COVID 19 боюнча маалымат жумалыгынын жыйынтыгы менен сынак материалдары чогултулуп баалоо жүрүп жатат

October 20, 2021, 06:52

COVID 19 боюнча маалыматтык жуманын жыйынтыктары боюнча бардык конкурстук иштер чогултулду жана азыркы учурда материалдарды баалоо жүрүп жатат.


«Кыргызстандын мектеп окуучуларында COVID-19 жана санитардык-гигиеналык маданияттын жалпы деңгээлин жогорулатуу боюнча алдын алуу чаралары» долбоорун ЮНЕСКОнун (Париж) Катышуу Программасынын колдоосу менен жана КРнын ЮНЕСКОнун иштери боюнча улуттук комиссиясы жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен өнөктөштүктө «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду ишке ашырып жатат.


Мектеп окуучуларында жеке гигиена жана санитария жагынан туруктуу адаттарды каныктыруу максатында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду төмөнкүдөй номинациялар боюнча Конкурс жарыялаган:

1. Класстык сааттын мыкты сценарийи – мугалимдер арасында.

2. Маалыматтык жуманын мыкты сценарийи – пилоттук мектептердин арасында.

3. Мыкты видеоролик – окуучулар арасында.


Бардыгы болуп 30дан ашык конкурстук материал (7 мектеп сценарийи, 15 класстык саат,19 окуучулар видеролиги) келип түштү. КРнын ЮНЕСКОнун иштери боюнча улуттук комиссиясынын, ошондой эле КР Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын өкүлдөрү кирген калыстар тобу конкурстук иштердин ичинен мыкты материалдарды тандайт.


Конкурс долбоордун пилоттук мектептеринин арасындагы Маалыматтык жуманын алкагында өткөрүлдү. Маалыматтык жуманын негизги максаты Кыргызстандын мектеп окуучуларында гигиена жагынан маданияттын жалпы деңгээлин жогорулатуу болду. Маалыматтык жума 2021-жылдын 16-сентябрынан тартып 24-сентябрына чейин жарыяланып жана пилоттук мектептерде өткөрүлдү. Пилоттук мектептердин көпчүлүгүнүн суроо-талабына жана окуу жылынын башталышы 15-сентябрга которулганына байланыштуу Маалыматтык жуманы өткөрүү үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына чейин узартылды. Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын 8 пилоттук мектебинде мектеп окуучуларында жеке гигиена жана санитария жагынан пайдалуу жөндөмдөрдү жана адаттарды маалымдоо жана каныктыруу үчүн ачык сабактар, ата-энелер жыйналыштары жана башка иш-чаралар бир жума бою өткөрүлдү.


Долбоор аягына жакындап калды, жакынкы мезгилде электрондук-билим берүү платформасы расмий түрдө ишке киргизилет. Сайт тест режиминде киргизилген жана азыркы учурда материалдар менен толукталып жатат.


Окутуучулардын көпчүлүгүндө долбоордун иштеп чыгууларына жеткиликтүүлүк болушу үчүн колдонулган бардык материалдар, методикалар жана конкурстук иштер кыргыз тилине которуу менен электрондук-билим берүү платформасында жарыяланат.