«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын жана отун-энергетикалык комплекстин кесипкөйлөрүнүн «Кыргызстандын энергетикасындагы айымдар» ассоциациясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду

March 31, 2022, 13:13

Бүгүн, 2022-жылдын 31-мартында, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын жана отун-энергетикалык комплекстин кесипкөйлөрүнүн «Кыргызстандын энергетикасындагы айымдар» ассоциациясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.

 

STEM’деги, анын ичинде энергетикадагы кыз-келиндердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана ролун жогорулатууга өзгөчө маани берип, «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду жана «Кыргызстандын энергетикасындагы айымдар» ассоциациясы өнөктөштүк мамилелерди түзүүнү жана чыңдоону, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү документ менен бекемдеди.

 

Эми биз STEM’деги, анын ичинде энергетикадагы кыз-келиндердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу системасында кызматташтыкты жүзөгө ашырууга, энергия жагынан натыйжалуу, энергияны үнөмдөөчү технологияларды алга илгерилетүү боюнча биргелешкен иш-чараларды жүргүзүүгө, энергия сектору, инженерия жана инженердик, МКТ технологиялар жагынан гендердик багыттагы кесиптерди алга илгерилетүүгө ниеттенип жатабыз.

 

Меморандумга «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун аткаруучу директору Догдургуль Кендирбаева жана «Кыргызстандын энергетикасындагы айымдар» ассоциациясынын Президенти Алтынай Абдыкеримова кол койду.

 

Келишимге кол коюу аземине «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын директорунун орун басары, «Илимдеги кыздар» долбоорунун координатору Роза Кайыкова катышты. Ассоциациянын директорун ассоциациянын мүчөлөрү: «Электр станциялары» ААКнын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева жана «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Элзада Саргашкаева коштоду. Ошондой эле белгилеп кеткибиз келет: Тагжана менен Элзада «Илимдеги кыздар» долбоорунун менторлору болуп саналат.