Кыргызстандагы өнүктүрүү процесстерине эмгек мигранттарынын потенциалын тартуу

September 30, 2021, 09:10

29-сентябрда «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Кыргызстандагы өнүктүрүү процесстерине эмгек мигранттарынын потенциалын тартуу» деген тегерек столго катышты. Иш-чаранын алкагында миграциянын жана өлкөнүн өнүгүшүнүн ортосундагы байланыштар жөнүндө биргелешкен талкуулоо, маалымдар болууну арттыруу үчүн, ошондой эле учурдагы көйгөйлөрдү жана Өкмөттүн учурдагы артыкчылыктарын эске алуу менен Кыргызстандагы келечектеги ыктымалдуу иш-чаралар жөнүндө пикир алышуу үчүн платформа сунуш кылынды.

 

Тегерек столдо ошондой эле ЭЭУнун (Эл аралык эмгек уюму) жана ПРООНдун (Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы) колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү иштеп чыккан 2020-2030-жылдарга мамлекеттик миграциялык саясаттын жаңы Концепциясы сунуш кылынды.

 

КР ТИМдин тышкы миграция департаментинин директору Таштанбек Каймазаров белгилегендей, «Кыргызстандын Өкмөтү миграциялык процесстерди башкаруу боюнча узак мөөнөттүү өңүт болуп саналган 2021-2030-жылдарга мамлекеттик миграциялык саясаттын Концепциясын жактырды. Анда миграциянын көйгөйлөрүн чечүү жана аны Кыргызстанды өнүктүрүүнүн урматына багыттоо боюнча өлкөнүн негизги артыкчылыктары бекитилди. Стратегиялык документте анын ичинде кайтып келген мигранттарды, айрыкча аялдарды жана балдарды, ошондой эле терс миграциялык тажрыйбасы бар адамдарды кайра кайтарууну жана кайра интеграциялоону камсыз кылуу үчүн жардамдын атайын программасын түзүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди».

 

Тегерек столдун алкагында ПРООНдун Кыргызстандагы өкүлү Оксана Мачука кайтып жаткан мигранттарга жергиликтүү бийликтердин мамилесинин баасынын жана аларга жардам көрсөтүүгө бийликтердин даярдыгынын презентациясын сунуш кылды. Ошондой эле ЭЭУнун Кыргызстандагы офисинин башчысы Бермет Молдобаева чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын, мекендештердин жана мигранттардын диаспорасын картирлөө боюнча изилдөөлөрдүн натыйжаларын презентациялады.

 

Иш-чараны ЭЭУ менен бирдикте ПРООН уюштурду, ага мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес сектордун өкүлдөрү, донорлор жана Кыргызстандын академиялык коомдоштугу катышты.