COVID-19дун алдын алуу боюнча сынактын жеңүүчүлөрү өз сыйлыктарын алды

November 3, 2021, 23:47

«Кыргызстандын мектеп окуучуларында санитардык-гигиеналык маданияттын жалпы деңгээлин жогорулатуу жана COVID-19 боюнча алдын алуу чаралары» долбоорунун пилоттук мектептери болуп саналган Ош шаарындагы № 48 орто мектеп жана Илим Ош мектеби сыйлыктарды алды.

 

Аралыкка карабастан №48 орто мектеп жана Илим Ош мектеби долбоорго өтө жигердүү катышканын белгилеп кеткибиз келет. Долбоордун алкагындагы бардык иш-чараларга, окутуучу тренингдерге Ош шаарындагы пилоттук мектептер онлайн режимде катышты. Долбоордун бүткүл ишинин жүрүшүндө аралыкка карабастан алар байланышта болду жана конкурска жигердүү катышты.

 

Бардыгы болуп конкурска 30дан ашык конкурстук материал (7 мектеп сценарийи, 15 класстык саат, мектеп окуучуларынын 19 видеролиги) келип түштү.

 

Ош шаарынан 48-мектеп COVID-19дун алдын алуу боюнча маалыматтык жуманын мыкты сценарийи үчүн жеңүүчү болуп калды. Ошондой эле Илим Ош мектебинин мугалимдери жана окуучулары класстык сааттын мыкты сценарийи жана видеороликти түзгөндүгү үчүн сыйлыктарды алды.

 

Конкурс мектеп окуучуларында жеке гигиена жана санитария жагынан туруктуу жөндөмдөрдү каныктыруу максатында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулду. Маалыматтык жуманын алкагында COVID-19дун алдын алуу чаралары боюнча конкурс жарыяланган болчу.


«Кыргызстандын мектеп окуучуларында санитардык-гигиеналык маданияттын жалпы деңгээлин жогорулатуу жана COVID-19 боюнча алдын алуу чаралары» долбоору ЮНЕСКОнун (Париж) Катышуу программасынын колдоосу менен, КРнын ЮНЕСКОнун иштери боюнча улуттук комиссиясы жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен өнөктөштүктө «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жатат.