2013-ЖЫЛ: Биринчи Билим фестивалы

February 20, 2022, 21:00

2013-жылдын майында бишкектиктер жана Кыргызстандын борборунун меймандары көрктүү, демейдегиден башкача жана кыйла көздүн жоосун алган майрамдын күбөлөрү болуп калды. «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду биринчи жолу Бишкекте Билим фестивалын уюштурду, ал «Билим берүү – келечекти камсыз кылуудеген ураан астында өттү.

Бул күндөрү шаардын ортосу балдарга, алардын ата-энелерине жана чыгармачыл жамааттарга берилди. Бардык жерлерде оюн көрсөтүү үчүн подиумдар, импровизацияланган сахналар, оюн аянтчалары курулду.

Фестивалдын аймагы 8 интерактивдүү аянтчага – «класстарга» бөлүндү, аларда эки күн бою таанып-билүү көргөзмөлөрү, мастер-класстар, викториналар, конкурстар жана концерттер өттү. «Бардыгы үчүн билим», «Кесиптик форум», «Китеп текчеси», «Билимбектин лабораториясы», «Жомок дүйнөсү», «Спорттук класс» жана «Концерттик-театралдык класс» жана «Көргөзмө-ярмарка» деген класстарга бүт үй-бүлөсү менен барууга мүмкүн болду.

Курманжан Датканын эстелигинин жанында ар түрдүү бий, музыкалык жана кала берсе цирк ийримдеринен таланттуу балдардын катышуусу менен концерт өттү.

Тарых музейинин жанындагы аллеяда борбор шаардын бардык райондорунун билим берүү борборлорунун өкүлдөрү жайгашты. Ар бир стол бул ийримдерге катышкан окуучулардын өз колу менен жасалган буюмдары, сүрөттөрү, оюнчуктары менен балдардын көңүлүн өзүнө бурду. Алардын арасында жыгач самолетторду, мончоктон жасалган гүлдөрдү, кагаз үйлөрдү, токулган оюнчуктарды, кичинекей ракеталар менен танкаларды жана башка көптөгөн нерселерди көрүүгө мүмкүн болду.

Ар бир ийримдин жанында столдор жана чатырлар турду, алардын алдында балдар өз колу менен бир нерселерди жасап көрө алды. Ийримдердин жетекчилери ышкыбоз балдарга эмнени жана кандай жасоо керектигин жан дили менен көрсөтүп жатты. 

Бул учурда аянтка жигердүү жашоо ыңгайын сүйүүчүлөр чогулду. Велосипедисттер жана скейтерлер экстримди жакшы көргөн балдарга өз өнөрлөрүн көрсөттү. Граффитинин чеберлери көрөрмандарды бир нече түстүү баллондордун жардамы аркылуу дубалдарга шедеврди тартуу жагынан өз жөндөмдөрү менен таң калтырды. Аскага чыгуучулар балдарды жана чоң кишилерди машыктыруучу дубал боюнча өйдө карай чыгып, дене боюн жибитүүгө чакырды.

Билим фестивалында маңызы жана масштабы боюнча уникалдуу болгон акы төлөнүүчү, ошондой эле акысыз билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн көргөзмө-ярмаркасы иштеп турду, ал жерде ар түрдүү балдар жана өспүрүмдөр борборлору, студиялар жана клубдар иш алып барды. Бишкектин бардык кесиптик лицейлери «Чеберлер шаарын» уюштурду. Ошондой эле шаардыктар жана борбор шаардын меймандары балдар үчүн өнүктүрүүчү оюндардын, балдар эмеректеринин жана кийимдеринин соода көргөзмөсүнө барды. Бул жерде балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, пенсионерлер жана мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жасаган буюмдардын кайрымдуулук ярмаркасы өттү. Булар – жумшак оюнчуктар, турмуш-тиричиликтин ар кандай буюмдары, кичинекей айкелдер, чоподон жана жезден жасалган кооздук буюмдары, ошондой эле чакан килемдер, кийизден жасалган төшөлгөлөр жана башкалар.

Фестивалдын көрүнүктүү иш-чараларынын бири «Китеп текчеси» – китептердин көргөзмө-ярмаркасы болду, ага республиканын алдыңкы басмалары катышты, ошондой эле республиканын балдар жазуучулары жана акындары өз чыгармаларын окуп берди, окурмандар жана өзүнүн талантын аздектеген адамдар менен баарлашты.

Ал эми Эмен сейил багынын галереясында «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы өттү, анын алкагында белгилүү инсандар – актерлор, тележурналисттер, саясатчылар, сүрөтчүлөр, ири компаниялардын жетекчилери – балдарга китептерди үн чыгарып окуп берди.

Фестивалдын уюштуруучулары жана катышуучулары сунуш кылган кызыктуу шоу жана өнүктүрүүчү мастер-класстар балдарга да, чоң кишилерге да жакты, ал эми Билим фестивалы балдар менен ата-энелердин кызыкчылыктарын бириктирүүнүн мыкты мүмкүнчүлүгү болуп калды. Ал ар бир балага – өзүнүн көңүлүндөгү ишти табууга, ал эми ата-энелерге алардын балдарын кызыктырган нерселерди билүүгө жардам берди.