«Санарип 50+» долбоорунан 50 көчмө тренинг

September 24, 2021, 08:21

«Санарип 50+» долбоору Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында 20дан ашык көчмө тренингдерди өткөрдү. 2021-жылдын июнунан тартып сентябрына чейин долбоор 570 адамды камтыды.

 

Тренингдерге мектептердин мугалимдери, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячылары, мамлекеттик кызматчылар жана маданий бирликтердин жана уюмдардын мүчөлөрү катышты.

 

Тренингдин программасы өзүнө төмөнкүдөй темаларды камтыды:

•  Медиа-маалыматтык сабаттуулуктун негиздери;

•  Google программалары жана тиркемелери (онлайн-тесттерди, презентацияларды жана документтерди түзгөндү билүү);

•  Күндөлүк турмушта социалдык тармактарды пайдалануу;

•  Финансылык сабаттуулуктун негиздери жана күндөлүк финансылык көйгөйлөрдү чечүү үчүн «Элсом» электрондук капчыгын пайдалануу.