2014-ЖЫЛ: «Балалык мектеби»

April 4, 2022, 23:28

«Балалык мектебинин» алкагында биринчи жолу Кыргызстанда педагогдор жана ата-энелер М.Монтессори методикасы боюнча окутуунун жылдык курсунан өтүү мүмкүнчүлүгүн алды жана 2014-жылдын аягында 18 адам Монтессори-педагогиканын эл аралык институтунун «Монтессори-педагог» сертификатын алды. Ошондой эле жыйынтыгында борбор шаарда – 6, Жалал-Абадда – бир жана Токмок шаарында дагы бир жеке Монтессори балдар бакчасы ачылды. «Балалык мектеби» лекторийинин алкагында Жалал-Абад жана Ош мамлекеттик университеттеринде Монтессори педагогика боюнча көчмө тааныштыруу лекциялары өткөрүлдү.


Мындан тышкары, Фонд жеке балдар бакчаларынын потенциалын күчөтүү боюнча ишти улантты жана жеке балдар бакчаларынын жана борборлорунун жетекчилери үчүн машыктыруучу Мария Миркести (Новосибирск, Россия) чакыруу менен жеке балдар бакчаларынын жана борборлорунун жетекчилери үчүн «Директорий» курсун өткөрдү. Өткөрүлгөн лекциялардын аталышы (www.roza.kg сайтынан кең-кесири таанышууга болот): «Балдарды кантип туура тарбиялоо керек» – лектор Ольга Ярова, АУЦА; «Баластан» - мектепке чейинки курактагы балдар үчүн таэквондонун элементтери» - лектор Эдуард Хегай, КР таэквондо федерациясынын Президенти; аутизм жөнүндө фонд менен бирдикте «Кол колдо» лекциясы; «Ата-энелер - балдар: талаш-тартышты кантип башкаруу керек» - лектор Анна Кудиярова, Алматы шаарындагы Борбордук-азиялык психоанализ институтунун директору, Казакстан Республикасы; балдардын финансылык сабаттуулугунун программасы боюнча «Афлатун» лекциясы - лектор Бермет Асанбаева.