатканын билдирди.
Кийинки баяндамачы КРнын Билим берүү жана илим министри А.Бейшеналиев сөз сүйлөп, буларга токтолду: «Балдардын информациялык-технологиялык билим алуусунун негизги булагы катары биз азыр приоритетти так илимдерден сабак берген мугалимдерге коюп жатабыз. Президентибиздин соңку жарлыгына ылайык, табигый так илимдерден сабак берген мугалимдердин айлык акысы башка мугалимдерге караганда 20% га көтөрүлдү».
«Кыздарга технологиядагы мүмкүнчүлүктөр» деген аталыштагы онлайн-маектешүүсүнө расмийлерден сырткары бир нече эл аралык жана жергиликтүү эскперттер катышты.
Онлайн-маек учурунда Ташкент-Бишкек «КМШ аймагындагы МКТдагы
кыздар» телекөпүрөсү аркылуу КМШ региону боюнча ITU аймактык директору Наталья
Мочу жана «Санариптик Трансформациядагы Айымдар уюмунун» негиздөөчүсү Екатерина
Громова байланышка чыгып, бул багыттагы эл аралык тажрыйбалар тууралуу кыскача
айтып беришти.
Ал эми “Борбордук
Азиядагы айымдар жана кыздар үчүн МКТнын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу жергиликтүү
эскперттер өз тажрыйбалары боюнча айтып беришти. Алар:
Шайна
Крам, АКШ элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы; Эл аралык
Айтматов фондунун вице-президенти, КР Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Ширин Айтматова; Teach for Kazakhstan жана
Connect-Ed.kz (Казакстан) негиздөөчүсү Гүлназ Корданова; Startup Accelerator,
Tech4Impact компаниясынын негиздөөчүсү (Өзбекстан) Елена Селезнева; “Мутакалим”
коомдук уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы; Европа Биримдигинин DigiKonush
долбоорунун координатору Банур Абдиева; “Суусамыр FM” коомдук радиосунун
директору жана kyrgyzmedia.kg маалымат сайтынын башкы редактору Айзада
Калканбекова; Relativity LLC компаниясынын DevOps инженери IT Инфлюенсер Айдана
Омурбаева; Кыргыз программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп
чыгуучулар ассоциациясынын директорунун орун басары Айпери Ногойбаева;
"Санарип Тазалык" санариптик гигиена долбоорунун эксперти Айпери
Бозоева; Европа Биримдигинин "Санарип Инсан" долбоорунун медиа
эксперти Сапаргүл Абдинабиева; Village Girl долбоорунун координатору Айдай
Аманкулова жана Кыргызстандын биринчи космостук программасынын жетекчиси
Кызжибек Батырканова катышышты.
Онлайн-маектешүүнүн аягында «Кыргыз Интернет коомунун» негиздөөчүлөрүнүн бири Азиз Солтобаев жыйынтыктап, өз сөзүндө кийинки белгиледи: “Бүгүн биз биргелешкен күч-аракет менен чоң натыйжаларга жетишип, кыздардын МКТда гана эмес, жалпы эле илимде да жетишкендик көрсөтө аларыбызды түшүндүк”.
Ошондой эле «Кыргыз Интернет коомунун» төрагасы Талант Султанов бардык катышуучуларга рахмат айтып, көрүп жаткан кыздарды маалыматтык-технологиялык билим алууга үндөдү.
«Кыздарга технологиядагы мүмкүнчүлүктөр»
онлайн-маектешүүсүнүн максаты, кыздарды, өзгөчө алыска айыл-аймактардагы
кыз-келиндерди окууга жана технологиялык билим алууга шыктандыруу. Баштапкы
эфир Zoom платформасы аркылуу өтсө, ал “Кыргыз Интернет коомунун» Ютубдагы жана
Фейсбуктагы расмий баракчаларынын түз чагылдырылып турду. Ага өлкөнүн бардык булуң-бурчунан:
Zoom аркылуу-
100 киши
Фейсбук аркылуу- 162 киши
Ютуб аркылуу- 145 киши түз көрүп отурду.
Кыздардын шыктандырган маектердин артынан чакан онлайн-сынак уюштурулду. Анда маалыматтык-технология багытында суроолор берилип, жеңүүчүлөргө IT курсуна сертификат, IT тармагында иштеген адистерге бекер консультациялар жана китеп, блокнот сыяктуу кызыктыруучу белектер ыйгарылды.