2013-ЖЫЛ: «Бөбөк ыры»

March 16, 2022, 01:08

Бала туулгандан тартып аны балдар ырлары коштоп, алар өнүктүрүү жана тарбиялоо процесстеринин ажыралгыс бөлүгү болуп саналат. Ошондуктан 2013-жылы «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ балдар үчүн кыргыз тилинде ырлардын «Бөбөк ыры» Республикалык конкурсун өткөрүү демилгелесин көтөрүп чыкты.


Конкурстун максаты кыргыз тилиндеги балдар ырларынын учурдагы репертуарын түзүү болуп калды, ал ырлар Кыргыз Республикасынын балдарын руханий жактан өнүктүрүүгө жана кыргыз тилин алда канча терең өздөштүрүүгө көмөктөшөт.


Конкурс ырдоо жана акындык чыгармачылыкта жаңы таланттарды ачууга көмөктөшүүгө; чыгармаларды жаратууга; балдарды жана ата-энелерди балдарды жазма жана обондуу ырлар менен камсыз кылууга; балдардын жазма жана обондуу ырларынын аудио-, видеодискалары жана жыйнактары аркылуу балдар ырларын даңазалоого багытталган.


«Бөбөк ыры» конкурсу Фонд тарабынан демилгеленди жана уюштурулду, ал эми КР Билим берүү жана илим министрлиги, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, КР Жазуучуларынын улуттук бирлиги, КР Композиторлор бирлиги, КТРКнын балдар редакциясы, «Байчечекей» балдар журналы өнөк болду.


Тандоо турлары республиканын бардык жети областында, Бишкек жана шаарларында жүргүзүлдү, ал эми Гала-концерт А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында өттү.


Гала-концерттин учурунда көрөрмандар ар түрдүү региондордон, шаардык чыгармачылык бирикмелерден жана балдар бакчаларынан келген балдардын аткаруусунда эң көрктүү жана мыкты номерлерди көрдү.


Конкурстун жыйынтыктары боюнча төмөнкүдөй үч: «Мыкты обондуу ыр», «Мыкты жазылган ыр», «Мыкты аткаруучу» номинациясындагы сыйлык ээлери жана Гран-принин жеңүүчүсү аныкталды. Бардыгы болуп балдар ырларынын 100 автору жана композитору, 200дөн ашык аткаруучу катышты.