Жамилахан Бегиева: «Миграция — кыздардын трагедиясы»

November 27, 2020, 08:17

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдөгү «Мигрант аял — өнүгүү түркүгү» долбоорунун алкагында алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн аялзаттар менен маектешип келебиз. Бул жолу Москвадагы “Мекеним Ала-Тоо” колдоо көрсөтүү жана өнүктүрүү борборунун төрайымы, Евразия элинин Ассамблеясынын президиумунун мүчөсү, биология илимдеринин кандидаты Жамилахан Бегиева менен болгон маегибизди сунуштайбыз.


ЖАМИЛАХАН БЕГИЕВА: «МИГРАЦИЯ — КЫЗДАРДЫН ТРАГЕДИЯСЫ»

— Жамилахан айым, Сиз Москва шаарында бери дегенде эле 40 жылдан ашуун жашап, отурукташып калдыңыз. Сыртка чыгып, кыйналып жүргөн мекендештерибизге жакындан жардам берип да жүрөсүз. Алардын көйгөйлөрүн Сизден артык эч ким билбестир. Мигрант кыздардын билим алуусу, кесип тандоосу, алардын көйгөйлөрү, бүгүнкү күндөгү абалы, орду тууралуу кепти баштасак.


 Советтер Союзу кулап, бардыгы башка көрүнүш, башка система болуп калды. «Пулуң болсо, кулуңмун» деген заман келди. Мурункудай бекер билим, даарылануу, камсыздоо деген жок болуп калды. Ошонун бардыгын өзүбүз көрүп, биздин жаштардын, айрыкча, айыл жериндеги жаштардын жашоо турмушу өзгөрдү. Экономикалык катаал шарт жаштардын чет өлкөгө кетишине түрткү болуп жатат. Казакстан, Өзбекстандын кыздарына салыштырмалуу кыргыздын кыздары талаага чыкканга көбүрөөк мажбур болуп жатышат. Албетте, алар «алма быш, оозума түш» деп үйдө деле олтура берсе болот эле, бирок ар ким жакшы жашагысы, билим алгысы келет. Билим алганга деле илгеркидей бекер эч нерсе жок, бюджеттик орундар чектелүү. Ал эми көп кыздардын контракт төлөп окууга мүмкүнчүлүгү жете бербейт. Ошон үчүн илим-билим алам деген кыздар сыртка чыгып, бир-эки жыл иштеп, ал жердин шартына көнүп, кичине каражатты үнөмдөп, билим алууга аракет кылышат. Кээ бир жеке жана мамлекеттик жогорку окуу жайлардын күндүзгү бөлүмдөрү деле сырттан билим бергенден айырмасы жок. Эң башкысы «контракттын акчасын төлөп кой» дешет. Студенттин келип-кетүүсү деле анчейин маанилүү болбой калгандыктан, кыздар аралыктан билим алууга аргасыз болуп жатышат. Албетте, аралыктан билим алуунун сапаты башка. Азыр эми пандемияга байланыштуу онлайн окууга өтүштү. Отуруп окуп эмес, иштеп жүрүп диплом алып жаткандар бар. Мугалимдин сөзүн угуп, көзүн карап, баарлашуу болгон билимден аралыктан окутуунун айырмасы асман менен жердей.


— Мигрант кыздар тапкан-ташыганын чын эле билим алганга жумшап жатабы?


— Мигранттардын теңинен көбүн кыздар түзүп жаткандыгы кыргыз элинин кийинки демографиялык өсүшүнө тескери таасирин тийгизбей койбойт. Миграция — бул аялдардын трагедиясы. Албетте, эркектерге деле жеңил дебейбиз, бирок, айрыкча, кыз-келиндерге оор түйшүк алып келди. Жок дегенде сыртка чыгаарда жогорку билимди кой, жөн эле курстардан билим алып келишсе, ишке орношуусуна жеңил болмок. Бирок көбүнчө мектепти бүтүп келгендер болуп жатат. Айрыкча айыл жеринен 17 жаштагы же мектеп жашындагы кыздарды алып келип, бала бактырышат. Илгерки замандагыдай кулдай эле иштетип жатышат. Кыздарды көбүнчө тууган-уругу, тааныштары эле алып келет. Ушул кыздар үй-бүлөдөгү жетишпегендиктин айынан бели ката электе, оор жумушка иштеп, тапкан каражатты ата-энесине салышат. Ата-энеси болсо, «кой кокуй, элден калбай той берели же тойго баралы» деп салган акчаны коротушат. Андан көрө турмуш-тиричилигин оңдоп алышса болмок да. Азыр пандемия дагы көп нерсени өзгөртүп жатат. Бир үй-бүлөнүн эмес, бир мамлекеттин планын өзгөртүп койду.


— Өзүңүз айткандай, пандемия көп нерсени өзгөрттү. Мигрант кыздардын тизмесин алып, кандайдыр бир мониторинг жүргүзүп, статистикасын алса болобу? Ошол эле Москвадагы училищаларга кыздарды окутуп, бир кесиптин ээсин кылууга кандайдыр бир аракеттер көрүлдүбү?


— Москвада 17 жашка чейин кимиң бар деп сурап, мониторинг жүргүзүү үчүн канча каражат, канча жардамчы керек? Менин буга күчүм деле жетпейт. Мага ар кандай маселе менен кайрылышат. Мисалы, пандемия учурунда 17 жаштагы кыз келип, 16 адам менен кысылып жашаганын айтты. Мен аны үйүмө алып келгенди туура көрбөдүм. Кимдин кандай оорусу бар экенин билбейбиз. Коронавирус жокто бир-эки айлап үйгө жаткырып, керектүү нерселерди жасап, ишке орноштуруп кетирчүбүз.


Аялдар коомдо зор күч” деп илгери Мидин Алыбаев жазгандай, азыр бул сөз актуалдуулугун жогото элек. Мисалы, Кыргызстанга жанагы 2,5 млрд.дан ашкан акчанын жарымын кыздар которуп жатат. Эгер ошолор жогорку билимдүү, бир кесипке даяр болуп келгенде жакшы болот эле. Тескерисинче, андай болбой, жумушка орношууда кыйынчылык жаралат. Азыркы заманда бала багуу, үй тазалоо, же оорулууларды кароодо деле билим керек. Анткени ашканада колдонулган күнүмдүк техникадагы жазууларды окуп, кайсыны басса ысыйт, кайсында муздайт деген сыяктуу элементардык нерселерди дагы билиши керек. Медициналык билими бар болсо, жакшы жумушка орношууга мүмкүнчүлүк алышат. Анан жөн эле же тил билбей, же башкасын билбей баргандар кыйналат. Биздин өлкө кул, күң даярдай турган мамлекет болбош керек. Кыздар сыртка чыкканда кор болбош үчүн алгач өлкөдө билим берүү керек.


М.Ибуканын “Үчтөн кийин кеч” деген китебинде тарбияны, билимди эне сүтү менен кошо бериш керек деп айтылат. Биздин кыргыз элинин өзүнүн кылымдардан бери келе жаткан «кыздуу үйдө кыл жатпайт», «кызга кырк үйдөн тыюу» деп айтылат. Кыздарды тарбиялоодогу улуттук саясатыбыз аларга көп талапты коюп, ошону аткаруусу керек болчу. Азыркы заманда болсо, ошол кыздарыбыз кор болбошу үчүн билим алышы керек. Эч болбосо кыска убакыттагы 1, 2 айлык окутуу курстары керек. Чач тарач, тырмак жасоо, ашпозчулук ж.б. ушул сыяктуу азыркы замандын талабына туура келе турган кесиптерди үйрөтүү зарыл. Анткени азыркы жумуш берүүчүлөрдүн талабы күчтүү, анан ошого жараша акысын төлөйт. Азыр пол жууганга дагы билим керек болуп жатат.


Азыркы технологиянын жетишкен учурунда IT тармагында эмгектенген кыздарыбыз Кыргызстанда, Америкада отуруп эле, акча таап жатышат. Биздин мындай жаштарыбыз көп болушу керек. Кыргызстан боюнча жыл сайын мектепти бүткөндөрдүн 70 пайызы сыртка чыгып кетет. Алардын көбү иштөө үчүн Москавага аттанышат. Албетте, бул деле турмуштун айынан. Бирок ата-эне, мамлекет дагы кам көрүшү керек. Башка өлкөлөрдө “билим берүү насыясы” деген бар. Беш жылдык окуусунун төлөмүн төлөгөндөн кийин милдеттүү түрдө ошол кесиби менен беш жыл иштесин деп талап кылынат. Биздин мамлекет, айрыкча, кыздардын билим алуусуна шарт түзүп бериши зарыл, анткени кыздар болочок энелер. «Эл энеден төрөлөт», «Улутту тарбиялайм десең, энени, кызыңды тарбияла» дейт кыргызда. Мисалы, Санкт-Петербургда “Ак сөөк кыздарынын институту” деген окуу жай болгон. Ошол убакытта жигиттердин өлкөнү коргоо менен бирге үй-бүлөнү коргоо деген милдеттери бар эле, а кыздар болсо улутту тарбиялашкан. Биринчиден, балдарынын музыкалык сабатын жоюшкан. Балдарына көп тилдерди үйрөтүшкөн. Ушунун баары эле үлгү десек болот.


— Кыздар сыртка чыкканда кайра эле кыргыз балдардан кордук көрүп жатышканы жаңылык деле эмес. Жогорку Кеңеш 23 жашка чейин кыздарды чет жакага чыгарбоо боюнча мыйзам кабыл алууну көздөштү эле…


— Ал мыйзам биринчи окуудан өтүп, кийинкилерде өтпөй калды. Бул мыйзамдын өзү адам укуктары боюнча БУУнун конвенциясына туура келбейт, анткени 17-23 кө чейин кыздардын өсүп-өнүгүү маалында бул жакка алып калып, өздөрү багабы эмне? Ал үчүн алгач кыздардын окуусуна шарт түзүп, акысыз билим берилүүсү керек. Андайды эч ким кыла албайт, азырынча.


Беш жыл мурдагыга салыштырмалуу кыздардын аң-сезими өстү. Биз дагы болушунча кеп-кеңешибизди, акыл-насааттарыбызды айтып келүүдөбүз. Айрыкча, кыздар сыртка чыгууда эмнелерди эске алуу керектиги боюнча ата-энелерине айтып эскертиш керек. Себеби кызы эптеп сыртка иштегени чыгып, акча салса болду. Ата-энеге ал жактагы турмуш коммунизмдей көрүнөт. Ал эми кызы ал жакта күнү-түнү оор жумушта иштеп, ден соолугунан ажырап, кийин төрөбөй калышы да мүмкүн. Кыздардын тагдырын ойлогон эч ким жок. Кыргызда «арканды узун ташта» дейт, кыздарыбыздын келечегин ойлойлу! «Кызыңар эки уйдун акчасын салды. Ошол эки уйду көбөйтүп, төрт уй кылгыла. Жок дегенде ошол төртөөнүн бирөөсүн кызыңарга калтыргыла. Себеби кызыңар кайра келип, билим алсын, окуусунун акысын төлөгүлө» деп айтып турабыз.


Мектеп — билимдин, үй-бүлө — тарбиянын башаты деп айтабыз. Ушул эки башат тыгыз иштеши керек. Мектепте иштеген мугалимдер дагы миграцияга кетишти. Ал эми сырттан окуп, билим алгандар мектепке барып иштеп калып жатышат. Мисалы, дене тарбия адистигин бүткөндөр мектеп директору болуп алгандар дагы бар. Азыркы Нурсултан Кубанов деген сыяктуу жаштардын демилгесин колдоп, чет жакта иштеп жүргөн жаштарды өзүбүзгө тартып, билим борборлорун түзсөк жакшы болот эле.


— Өзүнүн аракети менен ишкерлик менен алектенген кыздар барбы?


— Азыр кээ бир кыздар мурунку кыздардын катасын көрүп, бир топ өзгөрүштү. Ал жакка алыскы кыштактан баргандар деле 1, 2 жыл бирөөнүн колунда иштеп, тажрыйба алып, үйрөнүп өсүү жолунда. Бир жылдай аз акчага иштеп кыйналышса, кийин көбүрөөк төлөп берген жумуштарга которулуп кетишет. Кээ бирлери кыздарга тиешелүү, т.а. сулуулуктун сырларын үйрөнүп, өздөрүнүн сулуулук салондорун ачып, иштетип жаткандар бар. Кыйынчылыктын арты менен ишкердикти өздөштүрүп кеткен кыздарыбыз көп эле болот. Бирок ошол эле учурда зордук-зомбулук көргөн кыздар дагы жок эмес. Болгондо да эң жакын адамынан зордук-зомбулукка учурап жатышат. Мындан улам өздөрүнүн жанын кыйган же ар кандай себептер менен каза болуп калган кыздар көп. Эң жакын адамдары эле иш таап берем деп алдап коюп жатышат. Мисалы, бир кызды өзүнүн карачечекей атасы зордуктап салса, дагы бир кызды атасынын досу алып келип, документип алып, үйлөнөм дегендей иш-аракеттерди көрүп жатканда, кыздын документин таап, кайра Кыргызстанга жөнөткөнгө жардам бердик. Мындай мисалдар, тилекке каршы, көп.


Сыртка чыкканда баары эле ал жактан үй алып,каттоодон өтүп жашап жатышкан жок. Өтө көп кыйынчылыктар бар. Байлык издеп кеткендер дагы, байлыгын көтөрүп кеткендер дагы Кыргызстансыз бактылуу эмес экенин көрүп турам. Жаштардын келечегин ойлоп, үмүттөрүн өлтүрбөсөк. Жаштарды ар кайсы жакка чачыратпай, тескерисинче, ушул жактан жаштардын күчүн, акылын, билимин колдоно билсек жакшы болмок.


— Казакстанда “Кутбилим” деген мектеп бар. Москвада кыргызстандыктар үчүн ачылган мектеп барбы?


— Кыргызстандыктар үчүн мектеп ачканга мүмкүнчүлүк жок. Анткени Москвада имарат, офистерди ижарага алуу аябай эле кымбат. Бирок кээ бир өз алдынча окуткандар дагы жок эмес. Мисалы, мурда мугалим болуп иштеген Роза Адышева деген эжеке өзү окуу борборун түзүп, балдарга орус тилин үйрөтүп келет. Биздин уюм дагы “Кичинекейлердин илим академиясы” деген борбор менен келишим түзүп, балдарды онлайн мектепке даярдоо борборун ачып жатабыз. Азырынча бир гранттык орунга ээ болуп, бекер окутуу мүмкүнчүлүгүн алдык. Балким, кийинчерээк окуткан мугалимдерге каражат төлөп берүү үчүн минималдык акылар менен окутууга аракет жасайбыз. Бул кыргызстандыктар үчүн болот жана аларга орус тили үйрөтүлөт. Анткени Москвада орус тилин билүү зарылчылыгы бар.


Мен өзүм Москва Өкмөтүнүн улуттар аралык кеңешинин мүчөсүмүн. Алар менен орто кесиптик окуу жайларда, лицейлерде, колледжерде кыска мөөнөттөгү окутуу курстарын уюштуруп бергиле деп сүйлөшүп жатабыз. Ал жакта окуп, сертификат алышса, кийинки орношо турган жумушуна жеңилдиктер болмок. Пандемия дагы биздин пландарыбызды өзгөртүп жатат. Биз окута турган кесиптерди онлайн окутканга болбойт, анткени аларды кармап, жасап үйрөнүш керек.


Гүлнара Алыбаева, Нурзат Казыбекова, «Кут Билим»