Өлкөнүн экологиясын жакшыртуу максатында 1 000ден ашык көчөт отургузулду

April 6, 2021, 09:41

2021-жылдын 6-апрелинде «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк, Өнүктүрүү боюнча Ага Хан уюму жана «Кумтор Оперейтинг Компани» менен бирдикте Бишкек шаарынын ортосундагы жаңы №11 балдар бакчасында бактардын жана бадалдардын көчөттөрүн отургузду.


 

Мектептерде жана балдар бакчаларында микроклиматты колдоо максатында «Жашылдандыруу фонду» жыл сайын миңден ашык жаңы көчөттөрдү отургузат. Бак-дарактар кислород бөлүп чыгарат жана абанын температурасын жөнгө салат, абаны уулуу заттардан тазалайт жана борбор шаардын жагымдуу микроклиматын камсыз кылат.


 

Саламдашуу сөзүндө КР экс-Президенти Роза Отунбаева «Жашылдандыруу фонду» 6-7 жылдан бери борбор шаардын билим берүүчү мекемелерин жашылдандыруу жагынан иш жүргүзүп жатканын белгиледи: «Жашылдандырууга муктаждык өтө жогору. Жаңы мектептер ачылганда имаратты гана тапшырат, ал эми эски мектептерде бак-дарактары өтө карып калган жана бактарды жаңыртуу жагынан иш жүзүндө эч ким иш жүргүзбөйт. Бул долбоор, менин көз карашым боюнча, абдан ийгиликтүү жана үзүрлүү». Роза Исаковна ошондой эле «Роза Отунбаеванын демилгеси» Фонду балдарды экологиялык тарбиялоого жана эрте өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи: «Ушул бактар менен бирге биздин балдарыбыз да өсөт, тарбиячылар адамдын жашоосунда өсүмдүктөрдүн маанилүүлүгү жөнүндө айтып бере алат. Азыр бүткүл планетага аба жетишпей жатат, бардыгыбызга бак-дарактар керек, бардыгыбызга аба керек жана бул долбоордун келечеги зор деп ишенем».


 

Green Foundation долбоорунун алкагында бак-дарактарды алгачкы отургузуу 2012-жылы өткөрүлгөн жана бүгүнкү күнгө карата биз биргелешкен күч-аракеттерибиз менен 14 миңден ашык көчөттү отургуздук, деп белгиледи «KICB» ЖАКнын Башкармалыгынын Төрагасы Бектур Алиев: «Долбоор Республикада курчап турган чөйрөнү коргоого жана жашоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө чакырылган. Бак-дарактарды отургузуу боюнча биздин демилгебиз мектепке чейинки жана мектеп мекемелеринде өтүп жатат жана бул бекеринен эмес. Жашыл көчөттөрдү отургузуу аркылуу биз өсүп келаткан муунга бала чактан тартып экологиялык баалуулуктарды, жаратылышка аяр мамилени каныктырабыз. Долбоордун алкагында отургузулган миңдеген бактар жана бадалдар өсүп жатат жана шаарга, анын тургундарына жана биринчи кезекте балдарыбызга таза абаны берип жатат».


 

«Жашылдандыруу фонду» долбоорунун максаты – Кыргызстанды алда канча жашыл жана экологиялык жактан таза кылуу, жаратылышка аяр мамиле кылууга коомчулукту тартуу жана келечектеги муундарга жашыл шаарды калтыруу.


Жашылдандырууга негизги гранттан тышкары, KICB ошондой эле компьютердик жабдууларды берүү менен балдар бакчасына белек кылды.