«Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоорунун алкагында “Эрте курактагы балдарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана Жайлоо өнүгүү борборлорунун туруктуулугу” атуу 4 күндүк Республикалык конференция жана тренинг онлайн форматында өз ишин жыйынтыктады

December 21, 2020, 06:36

2020-жылдын 15-18-декабрь күндөрү «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Ага Хан Фонду менен биргеликте «Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоорунун алкагында  Эрте курактагы балдарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана Жайлоо өнүгүү борборлорунун туруктуулугу” атуу  4 күндүк  Республикалык конференция жана тренингти онлайн форматында өткөздү.


Иш-чара «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду  жана Кыргызстандагы Ага Хан Фонду менен биргеликте уюшулду.


Иш-чарага «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси - Кендирбаева Догдургүл Шаршеевна,   Кыргызстандагы Ага Хан Фондунун өкүлү - Марк Антони Адам, Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Мектепке чейин билим берүү бөлүмүнүн башчысы - Касымова Нурзида,  Кыргыз билим берүү академиясынын Президенти - Токтомамбетов Алмаз, “Кыргыз жайыты” жайыт колдонуучулар ассоциациясынын жетекчиси – Эгембердиев Абдималик, Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жааматтардын өнүгүүсүн колдоо программасынын өкүлү (MSDSP) – Курманбекова Назгүл, Республикалык ден-соолукту чыңдоо борборунун адиси – Молдокматова Жыргал,  «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун адистери, областтык методикалык билим берүү борборлорунун өкүлдөрү, жогорку окуу жайларынын, мектепке чейинки балдар мекемелеринин, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, республиканын бардык булуң-бурчтарынан жайлоодогу өнүгүү борборлорунунун уюштуруучулары, балдар бакчаларынын башчылары, педагогдор, жайыт комитеттеринин өкүлдөрү жана башка билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты. Бардыгы болуп жолугушууга 100гө жакын адам катышты.


Биринчиден болуп ачылыш сөздү  Кыргызстандагы Ага Хан Фондунун өкүлү - Марк Антони Адам  жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси - Кендирбаева Догдургүл Шаршеевна сүйлөштү. Алар бул долбоордун балдардын өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп жаткандыгын жана бул долбоорду мындан ары улантылышы зарыл экендигин белгилеп өтүштү.   Андан кийин сөз  Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Мектепке чейин билим берүү бөлүмүнүн башчысы - Касымова Нурзидага берилди. Касымова Нурзида Кыргызстандагы бала бакчалардын абалы боюнча кыскача баяндама сөз айтып берди.


Андан соң Кыргыз билим берүү академиясынын Президенти - Токтомамбетов Алмаз “Балдардын когнитивдик жана психосоциалдык (кем) өнүгүшү. Биздин балдарыбыз келечектүү эмгек рыногунда” темасында абдан кызыктуу, актуалдуу жана педагогторго эң керек маалымат менен тааныштырып өттү. Презентациясында балдардын когнитивдик жана психосоциалдык өнүгүшүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.


Кийинки сөз Эгембердиев Абдималик Абдикааровичке - “Кыргыз жайыты” жайыт колдонуучулар ассоциациясынын жетекчисине берилди. Жайыт комитеттер Жайлоо өнүгүү борборлоруна жер-жерлерде кандай колдоо иштери жүрүп жаткандыгы жана келечектеги пландар боюнча маалымат берилди.


Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жааматтардын өнүгүүсүн колдоо программасынын өкүлү (MSDSP) – Курманбекова Назгүл. MSDSP уюумунун жасап жаткан иштери боюнча жана бул уюмдун Жайлоо бала бакчаларына кандай колдоо көрсөтүлүп жаткандыгы боюнча маалымат берилип кыскача видеотасма көрсөтүлдү.


«Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоорунун координатору Сагынтай уулу Арстанбек долбоордун ийгиликтери, демилгелери, тажрыйбасы, жетишкендиктери жана келечектери жөнүндө айтып берип жана атайы режиссер Айбек Дайырбеков тарабынан жасалган “Асмандагы алтын уя” -  Жайлоо өнүгүү борборлору тууралуу видеотасмасын көрсөтүп кетти.


Андан кийин Республикалык ден-соолукту чыңдоо борборунун адиси, педиатр – Молдокматова Жыргал, “Балдардын жана үй-булөнүн ден-соолугу. Короновирустун балдардын өнүгүүсүнө тийгизген таасири” темасында кызыктуу презентация-маалымат берип, бул вирустан бала бакчаларда кандай сактануу керектигин айтып берди.


Мындан кийин «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунунун 2 долбоорунун адистери Салтанат Адылбек кызы “Үчтөн кийин кеч” инстаграм баракчасынын жетекчиси  жана Жээмбаева Нурзат “Экопроект “ жана “Билим Сандыгы” боюнча адис бул долбоорлор тууралуу маалымат берип кетишти.


Биринчи күндүн соңунда «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси - Кендирбаева Догдургүл Шаршеевна, Жайлоо өнүгүү борборлорунда көп жылдан бери активдүү жана жигердүү иштешип келген 7 Жайлоо өнүгүү борборлорунун өкүлдөрүнө “Билим сандыгын” белеке ыйгарды. “Билим сандыгын” алгандар кийинкилер болду: 1. Апышева Дильбара – Нарын району; 2. Сыдыкова Дильбаркан – Базар-Коргон району; 3. Исакова Үпөл- Чоң-Алай району; 4. Абыкеева Гульнар –Ак-Суу району; 5. Айдарова Айым-Нарын району; 6. Досматова Жумагүл – Кара-Кулжа району;  7. Исаева Жанаргүл-Кара-Кулжа району.


Биринчи күндүн аягында катышуучулар 3 секцияга бөлүнүп, секцияларга 1 фасилитатор бекитилип тапшырмалар берилди. Ар бир секцияга “Жайлоо өнүгүү борборлорунун” ийгиликтери, кемчиликтери, тажрыйбалары, туруктуулугу, ресурстарды табуу деген суроолор талкууга берилди. Төрт күн бою секцияларда тренингтерден кийин иштеп, жыйындын акыркы күнүндө ар бир секция бул тапшырмалар боюнча өз презентацияларын конференциянын акыркы күнүнө даярдоого берилди.


Иш-чаранын экинчи, үчүнчү жана төртүнчү күндөрү 3 секцияда улантылды жана 3 секцияга бөлүнгөн катышуучулар, күн сайын 3 теманы айланып өтүштү.

1 Секцияда Джороев Ташболот (ОшМУ) “Кенже курактагы балдардын өнүгүүсүндө балдар фольклорунун ролу” деген темада тренинг өттү. Бул секцияда Фольклор деген эмне? Эмнеге Фольклор - өнүгүү дегенди билгизет? Ушул сыяктуу кызыктуу маалыматтар жана презентациялар берилди.

2 Секцияда Тойчуева Жылдыз (ОшМУ) “Стандарттан билим беүү натыйжаларына” темасындагы тренингтти өттү. Бул темада Кыргыз Республикасында кандай окуу стандарттары бар, жана ал стандарттарды кандай колдоно билүү керектиги жөнүндө айытылып, кызыктуу презентациялар жана материалдар таратылып берилди.

3 Секцияда Шерматова Ильмира (НМУ) “Жайлоо балдар бакчаларында активдуу окутуунун педагогикалык технологиялары” темасында кызыктуу презентациялар берилди. Бул темада балдарды окутууда кандай жаңы жана активдүү технологилярды колдонсо болот экендиги боюнча маалымат берилди.


Мынданы тышкары эки күн эки сааттан  Асылбек Мадалиев “Санарип мугалим” программасынын алкагында, санарип боюнча мугалимдерге окутуу өткөздү. Видеоскрайб-видеосабактарды жасоо, Телефондо сабак даярдоо, Фрикам, Компьютерди интернетке туташтыруу деген темаларда жана мугалимдер сураган темалар боюнча окутуулар өткөзүлдү.


Конференциянын акыркы күнүндө Турция сапарынан алынган тажрыйба жана анын Кыргызстандагы бала бакчаларында колдонулушу боюнча Абыкеева Гульнар жана Мурашова Курманжан кеңири маалымат берип өттү. Маалымат катары айта кетсек  Турция сапарына 7 жыл ичинде  70 адам тажрыйба алмашуу сапарына барып келди. Бул сапар Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер Союзунун (TDBB), Түрк Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын алдындагы Кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча агентигинин (ТИКА) колдоосу менен 7 жылдан бери уюшулууда.


Конференциянын акырында 3 секция биринчи күнү берилген тапшырма боюнча, өздөрүнүн группаларындагы иштерин, жыйынтыктарын айтып презентация жасап беришти.


Конференциянын соңунда 4 күндүк конференцияга жана тренингтерге эң активдүү катышкан 6 адамга дагы 6 “Билим сандыгы” белекке берилди. Конференция жана тренингке активдүү катышкандар төмөнкүлөр болду: 1. Таштанбекова Айгүл- Чоң-Алай району; 2. Усупбаева Назира – Кочкор району; 3. Сүйүнбекова Аида – Кара-Кулжа району; 4. Мүсүралиева Гүланда – Нарын областы; 5. Арзыбаева Азада – Кадамжай району; Шералиева Бегайым – Ат-Башы району.



Маалымат үчүн: 2014-жылы Фонд «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоорун демилгелеген. 7 жылдын ичинде тоолуу райондордо жашаган малчылардын 15 000 ден ашуун балдары,  6000 ден ашуун ата-энелер жана 1400 мугалим-педагогтор камтылды.