Москвада «Миграциянын айымдар тарабы. Тобокелдиктери жок эмгек миграциясы» эл аралык конференциясы өтөт

September 30, 2021, 09:13

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын долбоорунун координатору Чынара Абдыраимкулова 2021-жылдын 1-октябрында Москва шаарында өтө турган «Миграциянын аялдар тарабы. Тобокелдиктери жок эмгек миграциясы» эл аралык конференциясына катышат.

 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гульнара-Клара Самат, КРнын жана РФнын мамлекеттик органдарынын, коомдук фонддордун, уюмдардын өкүлдөрү жана миграция боюнча эксперттер катышат. «Инсан-Лейлек» коомдук фондунун жетекчиси Гульнара Дербишева (Кыргызстан) конференциянын модератору болмокчу.

 

Конференциянын алкагында пандемия мезгилинде Россиядагы мигрант айымдардын жалпы жагдайы жана көйгөйлөрү, мигрант айымдардын эмгектик укуктарын коргоо үчүн Мигранттардын кесиптик бирлигинин иши, эмгек мигранттарынын өмүрүн камсыздандыруу жөнүндө мыйзам, Россия Федерациясындагы аялдар миграциясы менен байланышкан башка маселелер каралат.

 

Иш-чара Россия Федерациясынын Коомдук палатасынын жана Этностор аралык журналистика гильдиясынын колдоосу менен «Орус-кыргыз өз ара мамилелерин өнүктүрүүгө көмөктөшүүнүн «Мекеним Ала-Тоо» борбору» региондук коомдук уюму уюштурду.