Аялдарды азапка салган миграция

February 1, 2021, 11:56

“Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду миграцияга кабылган кыз-келиндердин позитивдүү ролун жана жамааттарды өнүктүрүүгө жана тынчтыкты жаратууга салымын мыкты чагылдыруу максатында  журналисттер арасында  жарыялаган жалпы республикалык Сынакка катышкан Алыбаева Гульнара материалы.


Сынак БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун каржылык колдоосу менен  Миграция боюнча эл аралык уюм, БУУ-Аялдар түзүмү жана Эл аралык эмгек уюму  менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Коомдун инклюзивдик жана тынч өнүгүшү үчүн миграцияга кабылган кыз-келиндердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында өткөрүлдү. 




Эмгек мигранты болгон аялдардын саны жыл сайын өсүп жатат. Кыргызстандан барган мигранттардын дээрлик 40%ын аялдар түзөт. Бул процесске  көбүнчө 20дан 60 жашка чейинки кыз-келиндер тартылууда. Миграция аялдарга үй-бүлөлүк шартын оңдоо үчүн каражат болгону менен, алардын укуктары, ден соолук коопсуздугу тобокелчиликке кирептер болгон абалда. Биздин каарманыбыз Жылдыз (белгилүү себептер менен аты өзгөртүлдү) балдарына жардам берем деген ниетте ириде Түркия мамлекетине, андан соң Орусияга барып иштеп, ден соолугунан жабыркап, кайра Бишкекке кайтып келген. Тапканынан да, карызга батканы көп болду.

АЯЛДАРДЫ АЗАПКА САЛГАН МИГРАЦИЯ

Түркияга пул табам деп барып, кул болгон

Биздин каарманыбыз көп жылдары укук коргоо органында иштеп, эс алууга чыккан. “Элүү жашта, эл жаңы” демекчи, бул куракта ал үйдө отура албай, балдарына жөлөк-таяк болоюн, аларды бутуна тургузайын деген ниети менен эл сыяктуу эле Түркия мамлекетине барып, иштеп келүүнү чечет. Тааныштары Түркияда жумушка орноштуруу үчүн Бишкек шаарындагы бир фирманы сунушташат. Фирмада иштеген энеси менен кызы каарманыбызды кучак жайып тосуп алып, бардык жолдорун түшүндүрүп берет. Фирманын кызмат акысын (услуга) жеринде барып, ишке орношкондон кийин биринчи айлыгынан берээрин айтышат. Бирок самолетко билет алуу үчүн акчасын төлөп кетүүнү суранышат. Ошентип Жылдыз 24000 сом билетке төлөйт.

Түркияга кетем деп белсенип алган Жылдыз бир жагынан сүйүнсө, бир жагынан кооптонгон. Эч бир таанышы жок, же тил билбейт,  көздү жуумп алып баратканына өзү да кыжырданат.

Ж.: “Бир жагынан,  акча таап, ой-максаттарымды ишке ашырам деп сүйүнсөм, экинчи жагынан — белгисиздик жана кандай иш мени күтүп турганы аябай эле мени кооптонтту. Манас аэропортунан Стамбул шаарына учтум. Стамбулдан кайра Анкарага уччу самолетко отурдум. Аэропорттон фирманын кишилери тосуп алышты. Офисте кыргыз кыздар иштешет экен. Алар да канча жыл мурда мага окшоп иш издеп барып, ошол жерде отурукташып калышыптыр. Түрк жигитке турмушка чыгып, фирма ачып алып, иштеп жаткан үй-бүлө экен. Мени менен келишим түзүп башташты. Тилекке каршы, келишим бир тараптуу экен”.

Жылдыз кантсе дагы укук коргоо органында иштегендик кылып, келишимге кол койбой коет. Себеби фирма келген жумушчулардын коопсуздугуна кепилдик бербептир.

Ж.: “Эмне үчүн биздин кызыкчылыгыбыз бул келишимде айтылган эмес? Эмне үчүн биздин жарандарды коргобойсуңар? — деп үнүмдү катуу чыгарып, ачууландым. Ал кыздар эмне дээрин билбей калышты. “Мейли, кол койбой эле коюңуз”, — дешти.

Офистин жанында жумушка жаңы келгендер жана кеткендер үчүн убактылуу жатакана бар экен. Жатаканадагы мен курактуу карапайым аял айылда жумуш жоктугунан күйөөсүн, балдарын таштап, кандай жумуш болсо дагы баарына кайыл болуп, иштегени келгенин айтты. Дагы бир жаш келин күйөөсү ичип, сабап, кайненесинен кордук көрүп, бир балалуу болгондо ажырашып кеткенин, баласын сагынганын айтып, ыйлады. Көрсө, баласын ата-энесине таштап, ай сайын акча салат экен. Эртеси мени, дагы бир аялды директордун кабинетине чакырганынан барсак, бир түрк үй-бүлө отуруптур. Бир сыйра экөөбүзгө суроо берип, мени тандап, чемоданымды машинасына салып, үйүнө алып кетишти. Өзүлөрү кичипейил, жаш жубайлар экен. Айына 450 доллар төлөп бермей болушту”.

Ошентип каарманыбыздын түрк үй-бүлөсүндө жашоосу башталат. Анын милдетине он айлык кызды багуу, андан сырткары үйдө эмне жумуш болсо, баарын аткарыш керек экен. Үй ээлери жакшы болгону менен, кийинки күнү кожейкенин энеси менен атасы келген күндөн баштап каарманыбыздын башына караңгы түн түшөт. Бир тазалап кеткен жерди он жолу жышытып, жанын койбой, бир мүнөт да отургузбай коет. Көрсө, энесинин пикиринде, акча төлөп аткандан кийин, малай бир мүнөт да отурбай, кыймылдап, иштеп туруш керек экен.

Алыс жакка көп чыкпаган каарманыбыз, кожейкенин энесинин үстөмдүгүнөн, психологиялык зомбулугунан тажайт. Анан калса балдарын, неберелерин сагынып, куса болот. Көзүнөн Кыргызстандын таза абасы, жери, суусу, ак мөңгүлүү тоосу учат. Кулчулукка көнбөгөн Жылдыз кайрадан Кыргызстанга кайтууну чечет.

Мыйзамды, өзүнүн укугун жакшы билгендиктен, келишимге кол койбогондугу абийир болуптур. Анткени фирмага телефон чалып, жагдайды түшүндүрсө эле, жумуш берүүчүлөр кожоюндар менен сүйлөшүп, башка жумушчу кыз берээрин убада кылышат. Ошондо түрк үй-бүлөсүндө каарманыбыз болгону 13 күн эле иштеген.

Ж.: “Мени, кадимкидей эле кулдай иштетишти. Бирок кетем дегенде, иштеген күндөрүмдү төлөп беришти. Акча таппай эле, кайра карызга баттым. Анткени алган акчам билетке да жеткен жок. Фирма мени келгенде тосуп алган үчүн 80 доллар кармап калышты. Жумуш таап берген үчүн 500 доллар бермекмин. Аны баягы кыздар даап сурай алышкан жок. Баары бир тааныш аркылуу баргандыктан, уялышты окшойт. Ошону менен Кыргызстаныма учуп келип, самолеттон түшкөндөн кийин жерге чөгөлөп, жерди өпкүм келди. Бирок элден уялдым. Түркияда иштеп жүргөн боордошторума жаным ачыды. Эгерде Мекенибизде жумуш орду, калыстык болсо, элин ойлогон ажо келсе, биз чоочун жерге барып, кул болот белек?”

Жылдыз иштеген күндөрү үчүн 240 доллар тааптыр. Анын 80 долларын кармап калгандан кийин, же билетке жетпей, же алган карыздарын жабалбай калган.

Акчасы көп, жумушу оор

Түркиядан келип, “эми өлсөм да башка мамлекетке барбайм, Бишкектен эле бизнес ачам” дей баштаган кезде, шайтандай болуп бир тааныш эжекеси Жылдызды Москва шаарына чакырат. “Жыгылган, күрөшкө тойбойт” дегендей, Москвада акча арыкта агып жаткансып, кайра жолго камынат.

Ж.: “Эмнеси болсо дагы орус тилин суудай билем, дагы бир жолу өзүмдү сынап көрөйүн дедим. Кайра тааныштарыман карыздап 8000 сом чогултуп, Москвага билет алып, учуп кеттим. Москвага кеткен тааныш эже “ Перекресток” деген чоң цехте иштейт экен. Айлыгы 35000 рубль. Алты күн иштеп, бир күн эс алат экенсиң деди. Кичинекей кезимен кыялданып жүргөн Москваны да көрдүм. Ал жакта байкемдин баласы үй-бүлөсү менен он жылдан бери иштейт. Алар мени тосуп алып, “биздин үйгө эле жашаңыз” деп үйүнө алып барышты. Келиним “Домовенок” деген клинингалык компанияда иштейт экен. Мени ошол жакка үгүттөдү. Ал жакка ишке кирүү үчүн үч этаптуу конкурстан өтүү керек эле. 1-этапта телефондон жиберген видеолорун көрүп, тест тапшырдым. 2-этапта офиске барып, дагы тест тапшырдым. Батирлерди, үйлөрдү жана офистерди тазалоо, жыйноо боюнча тесттен өттүм. 3-этапта кир үтүктөө боюнча окудум, андан кийин экзамен тапшырдым. Андан да ийгиликтүү өттүм”.

Дегеле табиятынан кыргыз кыз-келиндер оокатка тың, чыйрак келишет эмеспи. Бирок “Домовенок” компаниясы каарманыбыздын билгенден билбегени көп экенин экзамен учурунда айгинелеп коет.

Жылдыз экзаменден ийгиликтүү өткөндөн кийин, үч күн стажировкадан өтөт. Үч-төрт кишиден турган бригада менен барып үй тазалоо ыкмаларын үйрөнөт.

Москва шаарын жакшы билбегендиктен, Жылдыз телефондогу ГИС программасы менен тапшырык берген үйлөрдү таап барат. Башында тапкан каражаты  40%дан башталыптыр. Эгерде жакшы иштеп, тапшырык бергендер “5” деген баа койсо, акчасы дароо көтөрүлүп, 60%ка чейин чыкчу экен.

Ж.: “Компания жумушчуларга бардык шарттарды түзгөн.  Эң башкысы башкалардай алдап кетпейт, эмгегиңди күнүгө баалап, тапкан акчаңды эсепке салып турат. Кечинде үйгө келгенде эле телефонго эртеңки тапшырык келет. Кандай жана кайсы унаа менен, канча убакытта бараары, тапшырыктын баасы, ким менен бараарын жана анын телефон номерин кошо салышат. Бир күндө экиден тапшырык берилет. Ошол жерди таап барып, жакшы иштеп баштадым. Ар кандай адамдарга жолуктум. Кээ бир тапшырык бергендер сыйлоо менен мамиле кылышса, айрымдары киши катары көрүшпөйт.

Биздин жарандардын ар кандай жашоодогу кыйынчылыктарын көрүп, боорум ачыды. 20 жаштагы бала менен чогуу иштедик. Анын ата-энеси дүйнөдөн өтүп кетиптир. Кыргызстанда байкеси жана карындашы жашайт экен. Иштегенине бир жылдан ашыптыр. Тапкан ташыганын коротпой байкесине акча салса, ал үй салып атыптыр. Аябай ачык, эмгекчил бала. “Бишкекте ушундай акча тапкан жер болсо, ошол жактан эле иштейт элем”, — дейт улутунуп. Дагы бир келин алты айлык боюнда бар экен. Сегиз ай болгуча иштеп алайын деп, жумуштун ооруна карабай иштеп жүргөнүн көрүп, боорум ачыды. Күнүнө 1600-2800 рублга чейин тапса болот экен. Жаман жагы колуң такай муздак сууда, химиялык күчтүү заттар менен иштегендиктен ден соолукка анын зыяны көп”.

Ошентип Жылдыз  айына 45-50 миң рублга чейин тапты. Инисинин үйүндө жылуу жумшак жашаганы менен, керели кечке колу муздак суудан чыкпагандыктан, бөйрөгүнө суук тийип,  катуу ооруп, кайра Кыргызстанга келет.

Ж.: ”Кыргызстанымды сүйөм. Тоолорумду сагындым. Эми, буюрса, Бишкекте “Домовенок” сыяктуу компания ачсам деген ниетте келдим. Башка өлкөнүн көк шиберин басканча, өз жеримдин тикенегин басканым оң”.

Соңку сөз

Мигрант аялдар  үй тиричилигинде малай болуп иштеген учурда, биздин каарманыбыздай  психологиялык зомбулукка кирептер болушканы жок эмес. Аялдардын көпчүлүгүнүн иши өтө оор. Москвага чакырган эжеси да жумуштун оордугуна чыдабай, же иштеген акчасын тыңдап алалбай, ал дагы кайра Бишкекке кайтып келиптир. Сырткы миграцияда иштеп келгендердин айтуусунда, жумуш берүүчүлөр мигранттардын өз эркине каршы алардын паспортторун алып алган учурлар да аз эмес. Албетте, документи колунда жок мигранттардын абалы тынчсызданууну туудурбай койбойт. Анткени жумуш берүүчүлөр менен келишим түзүлбөгөн соң, мигранттар медициналык камсыздоо полисин да ала алышпайт. Жылдыз дагы катуу ооруганда ооруканага кайрыла алган эмес. Анткени медициналык тейлөө Россияда өтө эле кымбат.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”