СТЕМ аспекттерди институтташтыруу боюнча пилоттук мектептердин директорлору менен консультациялык жумушчу жолугушуу аяктады

March 28, 2022, 08:17

2022-жылдын 23–24-мартында Аврора санаторийинде «Илимдеги кыздар» долбоорунун пилоттук мектептеринин директорлору менен жолугушуу болуп өттү. Иш-чара СЕМ компоненти бар мектеп пландарын иштеп чыгуу максатында натыйжаларды жана алынган сабактарды эске алуу менен уюштурулду.


Жолугушууга пилоттук мектептердин директорлору, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, РИППКнын өкүлдөрү, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүүнү башкаруу департаментинин, Ош шаарынын билим берүү бөлүмүнүн, Кара-Суу районунун билим берүү бөлүмүнүн, Чүй областынын Сокулук, Ысык-Ата, Аламүдүн райондорунун билим берүү бөлүмдөрүнүн, Чүй областтык методикалык бөлүмдүн эксперттери жана долбоордун өнөктөрү катышты.


Жолугушуунун биринчи күнүндө КР билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев онлайн режимде «Илимдеги кыздар» долбоорунун пилоттук мектептеринин директорлору менен жолугушту жана педагогдорго билим берүүдөгү STEM’дин ролун жана мүмкүнчүлүктөрүн түшүндүрдү.


Министр учурдун талаптарына ылайык STEM-адистерди даярдоонун зарылчылыгын баса белгиледи жана дүйнөлүк рынокто STEM-адистердин эмгек акысы 26 пайызга жогору экенин белгиледи: «Билим берүү жана илим министрлиги ошондой эле STEM багытын өнүктүрүү боюнча ишти жүргүзүп жатат. Азыркы учурда мектеп программалары кайра каралып жана өзгөртүлүп жатат», – деп айтты Алмазбек Бейшеналиев.


Алмазбек Бейшеналиев «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондуна жана Фонддун аткаруучу директору Догдургуль Кендирбаевага билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жүргүзүп жаткан иши үчүн ыраазычылык билдирди.


Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары долбоордун натыйжалары менен таанышты, өнөктөш уюмдардын жасаган иши жөнүндө кең-кесири маалымат алды. Андан ары директорлордун рефлексиясынын жана тажрыйбасын аңдап-түшүнүүнүн натыйжалары боюнча алынган сабактар жана «Илимдеги кыздар» долбоорун ишке ашыруунун процессинде алынган иштеп чыгуулар презентацияланды.


Экинчи күнү катышуучулар СТЕМ саясатында жүргүзүлүп жаткан иш менен жана жергиликтүү деңгээлде/мектептердин деңгээлинде институтташтыруунун мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты.


Алсак, долбоордун эксперти Мамытов Абакир Мамытович «Илимдеги кыздар» долбооруна чейин, анын учурунда жана андан кийин. СТЕМди демистификациялоо, СТЕМди алга илгерилетүүдө коомдоштуктун катышуусун жогорулатуу» деген темада сөз сүйлөдү.


Педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана аларды кайра даярдоо институтунун директору Алмаз Токтомаметов «СТЕМ предметтеринин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу. Көйгөйлөр жана мүмкүнчүлүктөр» деген темада сөз сүйлөдү.


Гендердик эксперт Давлетова Чынара Самаковна «Кыздарды СТЕМге тартуу» темасына презентация менен сөз сүйлөдү.


Ошондой эле Республикалык балдар инженердик-техникалык «Алтын түйүн» академиясынын директору Жаркын Бапанова тажрыйбасын бөлүштү жана инженердик академиянын жүргүзүп жаткан иши жөнүндө айтып берди.


Андан соң директорлор эксперттер сунуш кылган маалыматтарды эске алуу менен мектептерди өнүктүрүү пландарын жазат.


Ошондой эле экинчи күнү СТЕМдин туруктуулугун камсыз кылуу жана мектептердин деңгээлинде СТЕМ саясатынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жагынан сунуштарды издөө, ошондой эле кыздардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жагынан кесипке багыт берүү ишин күчөтүү боюнча негизги иш-чаралар өттү. Топтор СТЕМ боюнча саясатты ишке ашырууга директорлордун катышуусуна көмөктөшүү үчүн эмне кылууга болот деген идеяларды терең ойлонууну жүргүздү. Сессиянын жыйынтыктары боюнча топтор мектеп пландарын жеткире иштеп чыгуу үчүн жаңы идеяларды, чечимдердин макеттерин презентациялады.


ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоорун «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, Балдарды коргоо борбору жана АУЦАнын Инновациялык колледжи ишке ашырып жатат.


Бул долбоордун башкы максаты ТӨМдүн 5 максатына жана 2021-2040-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясына жетишүү болуп саналат. Долбоор Бишкек, Ош жана Кара-Суу шаарларынын жана Чүй областынын Аламүдүн, Ысык-Ата, Сокулук райондорунун 81 билим берүү мектебин камтыган.