“Мигрант аял – өнүгүү түркүгү” долбоорунун алкагында пилоттук айыл өкмөттөрүнүн жашоочулары үчүн онлайн мастер-класстар аяктады

March 19, 2021, 06:29

Ош облусунун Ноокат районундагы Төөлөс, Бел айыл өкмөттөрүнүн, Жалал-Абад облусунүн Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн,Баткен облусунун Кадам-Жай районундагы Орозбеков, Ак-Турпак айыл өкмөттөрүнүн жана Талас облусунун Кара-Буура районундагы Кара-Буура айыл өкмөтү жана Кызыл-Адыр айылынын жашоочулары үчүн онлайн 15 мастер-класс болуп өттү.

 

2021-жылдын январь, февраль айларында “Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга кабылган кыздардын жана аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоорунун пилоттук айылдарындагы активисттерге, мектептердин жогорку класстарынын окуучуларына IT кесибинин учурдагы мааниси, каржылык сабаттуулук, репродуктивдүү ден-соолукту сактоо, коопсуз миграция, бизнести ачуу жана өнүктүрүү, критикалык- стратегиялык ой жүгүртүү, ата-эне менен баланын ортосундагы мамиле, үй бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын-алуу, ынтымакты, тынчтыкты бекемдөө жана БУУ Коопсуздук Кеңешинин 1325 Резолюциясы жөнүндөгү, ж.б. темаларды камтыган мастер-класстар, лекциялар жана вебинарлар өткөрүлдү.

 

Мастер-класстардын темалары пилоттук айыл өкмөттөрдөгү активисттерин сунуш-пикирлерин эске алуу менен аныкталган жана спикер катары Алгач, Германиядагы ири IT компаниясында иштеген мекендешибиз экономист-программист Акбекова Айзада   “Айылдан ааламга IT менен!” темасында семинардын катышуучуларына келечек кесиптеринин артыкчылыктары тууралуу кызыктуу вебинар менен агартуучулук онлайн иш-чараларды ачып берди. Экономика жана финансы боюнча эксперт Нурзат Жээмбаева “Финансылык сабаттуулук” темасында вебинар өттү. Билим берүү борборунун негиздөөчүсү Саида Умарова “Нөлдөн башталган бизнес” темасында мастер-класс өтүп, угармандарды жана көрармандарды өз ишин ачууга шыктандырды. Бизнес ачуу темасында ишкер айым Эльнура Апитова да, “Бизенсти баштоо” темасында вебинар өтүп, өз тажрыйбасы менен бөлүштү. Жеке медициналык клиниканын жетекчиси, Екатеринбургдагы Кыргыз-орус диаспорасынын жетекчиси Гүлшан Долонбаева “Адамдын репродуктивдүү ден-соолугу” темасында вебинарда  кыздардын өспүрүм кезиндеги өткөөл курактагы физикалык өзгөрүүлөрү тууралуу кенен маалымат берип, катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Бул вебинардын өзгөчөлүгү-энелердин кыздары менен чогуу бирге катышып, өздөрүн жекече кызыктырган суроолорго да жооп ала алышты.


Ошондой эле, Америка Кошмо Штаттарынан Middlebury институтунун профессору, илимдин доктору, белгилүү эл аралык эксперт Махабат Баймырзаева “Критикалык ой жүгүртүү” темасында, ал эми Швейцариядагы мекендешибиз Бактыгүл Каримова “Бала жана ата-эне ортосундагы диалог түзүү үчүн хоббинин мааниси” аталышында мастер-класстарды өтүштү. Бул диалогдор интерактивдүү ыкма менен өткөрүлүп, ата-энелердин, балдардын позитивдүү ой жүгүртүүсүнүн маанилүүлүгү, баланы кенже курактан баштап үй бүлөдө гармонияда өнүктүрүүнүн кээ бир аспектилери жөнүндө кеңири маалымат алышты. Белгилей кетсек, Бактыгүл Каримова өзүнүн туулуп өскөн долбоордун пилоттук айылынын бири болгон Бел айыл өкмөтүндө “Шыктан” жаштар борборун ачып, жаштардын активдүүлүгүн жогорулатууга жана айылда ыктыярчылардын ыймылын жайылтууга чыйыр салган.


Жергиликтүү кеңештин депутаты, белгилүү тренер Ормонова Авазкан “Тынчтыкты куруу жана БУУнун 1325 резолюциясы” жөнүндө мастер-класстардын катышуучуларына маалымат берди. Финансы жаатындагы жаш эксперт Жылдыз Мокешова “Финансылык сабаттуулук” темасында зарыл маалыматтарды айтып берди. Ошондой эле Аялдардын тынчтыкты куруу тармагынын мүчөсү Мавлюда Тынаева “Тынчтыкты куруу”, чыр-чатактарды алдын-алуу темасында вебинар өттү.


Ал эми КР Саламаттык сактоо минитсрлигинин стратегиялык башкаруу жана программаларды жүзөгө ашыруу бөлүмүнүн башчысы Зуура Долонбаева “Ден соолук жана ооруларды алдын алуу” темасында сабак өтүп, катышуучулардын практикалык суроолоруна жооп берди. Медицина илимдеринин  кандидаты, Германиядагы Тюбинген университетинин кызматкери, медиа антрополог Гүлзат Баялиева азыркы учурдагы  актуалдуу тема  болгон “Медиа сабаттуулук жана фейктерди талдоо” тууралуу маалымат берди.


“Уч жаштан кийин кеч” китебинин котормочусу, Soft skills  адис Асылбек Жоодонбеков “Өзүн өзү таануу жана кесип тандоо” темасында окуучулар үчүн пайдалуу вебинарды он лайн жана 6 айыл өкмөттөрүндө ушундай эле лекцияларды оффлайн өттү. Бул жолугушуулардын өзгөчөлүгү-ата-энелер да, балдар да ачык-айкын, бири-биринен жашырбастан, суроолорду берип, кеңири жооп ала алышкандыгы болду.


Ал эми азыркы мигрант, Москва шаарындагы мигранттардын укугун короо жана кыймылсыз мүлк боюнча адис, юрист Гулиза Ахматсияева “Коопсуз миграция” темасында вебинар өттү.

 

Мастер-класстардын жүрүшүндө катышуучулар спикерлердин ийгиликке жетүүсү тууралуу эле эмес, алардын коомчулуктун өнүгүүсүнө кошуп жаткан салымы тууралуу да маалымат алышты.

 

Уюштурулган  мастер-класстар кыздардын жана аялдардын коомчулукту өнүктүрүүгө, тынчтыкты сактоого кошкон салымы, гендерлик теңчилик тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга шарт түздү. Мындай корутундуну мастер-класстардын жүрүшүндө катышуучулардын берген суроо\пикирлери, сурамжылоолорго берген жоопторунун жыйынытыгында чыгарылды. Маселен, Ноокат районунун Төөлөс айлынын жашоочусу Жумабек кызы Эсмиралда “Репродуктивдүү ден соолук” темасындагы мастер-класс өзгөчө зарыл болгонун белгилеген: «Биз жаштар энелерибиз менен бул тема жөнүндө сүйлөшүүөн уялабыз да, ошого биз жаштар үчүн эң жакшы маалымат ала алдык, суроолорубузга жооп алдык. Ушундай мастер-класстардын болгону жакшы экен. Мисалы менин апам кичинемде Москвага кеткен, биз сырдашып суйлөшпөйбүз деле. Чон энемдим колунда чоңойдум. Гулшан эже сизге ыраазычылык билдирем. Долбоор аркылуу биз жаштар да көп маалымат алдык» деген ой менен бөлүштү. Ал эми Баткен облусунан Кадамжай районунан Ак-Турпак айылынан Эргешова Нуркан мындай маалыматтарды калктын калың катмары укса деген ниетин билдирген. «Мындай маалыматтарды карапайым элдердин баары угуусун каалайт элем. Азыркы кезде көптөгөн ата-энелер чет элде жүрүшөт. Алардын балдары, кийими бүтүн, курсагы ток болсо да, ата-ане мээримине , тарбиясына муктаж. Ошон үчүн биздин мемлекетте көптөгөн завод, фабрика, ишканалар көп болушун каалайт элем». Алгач лекциялар пилоттук айыл өкмөттөрү үчүн уюштурулган, бирок кызыгуулар күч болуп башка айылдардын жашоочулары, жайлоо өнүгүү борборлорунун активисттери да дайым катышуучулар болушту.

 

1 саат 30 минутага пландалган  мастер-класстар катышуучуларга абдан кызык болгондуктан, көпчүлүк учурда белгиленген убакыттан узак убакытка 3,5 саатка чейин созулуп жатты. Катышуучулар өз суроолорун берип, мындай маалыматтар алыскы аймактар үчун абдан маанилүү жана актуалдуу экенин белгилеп жатышты.

 

Баардык мастер-класстар долбоордун @mygrantaymdar фейсбук баракчасында чагылдырылды. Жалпысынан маалыматтык-агартуучулук иш-чараларга 1170 адам катышты.

  

Долбоор БУУнун тынчтыкты куруу фонду тарабынан каржыланып, Эл аралык миграция уюму, БУУнун Аялдар түзүмү, Эл аралык Эмгек уюму жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жатат.