Бишкек шаарынын мектептеринин окуучу кыздары үчүн «Кыздар. Тынчтык жана коопсуздук» темасына интерактивдүү сессиялар өттү

March 5, 2022, 00:09

Кечээ, 4-мартта, Бишкек шаарынын, Бишкектин жанындагы жаңы конуштардын мектептеринин окуучу кыздары үчүн «Кыздар. Тынчтык жана коопсуздук» темасына интерактивдүү сессиялар өттү.


Интерактивдүү сессиянын ачылышында ОБСЕнин Бишкектеги Программалык офисинин элчисинин орун басары – Расмия Казимова жана балдарды коргоо боюнча адис – Сильви Хилл сөз сүйлөдү.


«Өз укуктарыңды бил» деген биринчи сессиянын учурунда АУЦАнын доценти Сания Токтогозиева кыздарга өз укуктарынын базалык билимдери, атап айтканда, Конституция деген эмне экендиги жана ал кандай укуктарга кепилдик бере тургандыгы жөнүндө айтып берди.


Интерньюстан Исмаил Карыпов экинчи сессиянын учурунда кыздар менен санариптик укуктар, социалдык тармактагы жүрүш-туруштун этикалык ченемдери жана башкалар жөнүндө маектешти.


Жолугушуунун катышуучулары сөз сүйлөп беришин көптөн күткөн видео блогер Эльдана Сатыбалдиева медиа мейкиндиктеги коопсуздук жөнүндө гана эмес, ошондой эле ийгиликке карай өзүнүн жолу жөнүндө айтып берди. Ал эми Гуляим Грини кыздарга аялдар кыймылы жөнүндө айтып берди.


Интерактивдүү бөлүк өзүнө төмөнкүдөй эки бөлүктү камтыды:

- Коллажинг көркөм өнөрү жана Нура Купуева менен постерлерди түзүү

- Исмаил Карыповдон санариптик коопсуздук боюнча конкурс


Интерактивдүү сессиялар ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоорунун алкагында ОБСЕнин Бишкектеги Программалык офисинин колдоосу менен өттү жана Аялдардын эл аралык күнүнө – 8-мартка туш келтирилди.