2014-ЖЫЛ: «КРда мектепте тамактандыруунун мамлекеттик саясатын алга илгерилетүү» долбоору

April 9, 2022, 06:49

«Мектепте тамактандыруу социалдык теңсиздикти жоюуга тийиш: ал бир жагынан, аш болумдуу тамакты берет, экинчи жагынан, мүмкүнчүлүктөрү көп ата-энелер кедей үй-бүлөлөргө жардам берүүгө тийиш. Балдардын курсагы жарым тоют болгон үй-бүлөлөр өтө көп, ошондуктан мектепте тамактандыруунун маанилүүлүгүнө баа бербей коюуга болбойт».


Мектепте тамактандыруунун мамлекеттик саясатын ишке ашырууда жергиликтүү коомдоштуктардын потенциалын жогорулатуу максатында 2014-жылы Фонд «КРда мектепте тамактандыруунун мамлекеттик саясатын алга илгерилетүү» деген өтө маанилүү долбоорду ишке ашыра баштады.


Долбоордун алкагында төмөнкүдөй иш-чаралар жүргүзүлдү: Пилоттук мектептердин, ата-энелердин, ЖӨБОлордун арасында мектепте тамактандыруу маселелеринде калктын маалымдар болушунун деңгээлин белгилөө боюнча сапаттуу изилдөөлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү.


Бишкек шаарында, Жалал-Абад шаарында кулинардык мастер-класстарды уюштуруу жана өткөрүү, иш-чаралар 1200 адамды, анын ичинде 900 баланы камтыды.


Бул долбоордун алкагында мектептердин администрацияларынын, ата-энелердин, жергиликтүү коомдоштуктун, журналисттердин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн потенциалын күчөтүү максатында өлкөнүн алты регионунда 18 окутуучу семинар-тренинг өткөрүлдү, 600дөн ашык адам камтылды. Тренингдердин мазмуну мектептеги ысык тамактын маанилүүлүгү жөнүндө, мектеп тамак-ашы кандай финансыланып жаткандыгы, мектептерде ысык тамакты киргизүү үчүн жергиликтүү бийликтер, ата-энелер, ишкерлер кандай салым кошо алаары, балдардын рационун кантип ар түрдүү кылууга болоору, арзан тамак-аш азыктарынан турган менюну кантип байытууга боло тургандыгы жөнүндө түшүнүктү жакшыртуу маселелерине арналды.


Мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу боюнча пилоттук программа менен таанышуу максатында КР ЖК депутаттарынын Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районуна таанышуу менен баруусу уюштурулду.


КР ЖКнын, тармактык министрликтердин өкүлдөрүнүн, Өкмөттүн Аппаратынын, пилоттук ЖӨБОлордун өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү адистердин катышуусу менен тегерек столдор жана Жалал-Абад жана Нарын областтарына алмашуу визиттери уюштурулду.


Мектеп тамак-ашынын маанилүүлүгүнүн жана анын сапатын жогорулатуунун маселелери жөнүндө маалымдар болууну арттыруу максатында журналисттер үчүн семинар өткөрүлдү.


Балдардын тамак-ашынын сапатын жакшыртуу боюнча ата-энелер үчүн буклеттер жана баракчалар даярдалды жана чыгарылды.


2014-жылдын 18-декабрында Бишкек шаарында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду төө буурчактан жана ашкабактан тамак жасоо жагынан «Төө буурчак жана ашкабак» деген тема боюнча ачык мастер-классты өткөрдү. Мастер-класс БУУнун КРдагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен жана Түркиянын КРдагы Элчилиги, Кыргыз-Түрк «Манас» Университети жана «Тюбетейка» ресто-клубу менен өнөктөштүктө өттү.


Бул долбоордун мектеп тамак-ашына жергиликтүү бюджеттин беренелеринен финансылоону бөлүү жагынан бир катар оң мисалдары бар. Пилоттук региондордо мектепте ысык тамакты киргизүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүүгө жетишилди.


Бир жыл аралыгында маалыматтарды таратуу аркылуу ЖМКнын, интернет-порталдардын кызмат көрсөтүүлөрүн колдонгон 25 000ден ашык адам камтылды. 11TV’ден серия жана 6-радио берүү, газеталардагы, интернет-порталдардагы макалалар – бардык ушул чаралар мектеп тамак-ашынын таанымал болушун арттырууга, ысык тамактын маанилүүлүгү, анын ар түрдүүлүгү, ишке киргизүү механизмдери, финансылоо системасы жана башкалар жөнүндө коомдун маалымдар болушун жогорулатууга багытталган.