Мобилдүү технологияларды өздөштүрүү жөндөмдөрүн жакшыртабыз

September 17, 2019, 06:00

11-сентябрдан 13-сентябрга чейин Бишкекте «50+ адамдар үчүн мобилдүү технологиялар» долбоорунун алкагында машыктыруучулар үчүн тренинг өттү.

 

Үч күндүк тренингдин учурунда катышуучулар долбоордун максаттары жана милдеттери менен, ошондой эле санариптик жана финансылык сабаттуулук боюнча курстун мазмуну менен таанышты. Тренингдин башкы максаты келечектеги машыктыруучуларды чоң кишилерди окутуу жөнүндө билимдер, маалыматтык технологиялар, санариптик финансылык өбөлгөлөр, ошондой эле медиа сабаттуулук жөнүндө билимдер менен камсыз кылуу болду. Бул иш-чаранын ачылышында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдургул Кендирбаева адамдын жашоосун жеңилдете турган санариптик жөндөмдөргө ээ болуу зарылчылыгы жөнүндө айтып берди, ошондой эле ушул жөндөмдөр болбогондугунан улам күндөлүк турмушубузда кандайдыр-бир иштерди алга илгерилетүүдө оорчулуктар келип чыгат деп белгиледи. Сөзүнүн аягында ал калкты окутууда ар бир машыктыруучунун ролунун маанилүүлүгүн белгиледи жана ушул демилге ийгиликтүү болот деген үмүтүн билдирди. KICB банкынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Бектур Алиев банктын социалдык долбоорлорунун максаттары Фонддун ушул демилгесине дал келе тургандыгы жана алар келечекте да ушул багытта ишти уланта тургандыгы жөнүндө айтты.

 

Эске салсак, бул тренингге Бишкек шаарынын турак-жай конуштарында жайгашкан 10 мектептен 20 мугалим, ошондой эле Бишкек шаарынын окуу борборлорунан 5 машыктыруучу катышты. Бул машыктыруучулар улуу муунду, санариптик жана финансылык сабаттуулукту каалагандардын бардыгын окутат. Курс төмөнкүдөй темаларды камтыйт: смартфондун функциялары, смартфон аркылуу маалымат издөө, социалдык тармак аркылуу баарлашуу, расмий кат алышууну жүргүзүү үчүн электрондук почтаны пайдалануу, ошондой эле накталай эмес операциялар үчүн Элсом электрондук капчыгын жана финансылык санариптик өбөлгөлөрдүн негиздерин пайдалануу. Дүйнөлүк тармакта коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулат, интернеттин учу-кыйыры жок мейкиндиктеринде өзүнүн жеке маалыматтарын коргоо жөнүндө маалымат, ошондой эле финансылык тармактагы киберкоопсуздук боюнча кеңештер берилет. Бул долбоор кийинки жылдын майына чейин улантылат, окутуу акысыз.

 

Белгилеп кетүү керек, «50+ адамдар үчүн мобилдүү технологиялар» долбоору өз ишин 2018-жылы баштаган. Долбоордун максаты 50 жаштан ашкан адамдарды, негизинен айымдарды жана смартфонду пайдалануу жөндөмдөрүн билүүнү, Элсом электрондук капчыгы аркылуу электрондук төлөмдөрдү жүргүзүүнү, финансылык сабаттуулуктун негиздерин билүүнү, ошондой эле социалдык тармактар аркылуу баарлашууну жана электрондук почтаны пайдаланууну каалагандардын бардыгын окутуу болуп саналат.

 

«50+ адамдар үчүн мобилдүү технологиялар» долбоорунун максаттары жана милдеттери «Санариптик Кыргызстан 2019-2023»: «Санариптик жөндөмдөрдү өнүктүрүү аркылуу калк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жөнүндө» стратегиясынын №1 милдети» санариптик трансформациясынын беш жылдык стратегиясынын максатына дал келет жана «Бүткүл калк үчүн, анын ичинде аялуу топтор үчүн санариптик жөндөмдөр» компоненти боюнча максаттуу индикаторлорго көмөктөшөт.