«Коомдун инклюзивдик жана бейпил өнүгүшү үчүн миграцияга кабылган кыз-келиндердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында журналисттер үчүн онлайн тренинг өткөрүлүп жатат

November 7, 2020, 22:54

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду ушул жылдын 9-10-ноябрында «Коомдун инклюзивдик жана бейпил өнүгүшү үчүн миграцияга кабылган кыз-келиндердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында журналисттер үчүн онлайн тренинг өткөрүп жатат.

 

Программа онлайн курсту билдирет, ал журналисттерди медианын жана кыз-келиндердин укуктарын билдирүү эркиндигинин негизги түшүнүктөрү менен тааныштырат.

 

Иш-чаранын максаты: Коомду өнүктүрүүдө жана тынчтыкты жаратууда миграцияга кабылган кыз-келиндердин позитивдүү ролу жөнүндө, позитивдүү салымы жөнүндө журналисттердин маалымдар болушун арттыруу. Мигрант кыз-келиндердин позитивдүү ролу жөнүндө коомдук пикирди калыптандыруу маселелери боюнча журналисттердин компетенцияларын арттыруу.

· журналисттерди ушул долбоордун кыз-келиндердин миграциясынын чөйрөсүндөгү саясаты менен тааныштыруу;

· басылма ЖМКларда, телекөрсөтүүдө жана радиодо ушул теманы, ошондой эле өз жамааттарын өнүктүрүүгө жана тынчтыкты курууга мигранттар кыз-келиндердин позитивдүү салымы жөнүндө чагылдыруунун өзгөчөлүктөрүн кароо;

· тренингдин аягына карата гендердик жана миграциялык маселелер боюнча мыкты даярдалган, жалпыга маалымдоо каражаттарында позитивдүү практикаларды жана позитивдүү девианттарды чагылдырууга даяр кесипкөй журналисттердин командасын калыптандыруу.


Онлайн тренингдин катышуучулары болуп ЖМКлардын, анын ичинде региондук ЖМКлардын өкүлдөрү, өнөктөр (Биринчи радио, Азаттык радио, ЭЛТР,  Рухэш сайты, региондук ЖМКлар), миграция жагынан эксперттер, пилоттук АОлордогу координатор-мобилизаторлор саналат.

 



«Коомдун инклюзивдик жана бейпил өнүгүшү үчүн миграцияга кабылган кыз-келиндердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоору жөнүндө кыскача маалымат: журналисттер үчүн онлайн тренинг өткөрүлүп жатат. Долбоор БУУнун Тынчтыкты жаратуу боюнча фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жатат, Миграция боюнча эл аралык уюм (МЭУ), ЭЭУ жана БУУ Аялдар уюму аткаруучу өнөктөр болуп саналат.

Долбоор негизги натыйжалардын бирине жетишүү аркылуу коомдун инклюзивдик жана бейпил өнүгүшү үчүн миграцияга кабылган кыз-келиндердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган – Максаттуу жамааттар тынчтыкты жаратууда жана коомду өнүктүрүүдө кыз-келиндердин ролу менен салымын тааныйт жана колдойт.

Маалыматтык кампания коомду өнүктүрүүдө жана тынчтыкты жаратууда, гендердик теңчиликти алга илгерилетүүдө, гендердик зомбулук көрүнүштөрүнө карата коомдун терс мамилелерин калыптандырууда, айымдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн, адамдын, мигранттардын укуктарын Кыргызстанда коопсуз миграцияны кеңейтүүдө, ошондой эле диаспоралардын лидерлеринин жана ийгиликтүү мигрант айымдардын колдоосуна ээ болуу менен позитивдүү билдирүүлөрдүн жардамы менен маалыматтык-агартуу иш-чараларын жүргүзүүдө кыз-келиндердин, анын ичинде мигрант айымдардын ролунун жана позитивдүү салымынын маанилүүлүгү жөнүндө калктын жана максаттуу топтордун маалымдар болушун арттырууга көмөктөшөт.

Маалыматтык өнөктүктүн алкагында айыл коомчулугунун жашоочулары арасында суроо-талапка ээ болгон социалдык тармактарга, маалымат агенттиктерине, жаңылыктар порталдарына, көңүл ачуучу кызматтарга, радио жана телеканалдарга, басылмаларга басым жасалат .