«Таза шайлоо - туруктуулуктун жана бийликти тынч өткөрүп берүүнүн негизи» жалпы жарандык диалог-форумундагы Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р.И.Отунбаеванын сүйлөгөн сөзү…

June 4, 2017, 06:00

«Таза шайлоо – туруктуулуктун жана бийликти тынч өткөрүп берүүнүн негизи» жалпы жарандык диалог-форумундагы Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р.И.Отунбаеванын сүйлөгөн сөзү…

Бишкек, 2017-жылдын 12-майы

 

Президент Атамбаевдин мөөнөтү аяктап, аны турукташтыруу да соңуна чыгууда. «Кыргызстан бүгүнкү күндө – башка өлкө» – деп ырастап жатышпайбы Президент Атамбаевдин сөзжазмакерлери, кеңешчиси жана өзү. Чын-чынына келгенде мындай аныктамага жашоонун өзү, алдыдагы шайлоо баа берет, анын жыйынтыктары жакынкы келечекке өлкө үчүн негизги тенденцияны белгилейт.


Президентти шайлоого чейин беш ай калганда майданда эки-үч киши аракет кылып жатат, азырынча талапкерлердин максаттары, программалары жарыялана элек, азыр алар эл менен тымызын иштеп, жагынууга аракеттенишүүдө. Талапкерлер элди өзүнө тартуу үчүн көп кыйналышкан жок десек болот, алардын эң ири идеяларын эл тигиндейинен же мындайынан парламенттик шайлоонун учурунда уккан. Талапкерлиги көрсөтүлгөндөрдүн бары белгилүү адамдар: алар министр жана кала берсе премьер-министр болуп иштеген, алардын айрымдары азыр ЖК депутаттары. Бардык баскычтарды басып өтүштү, президент болуу гана калды, алардын логикасы ушундай, эл да аларды ушундай деп түшүнөт. Алар кийинки алты жылда калкты кайда алып барат, алардын ар бири бизге кандай программалары камдап турат, алардын маңызы эмнеде жана алар адамдардын үмүт-тилегине жана мезгил талабына жооп береби – ушулардын бардыгы азырынча баарыбыз үчүн сюрприз!


Ошол эле учурда Кыргызстанда биз БУУнун Башкы Ассамблеясы 2015-жылдын күзүндө бекиткен 2030-жылга чейин Туруктуу өнүктүрүү жагынан Күн тартибине ылайык бүткүл дүйнө менен үзөңгүлөш алга илгерилөөгө тийишпиз. Анда өлкөлөрдүн ар бир тобунда алардын мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык өнүгүүнүн 17 максаты жана параметри белгиленген: алар 2030-жылы адамдын, үй-бүлөнүн, коомдун жана өлкөнүн жашоосунун ар кандай тармактарында кандай бийиктиктерге жетүүгө тийиш. Кийинки 15 жылга ушундай программаны иштеп чыгууда финансылык жана интеллектуалдык жардам талап кылынган биздин өлкө сыяктуу өнүгүп келаткан өлкөлөрдө бизге ПРООН башында турган эл аралык коомчулук жардам берет. Атамбаевдин тапшырмасы боюнча иштеп чыгуучулардын чоң тобу июнга чейин улуттук стратегияны, өлкөнүн келечегинин өңүтүн, бул учурда 2040-жылга чейин «Таза коом» деп аталган өңүттү, буйрук кылынгандай, аракеттердин программасы менен жана аны ишке ашыруунун так планы менен бирге тездикте даярдап жатат. Ал үчүн эл аралык коомчулуктун бардык каражаттары жана ресурстары тартылган. Бул – гранттык долбоор.


Биз өлкө үчүн ушундай узак мөөнөттүү стратегиялык программаны даярдоого керектүү жана маанилүү, эксперттик жардамы үчүн эл аралык коомчулукка ыраазычылык билдиребиз. Бирок кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө үчүн, биз шайлоо алдындагы жарышка киришип жатканда бул документти белгилөөдө жана колдонууда ачык-айкындык болушун каалайбыз. Донордук коомчулукка кайрылаар элем: ал бийлик тараптагы партиядан талапкердин шайлоо алдындагы платформасы болуп калууга тийиш эмес. Бул жалпы улуттук документ болууга тийиш, аны ишке ашыруу жагынан келечектеги президент, өкмөт, парламент, Кыргызстандын калкы иш жүргүзмөкчү. Ал шайлоого чейин эле кеңири карап чыгуу жана талкуулоо үчүн сунуш кылынууга тийиш жана анын ар тараптуулугунан жана негиздүүлүгүнөн улам шайлоого бараткан бардык талапкерлердин шайлоо алдындагы идеялары жана платформалары үчүн негиз жана багыт болуп калат. Эл аралык коомчулуктун каражаттарынын багытын жана аны колдонууну өлкөдө иштеп жаткан бардык донорлор ушундай түшүнөт деп ишенем, бардык эл аралык эрежелер боюнча алар бир гана тараптын кызыкчылыгында иштей албайт жана иштөөгө тийиш эмес. Бул маселеде биз бүгүнкү күндө максатты так аныктап жана ага айкындыкты киргизүүгө тийишпиз!


Келе жаткан шайлоо калк менен өлкө үчүн өтө маанилүү: шайланган президент азыркы жана 2020-жылы жаңы шайлана турган парламент менен бирге мамлекеттүүлүктүн негиздерин, башкаруунун жаңы формаларын андан ары чыңдоого тийиш, алардын артыкчылыктары али толук өлчөмдө ачыла элек.


Жаш парламенттик өлкөдө алдыңкы үч бийлик позициялары бар: бизде президент, кудайга шүгүр, парламент тарабынан эмес, бүткүл эл тарабынан шайланат, бирок анда президенттик өлкөдөн кем эмес кыйла күчтүү позициялары бар. Парламенттик көпчүлүктөн өкмөт башчысы Конституцияга соңку түзөтүүлөр менен мурдагыдан да алда канча күчөтүлгөн, өлкөнү башкарууга өкмөттүн негизги мандаты – өлкөнүн күндөлүк турмушу, экономикалык, социалдык өнүгүшү премьердин колунда: кааласаң жана колуңдан келсе – өлкөнү гүлдөтүп сал. Белгилеп кетүү керек: Конституция боюнча тышкы саясатта премьердин ролу аныктоочу болуп саналат. Бийликтин үчүнчү бутагы – Жогорку Кеңеш, ага спикер башчылык кылат, анын ролуна биз али баа бере элекпиз, анткени азырынча парламенттин өзү ачык билине элек, ал али саясый процесстердин, КР үчүн өтө маанилүү чечимдерди кабыл алуунун борбору болуп кала элек.


Биз парламенттик башкарууну тандап алганыбыз, менин көз карашым боюнча, өзүн жүз эсе актады, анткени биз али мамлекеттик түзүлүштүн пайдубалынын деңгээлинде турабыз жана биздин башыбызда дагы бир адам турат, ал эми, айтылып жүргөндөй, бир баш жакшы, экөө андан да жакшы, үчүнчүсүн, спикерди кошкондо, иш жакшы жүрөт. Жолдун башында, чейрек кылым өткөнүнө карабастан, иш чачтан көп: экономикада баш-аякты жыйыштырып, элди тоюндуруу, окутуу, дарылоо, жумуш орундарын түзүү керек – буларды толук бийлиги бар, иштөөгө кудуреттүү бир адам – премьер-министр аткарат. Президентте, мамлекет башчысы катары, элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин билдирип, өзүнүн мандаты бар. КР Президенти мамлекеттин тышкы саясаты үчүн жооп берет. Коопсуздук кеңешинин башчысы менен Куралдуу күчтөрдүн жана коопсуздук күчтөрүнүн тикелей куратору катары ал жарандардын да, мамлекеттин да коопсуздугу, бул тармактардагы реформалар үчүн жооп берет. Президенттин тикелей жоопкерчилиги – сот системасын реформалоо. Ансыз биз эч жакка бара албасыбызды баарыбыз түшүндүк. Өнүккөн өлкөлөр менен салыштырып көргүлө: көзкарандысыз соттор жүздөгөн жылдардан бери борбордук бийликке көзкаранды болбостон иштеп жатат. Ал мамлекеттерде, алардын президенттери сыяктуу эле: сотторду түзүү керек, кандайдыр-бир реформаларды жасоо керек деп башы оорубайт.


Бул өз алдынча, өзүн-өзү жөнгө салуучу механизм. Бизде болсо бул иште алдыда дагы көптөгөн оош-кыйыштуу жолдор турат, бардык көрүлүп жаткан чаралар азырынча натыйжа бербей жатат. Көзкарандысыз соттор болмоюнча – бул болсо аксиома – өлкөнүн алга карай жылышын эч бир күтүүгө болбойт! Жарандардын, жамааттардын коопсуздугу, өлкөнүн чектерин тышкы душмандардан коргоо, мамлекеттин коргонуу кудуретин чыңдоо биз сыяктуу жаш өлкө үчүн курч актуалдуу милдет бойдон калууда. Муну мен өтө зарыл, шашылыш, жогорку артыкчылыктагы милдеттер деп эсептейм, бул жагынан келечектеги президент иш жүргүзүүгө тийиш! Биз алты жылдын жыйынтыктары боюнча элдин ишеними үчүн, милдеттенмелерди аткаруу үчүн президенттен да суроо зарыл болгон жоопкерчиликтин чөйрөсүн жана милдеттерди аныктоого тийишпиз! Президентке өзүнө премьердин милдеттерин тартуунун кереги жок, биздин артыкчылыгыбыз ушунда: жогору жакта мамлекеттик тизгинин кармап жана натыйжага жетишүүгө тийиш болгон бир эмес, эки таланттуу күчтүү адам бар!


Бүгүнкү күндө президенттикке бараткандар соттордо кыйла аракеттерди жасоого, реформаны алга илгерилетүүгө даярбы?! Аларды ыплас нерселерден арылтып, таза кадрларды топтой алабы? Сот органдарын реформалоонун «Жол картасын» түзө алабы? Коопсуз квартал, шаар, коопсуз өлкө – булар биздин жашообуздун акыйкаты болуп кала алабы?! Келечектеги президент укук коргоо органдарын жана сотторду саясаттан толук ажыратууга, аларды саясый текеберчиликтерден оолак кылууга, аларды саясый оппоненттерди басуу үчүн, атка минерлердин топтук же жеке кызыкчылыктары үчүн пайдаланууну жокко чыгарууга даярбы? Ал эми улуттар аралык мамилелердин көйгөйү, өзгөчө түштүктөгү көйгөйү?! Биз унута албайбыз: биз – жаракат алган өлкөбүз, 2010-жылдагы жаракаттын жараларын айыктыруу үчүн дагы көп жана узак иштөө керек.


Премьер-министр биздин күндөлүк жашообуздун маселелери жагынан ишин жүргүзө берсин, ал эми президент, булар ар бир мамлекетте жасалып жаткандай, мамлекеттин маанилүү стратегиялык милдеттерин чечсин, аракеттенүү жолдорун аныктасын, оңдоп-түзөсүн, алга карап, элди сүрөсүн, терең талдоолорду жасасын, аларды жылдын жыйынтыктары боюнча жыл сайын эл менен бөлүшсүн. Алдыга туура милдеттерди коюу, элдин башын айлантпоо, бул милдеттерди чечүүгө багыт алуу – лидердин миссиясы ушулар. Кедейликти алып көргүлө: биздегилер азыр биз андан иш жүзүндө арылдык деп айтып жүрүшөт, бирок бул сөздү, анын үстүнө аны жоюуга милдеттерди коюуну биздин жетекчилерибиздин биринин да оозунан уга албайсың.


2013-2017-жылдарга Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын аткаруунун натыйжалары көрсөтүп тургандай, биз бул көйгөйдү чечүүдө ордубуздан таптакыр жылган жокпуз: план боюнча ушул жылдардын аралыгында кедейликтин деңгээлин 25%га кыскартуу керек эле, биз болсо 2013-жылы 37% деңгээлинде болсок, 2017-жылы кедейликтин ошол эле деңгээлинде калдык – калктын 32%ы кедей жашайт. Эгерде калктын үчтөн бир бөлүгү кедейлик деңгээлинде (5%ы өтө жарды!) жашаса, миллионго жакын адам, сөзсүз, кедейликтин жана жумушсуздуктун айынан конуп-көчүп миграцияда жүрсө, анда эмне үчүн биз өзүбүздү кедейбиз деп айта албайбыз?! Ошентип, адамдарды көйгөйлөрдү чечүүгө багыттай албай туруп, биз кедейликтен арыла алабызбы?! Жаңы жумуш орундарын түзүп, адамдардын жашоосун жакшырта алабызбы? Кытайда алар соңку ондогон жылдарда 450 млн адамды жардылыктын чеңгелинен сууруп чыкты, Кытайдын Компартиясы бардык региондорду калган 60 млн адамды кедейликтен куткарууга багыт берип жатат.


Ар бир нерсени өзүнүн аталышы менен атап, дүйнөдөгү экинчи державанын Президенти Си Цзиньпин ушундай курч, маанилүү милдетти өзү бийликке келген учурдан тартып алдыга коюп келатат, анын «Мамлекетти башкаруу» деген китебин окуп көрүңүздөр, ал баарыңыздардын колуңуздарда бар. Так милдеттерди белгилөө, аларды чечүүгө бардык жетекчилерди багыттоо менен биздин коңшубуз ИДПны киши башына (2015) 8 миң долларга жеткире алды.


Мен жакында Өзгөн районунун Аю сай айылындагы (Зергер айыл өкмөтү) жабыркаган адамдарга барып келдим. Бул кайгылуу окуянын цифралары жөнүндө угуп бүттүк. Бирок жер транформацияланат жана чектер берилет деп күтүп, жакындарын жоктоп кайгы муңда жана стрессте, айланасында тоо көчүп кетет деп коркунучта, ушул жазгы салкын күндөрү БУУ УВЕБнын палаткаларында жашап жаткан адамдардын кедейлигин көрүү керек. Бул адамдарда малдан башка акча таба турган эч нерсеси жок, мал багышат жана ошону менен күн көрүшөт, адамдар бардык ушул жылдары тоо арасында ушинтип жашап келатышат. Бул күндөрү аларга жемелөө эмес, жылуу сөз, боорукердик, материалдык жардам керек. Ал жерден жаңы курулган үйлөрдү көрбөйсүңөр: көп кишилер миграцияга кеткен дешет, кыязы, алар али акча таба элек болсо керек. Ушул эле жер болуп калса эмне, Өзгөндө үч жерде жер көчүү коркунучу бар, Сузак, Базар-Коргон, Кара-Кулжа райондорунда жер массасынын коркунучтуу, алдын ала айтуу мүмкүн болбогон кыймылынын, өзгөчө кыштын калың карынан кийин кыймылынын белгилери бардык жерде бар.


Буга Чоң-Алайдагы жана Баткен областынын чек арага жакын аймактарындагы жер титирөө кошумча болууда. Ушул жазда өлкөнүн түштүгү кырсыктардын зонасына айланды, биз көрүп тургандай, премьер-министр министрлер менен бирдикте бардык ушул кырсык болгон жерлерге тынымсыз барып жатат. Сөз он миңдеген адамдарды коопсуз участокторго көчүрүү, тезирээк чектерди бөлүү, көчкөндөрдүн бардыгына ссуда берүү, кыш келгенге чейин үй куруу жөнүндө жүрүп жатат. Ал эми адамдар үлүшүбүз тоодо калат, андыктан мал багуу үчүн жаңы конуштарга ушунчалык алыс барууга туура келет деп кайгырып жатышат, үй-бүлөлөр болсо, эреже катары, көп балалуу, кедейлик аларды коколоп турат! Журналисттерге кайрылам: силердин жардамыңар, борбордогу маалыматтык ишиңер керек, өлкөдөгү жана чет өлкөлөрдөгү бардык мекендештерди көтөрүү, өлкөнүн түштүгүндөгү адамдарга жардамды активдүү мобилизациялоо керек: жагдай демейдеги өзгөчө кырдаалдардан болуп саналбайт!

 

Урматтуу Форумдун катышуучулары!


Мен өз сөзүмдө буларды белгилегим келет: биздин жаш мамлекетибизде, мамлекеттин турукташуу этабында президент чечимдерди аткарууга киришүүгө жана конкреттүү милдеттерди алга илгерилетүүгө, бийликтин башка бутагынын функцияларын өзүнө тартып албастан, Конституцияга, анда жазылган ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү механизмдерине ылайык эл алдында натыйжа үчүн жооп берүүгө тийиш.


2030-жылга чейин жашоо бизге төмөнкүдөй толгон-токой көйгөйлөрдү даярдап турат: кыргыздардын өз алдынча идентификацияланышы менен көп улуттуу коомдогу дүркүрөгөн саясый жана социалдык турмуш; Афганистандан потенциалдуу коркунуч жана биздин эле региондун тургундарынын ичинен топтордун террористтик аракеттеринин өсүп бараткан коркунучу менен региондук туруксуздук, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу олуттуу тобокелдиктер, — Кыргыз Республикасы кала берсе эл аралык стандарттар боюнча жогорку табигый тобокелдиктердин өлкөсү, — анын жаман жөрөлгөлүү белгилерин биз бүгүнкү күндө да сезип жатабыз; өлкөнүн эгемендүүлүгүн козгогон чек араны бөлүү сыяктуу маселелер чечилбеген бойдон калууда. Келечектүү багыттарга базаны түзүү, инновацияларды киргизүү, улуттун илимий, кадр потенциалын жоготпостон, аны өстүрүү үчүн келечекти көрүүнү үйрөнүүгө, ресурстарды топтоого тийишпиз.


Мени таң калтырганы – биздин өлкөдө соңку беш жылда энергиянын орду толуп туруучу булактары (ЭОБ) жөнүндө дегеле эч нерсе айтылбай калды, ал бүткүл дүйнөдө жигердүү алга илгерилеп жатат. Өлкөдө энергетикалык көзкарандысыздыкка жана энергетикалык сектордун туруктуулугуна, электр менен камсыз кылууда бакубаттуулукка жетишүү – бул деген түбөлүктүү эмес, бул өтмө статус! Энергияга муктаждык өтө тез өсүп жатат, 2017-жылдын июнунда Астанада дүйнөлүк үч айлык «Келечектин энергиясы» ЭКСПОсу старт алат, ал энергиянын альтернативдүү булактарына жана «жашыл технологияларга» арналган. Бул нефтинин жана газдын мекенинде, энергия булактары жагынан тартыштыкты билбеген өлкөдө болуп жатат! Казакстан энергиянын жаңы булактары боюнча жапырт калкты окутуп, энергияны үнөмдөөнүн дүйнөлүк технологияларын, жаңы иштеп чыгууларды жана энергиянын азыр колдо болгон альтернативдүү булактарынын технологияларын үйрөнүүгө чакан жана орто бизнести тартып жатат. Эмне бизде бул жөнүндө жазбайт, ойлонбойт, кеп кылбайт?! Эмне үчүн КТРК ал жакка барып, ЭКСПОну даярдоо жагынан, ал жерде эмне болоору жөнүндө репортаждарды жасабайт? Бул кансе да кайдадыр-бир Латын Америкасында эмес да! Адамдар өздөрү коңшуларга дүйнөлүк ЭКСПОго барат, үйрөнөт, биздин жолубуз, бизде өздөштүрүү жөнүндө ойлоно башташат.


Бүгүнкү күндө президенттик жарыштын башталышында эле бийлик үчүн иштиктүү эмес, күч колдонгон күрөштүн тенденциясы белгилене баштады. Жагдай мындай: президент Атамбаевди колдогон президенттикке талапкерлер саясий куугунтук коркунучу астында турат. Айрымдары эмитен эле абакта олтурат, башкалар боюнча жазык иштери козголуп, жетишсиз же бурмалап жасалган негиздер боюнча камакка алынып жатат. Мында ылгап куугунтуктоо жана камакка алуу айкын болуп калды: кылмыштуу иши жөнүндө маалымат коомдо кеңири резонанска ээ болгон чиновниктерди камашпайт. Ал эми Президенттин аброюна жана ар-намысына тийип койгон журналисттерге жана басылмаларга каршы Башкы прокурордун атынан соттук доолорго эсеп жетпей калды!


Кыргызстандагы саясатчылардын көйгөйү мында: бардыгы бир гана президенттик же парламенттик мөөнөт менен жашайт, мыйзамдуу саясий талаада жана башкарууда өзүнүн узак мөөнөт болушун камсыз кылууга аракеттенбейт. Бул сөзсүз түрдө саясий жоопкерчиликсиздикке, бийликти басып алууга, радикалдуу каршы турууга, адегенде оппозицияны саясий куугунтуктоого, андан соң бийликти жоготууга – бийликтин өзүн саясий куугунтуктоого алып келет. Спираль боюнча жогорулабастан, дайыма эле бири-бирине чиркешкен цикл болуп калат. Бийликтин ар бир алмашуусу менен биз бирөөлөрү бийликти басып алган жана башкалары бул бийликти кулаткан бир эле каталардын бардык мүнөздүү белгилери бар мамлекеттик башкаруунун ошол эле форматын, ошол эле конфигурациясын алабыз.


Мен бардыгыбызга мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу жана улуттун биримдиги үчүн саясий элитанын чогуу жоопкерчилигин аңдап-түшүнүүнү, саясий процесстин бардык ушул кемчиликтерин аңдап-түшүнүүнү жана шайлоого душмандар катары эмес, атаандаштар катары барууну сунуш кылам. Улуттук тажрыйбабызда биз татаал учурларды башыбыздан өткөрдүк: 2010-жылдагы шайлоого бардыгы, «актар» менен «кызылдар», оттун эки тарабында турган адамдар чыкты. Акаев менен Бакиевди кечээги жан жөкөрлөрүн четке сүрүп салбастан, баарыбыз, бардык саясый партиялар жана күчтөр аңдап-түшүнүү менен парламенттик, андан соң президенттик шайлоого жол бердик. Саясый оппоненттерди мыйзамдуу саясый талаадан сүрүп чыгаруу менен, биз бийлик жана мамлекетти башкарууга жеткиликтүү болсун үчүн мыйзамсыз күрөшүүгө өбөлгө түзмөкпүз. Айта кетүү керек, Акаев-Бакиевдин кадрлары Атамбаевдин башкаруучу командасына ийгиликтүү жуурулушту, алардын ичинен жаш элита азыр президенттик шайлоонун натыйжасында бийликке келебиз деп турган чагы.


Мен бүгүнкү маекти колдойм жана туруктуулукту жана мамлекетти сактоо максатында мыйзамдуу, бүткүл эл тааныган президентти шайлоо, шайлоонун жыйынтыктарын бардык талапкерлер жана бүткүл электорат таануусу үчүн бардыгын саясый диалогго, шайлоо күрөшүнүн жалпы принциптерин иштеп чыгууга чакырам.


Бардык талапкерлер, бардык саясый күчтөр КР Президентин шайлоону уюштуруунун, катышуунун жана өткөрүүнүн таза эрежелерин кабыл алууга тийиш. Буга бийлик да, КСДПдан талапкер да кызыкдар болууга тийиш. Шайлоо системасына, добуш берүү жана добуштарды эсептөө жол-жоболоруна ишенич маселеси бийлик үчүн, ошондой эле коом үчүн маанилүү. Буга тыгыз киришүү керек: күнү-түнү дебей, чарчап чаалыкканды билбестен адамдарга бүткүл технологияны майда-баратына чейин түшүндүрүү керек. Ишеним болсо, шайлоонун мыйзамдуулугу да болот. Кетип жаткан бийлик бийликти өткөрүп бергенден кийин өзүнүн оппоненттери тарабынан саясый куугунтук болбой тургандыгын өзүнө кепилдей алат жана жаңы саясый картада өзүнүн мыйзамдуу катышуусуна жана мамлекеттик башкарууга тең катышууга мүмкүнчүлүктү камсыз кылат.