Жыйынтыктоочу конференция болуп өттү

June 30, 2021, 21:49

Жакында Ош шаарында  «Коомдун тынчтыкта жана инклюзивдүү өнүгүүсү үчүн миграцияга кабылган аялдардын жана кыздардын укуктарын кеңейтүү» долбоорун жыйынтыктаган конференция болуп өттү.


Иш чарага  аталган долбоордун  бенефициарлары болгон өлкөбуздөгү  пилоттук   алты айыл өкмөттүн  жетекчилери,  долбоордун жергиликтүү координатор-мобилизаторлору,ӨЖТ активисттери, жергиликтүү кенештердге депутат аялдар катышышты.  Конференциянын жүрүшундө катышуучулар  аталган долбоордун коюлган максатын талкууга алып, долбоорго чейинки өздөрүнүн абалын, көз карашын айтып, долбоордон кийин кандай позитивдүү өзгөрүүлөргө дуушар болгонун ортого салышты.  Долбоор алкагындагы тренингдер, окутуулар, аутрич иш чаралар, коммуникациялык маалыматтык каражаттар  аларга жана алардын үй-бүлөсүнун аң сезиминин, көз караштарынын өзгөрүүсүнө кандай таасир эткенин,  ишмердигинде  кандай ийгиликке алып келгенин өз мисалында  айтып беришти.


БУУ-Аялдар Түзүмүнүн  Кыргызстандагы өкүлү   Улзийсурен Жамсран өзүнүн онлайн куттуктоосунда    долбоор алкагындагы ишмердик  аялдардын  сезилерлик өзгөрүүсүнө алып келгенине токтолуп, бул багыттагы ишмердик эми гана башталганын, дагы  уланаарын  белгиледи. 


Ал эми Кадамажай районундагы Орозбеков атындагы айыл өкмөттүн тургуну, өз ара жардам берүү тобунун активисти Аида Нурбаева долбоор алкагындагы ишке ашырылган бардык окутууларга, ГАЛС окууларына, тренингдерге катышып, өзүнө өзү ишеним пайда болгонуна,  коомдогу аялдын ордуна карата  үй-бүлөсүндө да күйөөсүнүн, кайын энесинин көз караштары өзгөрүп, анын активдүү ишмердигине колдоо көрсөтүп калышканын айтып берди . Катышуучулар топторго бөлүнүп,  жакшы жыйынтыктар кантип келгенин, дагы да жакшы ийгиликтерге кантип жетсе болоорун чогуу талкуулап, өз ойлорун бөлүшүштү.  Ошондой эле долбоордун журушүнөн кандай маанилүу  сабактарды  алышканын  аныкташты. 


Ал эми, Талас облусунун Кара-Буура айыл өкмөтүнүн долбоор боюнча координатор-мобилизатору Толебаева Загида аталган долбоор алкагында иштелип чыгып,  айыл өкмөтүнүн 2023-жылга чейинки   социалдык-экономикалык өнүктүрүү  планына киргизүу үчүн берилген сунуштар  каржы булактары аныкталган, мөөнөтү, жолдору такталган «тирүү» план болгону менен айырмаланат жана  алар толук  ишке ашат деген  ишеничин айтты. 


Иш чаранын жүрүшүндө  долбоордун бенефициарлары  донорлорго жана  өнөктөш аткаруучу уюмдарга өздөрүнун терең ыраазылыгын билдиришти. 


Эскерте кетсек, «Коомдун тынчтыкта жана инклюзивдүү өнүгүүсү үчүн миграцияга кабылган аялдардын жана кыздардын укуктарын кеңейтүү» долбоору БУУнун Тынчтыкты куруу фонду тарабынан каржыланып,  БУУ-аялдар Түзүмү, Эл аралык Эмгек уюму(МОТ), Эл аралык Миграция уюму (МОМ), «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду, CDA, АТИК уюмдары менен  өнөктөштүктө жузөгө ашырылды.