Орозбеков айылында "Тынчтык фестивалы" өттү"

April 26, 2021, 01:29

"Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду ишке ашырып келген "Мигрант аял-өнүгүү түркүгү" долбоорунун алкагында 2021-жылдын 23-апрелинде Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айылында “Тынчтык фестивалы” болуп өттү. Иш-чарага “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун өкүлү Чынара Абдраимакунова,  Кадамжай районунун акиминин орун басары Асанова Мейилкан, аялдардын демилгелүү тобунун өкүлү Мария Орозалиева, Орозбеков айыл өкмөтүнүн активисттери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, жаштар комитетинин мүчөлөрү, мектеп окуучулары жана пилоттук айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү катышышты.

 

Иш-чаранын максаты -жергиликтүү деңгээлде тынчтыкты куруу маселелерин күчөтүү, ошондой эле коомдоштуктун мүчөлөрүнүн арасында биримдикти чыңдоо, миграцияга кабылган аялдардын жана кыздардын ролун таануу.

 

Тынчтык фестивалында мурунку мигрант айымдардын кол өнөрчүлүгүнүн көргөзмөсү уюштурулду.  Тынчтыкты куруу жана жаңжалдардын алдын алуу темасына балдарды тартуу жана балдар арасында тынчтыкты куруу темасын түшүнүүнү жакшыртуу максатында мектеп окуучуларынын “Тынчтык куруу” темасына даярдаган презентациялары көрсөтүлдү.

 

Ошондой эле 4 мектептин окуучулары үчүн  Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун Ош шаарындагы бөлүмүнүн төрагасы Кубанычбек Мамараимов сүрөт тартуу боюнча мастер-класс өттү. Мастер-класстын катышуучулары "Тынчтыкты курууда кыздардын жана аялдардын катышуусу" деген темада сынакка катышышты. Жеңүүчүлөр "Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду тарабынан чыгарылган китептер менен сыйланышты. 4 мектептин окуучулары үчүн 4 даанадан жалпы 16 мольберт белекке берилди.

 

Иш-чаранын алкагында мигрант аялдардын фондун түзүү боюнча позитивдүү тажрыйбаны презентациялоо болуп өттү. Ал эми мурунку мигрант Бообекова Жылдыз биогумус өстүрүү боюнча тажрыйбасы менен тааныштырды. Иш-чаранын алкагында мигранттардын балдары үчүн бала бакча ачуу тажрыйбасы тууралуу баяндалды.

 

“Тынчтык фестивалынын” алкагында өткөн иш-чаралар жергиликтүү калктын тынчтыкты курууда кандай тажрыйбалар бар экени тууралуу маалымат алуусуна шарт түзүлдү. Ошондой эле бул иш-чара коомдоштуктун алдында турган көйгөйлөрдү чечүү үчүн өз алдынча уюштуруунун ыкмалары жөнүндө калктын маалымдар болушун арттырууга багытталган.  

 

"Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон кыздардын жана алдардын укуктарын жана мүмкунчүлүктөрүн кеңейтүү" долбоору БУУ Тынчтыкты куруу фонду тарабынан каржыланып, БУУ Аялдар түзүмү, Эл аралык миграция уюму, Эл аралык эмгек уюму менен биргеликте ишке ашырылып келүүдө.