Тең укуктар – жалпы келечек үчүн. Кыздардын эл аралык күнү – «Кутмандуу күндүн башталышы» программасынын эфири

October 11, 2021, 05:53

«Кутмандуу күндүн башталышы» программасынын эфири: Тең укуктар – жалпы келечек үчүн. Кыздардын эл аралык күнү. Алып баруучу Аяна Таирова.


2011-жылдын 19-декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы 66/170 резолюциясын кабыл алып, 11-октябрды Кыздардын эл аралык күнү деп жарыялаган жана алардын укуктарын тааныган. 2021-жылдын 10-октябрында саат 10.00дөн 16.00гө чейин Нарын шаарынын «Хан-Тенгри» мейманканасында ЮНИСЕФтин (БУУнун Балдар фондунун) колдоосу менен Нарын областынын 9–11-класстарынын окуучу кыздары үчүн кесиптердин ушул күнгө туш келтирилген «Ооба, Кыйынмын!» ярмаркасы өтөт.

 

Эфирдин мейманы ЮНИСЕФтин коммуникациялар боюнча адиси Мавлюда Жапарова Кыргызстандын бүтүрүүчүлөрү үчүн бош орундардын ярмаркасы, жергиликтүү жана чет өлкөлүк ЖОЖдорго тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берет. Ошондой эле биз өлкөбүздөгү кыздар кандай негизги көйгөйлөргө жана оорчулуктарга кабылып жатканын, алардын чечүүнүн методдорун жана жолдорун билебиз. Косметиканы өндүрүү, кремдерди жана бетке сүйкөлүүчү каражаттарды иштеп чыгуу боюнча долбоордун катышуучусу Карима Джекшенова кесипти тандоо жөнүндө биринчи жолу кайсы куракта ойлонгону, долбоорго кантип келип калганы жана өзүнүн 15 жаш курагында кандай ийгиликтерге жетишкени жөнүндө айтып берет.

 

Булак: Sputnik Кыргызстан радиосу