«Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагындагы эртең мененки пресс-тамактануу

February 2, 2021, 16:23

2021-жылдын 2-февралы, Бишкек шаары



2021-жылдын 2-февралында «Secret Garden» кофейнясында Буунун Тынчтыкты жаратуу фонду финансылаган «Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында Кыргызстандын журналисттери үчүн эртең мененки пресс-тамактануу болуп өттү.


Иш-чарага 20 ЖМКнын: «Эркин Тоо», «Кутбилим», «СуперИнфо», «Будь здоров» газеталарынын, «Азаттык» радиосунун, «Биринчи радионун», «Марал» радиосунун, ЭлТР, «Пятый канал», СТВ телеканалдарынын, сайттын жана YouTube’дун, «РухЭш» каналынын, «Жамааттык медианын» жана башкалардын өкүлдөрү катышты.

 

Иш-чаранын максаты – айымдар миграциясынын маселелеринде медианын өкүлдөрүнүн маалымдар болушун жана коомдоштуктарды өнүктүрүүдө жана тынчтыкты жаратууда мигрант айымдардын оң ролун арттыруу.

 

Иш-чаранын жүрүшүндө «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун аткаруучу директору Д.Ш.Кендербаева долбоордун максаттары жана милдеттери жөнүндө журналисттерге кең-кесири айтып берди. Өз тарабынан долбоордун координатору Ч.Абдыраимакунова пилоттук региондордогу жетишилген натыйжалар, жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө жана команданын иши жөнүндө маалымдады. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлү М.Туларбекова айымдар миграциясынын маселелери боюнча презентация жасады.


Андан соң коомдоштуктарды өнүктүрүүгө мигрант кыз-келиндердин салымы жөнүндө видеороликтер көрсөтүлдү. Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө коомдоштуктарды өнүктүрүүдө жана тынчтыкты жаратууда мигрант айымдардын оң ролунун темасын мыкты чагылдырууга журналисттер үчүн конкурс жөнүндө катышуучулардын эсине салынды. Белгилеп кетебиз, конкурска өтүнмөлөр 2020-жылдын декабрынан тартып кабыл алынууда.

 

Аягында суроо-жооп форматында талкуулоо болду. Иш-чара мээримдүү, формалдуу эмес жагдайда өттү.