«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду чыгарган эки китеп Эл аралык «Китеп искусствосу» сынагында жеңүүчү болду

October 27, 2021, 09:24

"Кыз китеп" басылмасы “Китеп искусствосу” эл аралык сынакта “Балдар жана өспүрүмдөр үчүн китеп” номинациясында  I даражадагы Диплом менен сыйланды. Ошондой эле “Маданияттардын диалогу” номинациясында  III даражадагы Диплом менен "Роза Отунбаеванын демилгеси" коомдук фонду которуп,басып чыгарган "Ой учкундары" китеби сыйланды.


Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи китепканада КМШ өлкөлөр арасындагы эл аралык “Китеп искусствосу” сынагынын жыйынтыгы менен 2021-жылдын 27-октябрында А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада өттү. I даражадагы жана III даражадагы Дипломдор “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун китеп чыгаруу боюнча координатору Кенжекан Усуповнага тапшырылды.


Маалымат: “Искусство книги государств-участников СНГ” 2004-жылдан бери өтүп келет. Сынактын максаты-Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинде китеп чыгаруу маданиятын, китеп искусствосунун өнүгүү тармагындагы эң мыкты аракеттерди колдоо болуп саналат. “Искусство книги” сынагын Полиграфия, китеп таркатуу, китеп чыгаруу тармагындагы кызматташтук боюнча мамлекеттер аралык кеңеш уюштурат. Калыстар тобуна Армения, Беларусия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикистандан адистер кирген.