Дүйнө эми мурункудай болбойт

July 30, 2020, 08:49

Дүйнө эми мурункудай болбойт. Ушул  сөздү бүгүн ар бирибиз  айтып калдык. Жакын адамдарын жоготкондор үчүн аалам астын-үстүн болду. Каруу-күчкө толуп   турган курагында канча кымбат адамдарыбызды жоготуп алдык…

Ар бир күндү: «Дагы ким, бүгүн канча адам экен?» деген  сары-санаа менен тосуп калдык.  Күн сайынкы кайгылуу статистиканын ичинде биздин жакындарыбыз, досторубуз, таанышытарыбыз көбөйө баштады. Бу статистикага тоодой кайгы-капаны кантип  батырабыз. Ар бир адамдын өмүрү өзүнчө, башкача эле да. Алардын орду  толгус. . . Эми биз бу кайгыны көтөрүп жашагандан башка чарабыз жок.

  

Кайгы-касирет адамдарды бириктирет экен, бул ачуу чындык. Биздин элибиз башка оор  иш түшкондө  бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, биригип күрөшүүнүн  мыкты үлгүсүн көрсөтө алды. Жанын аябай, тобокелге салып бу илдет менен күрөшкөн дарыгерлердин, медицина кызматкерлеринин жана ыктыярчылардын каармандыгына башымды ийип таазим кылам.

 

Каза болгондордун  жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!


 

 Роза Отунбаева, Кыргыз Республикасынын экс-Президенти