«Илимдеги кыздар» долбоорунун 5 пилоттук мектебинин базасында STEM-аянтчалар пайда болду

April 17, 2022, 08:30

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Илимдеги кыздар» долбоорунун пилоттук мектептеринин базасында көчөттөрдү отургузду.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын эки долбоорунун күч-аракеттерин интеграциялоо жана бириктирүү бул учурда балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатууга жана мектептердин аймактарында жагымдуу микроклиматты түзүүгө, ошондой эле STEM билим берүүнү алга илгерилетүүгө багытталган.

 

Ишке ашыруунун натыйжасында №№25, 96, 3, 81, 88 мектептерде ясендин, ак кайыңдын жана ар кандай бадалдардын көчөттөрүнөн турган аянтча пайда болду. Белгилеп кетүү керек, №25орто мектепте көчөт отургузуу окуучулардын ата-энелеринин күчү менен жүзөгө ашырылды, бул өсүп келаткан муун үчүн оң мисал болуп саналат.

 

Иш-чара Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы, «Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк» (KICB) ЖАК жана Ага хан фонду менен бирдикте уюштурулду.

 

Быйылкы жылы көчөттөрдү отургузуу «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 10 жылдык мааракесине туш келтирилди жана КР Президенти Садыр Жапаров жарыялаган «Жашыл мурас» улуттук кампаниясын ишке ашырууну колдойт.

 

Билим берүү мекемелеринин аймактарын жашылдандыруу боюнча «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын акциялары 7 жыл катары менен өткөрүлүп келатат.

 

Белгилеп кетели, бардыгы болуп «Эко долбоордун» «Green Foundation» долбоорлорунун алкагында Курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ ушул жылдардын аралыгында Бишкек шаарынын 85 мектебинин жана балдар бакчасынын аймактарында 60 000ден ашык көчөттү отургузду.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын көчөттөрдү отургузуу боюнча акциялары эми салтка айланып калды, БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына (13-максат – Климаттын өзгөрүшүнө жана анын кесепеттерине каршы күрөшүү боюнча шашылыш чараларды көрүү) жооп берет жана мектеп окуучуларынын экологиялык маданиятын жана жоопкерчилигин жогорулатат.