Отунбаева: Эч кимге таянбашыбыз керек

April 7, 2016, 06:00

Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева апрель окуясынын алты жылдыгы, өлкөдөгү акыркы окуялар, бийлик – оппозиция мамилеси, чек ара проблемалары тууралуу суроолорго жооп берди.


Биздин өнүгүүбүз секирик менен жүрүүдө


“Азаттык”: Кыргызстан жыл сайын жазында революция болот экен деген сөздөр менен жашап келет. Быйыл ал айрым бир оппозиционерлердин аракети менен коштолду деп да айтып жатышат. Кылмыш иши козголуп, үч-төрт адам камакта отурат. Эмне үчүн ыңкылап темасы, ыңкылап маанайы коомдо актуалдуу болуп жатат? Кыргыз коому беш-алты жылда бир жолу тополоң чыгарып турганга көнүп алдыбы? Же азыркы президент, өкмөт, парламент мурдагы бийликтер жол берген каталарды кетирип, өздөрү ошондой кырдаал түзүп берип жатабы?


Роза Отунбаева: Биринчиден, биз жаш өкмөт, жаш демократия катары тез өнүгүп, өнүккөндө да революциялык жол менен өнүгүп, шашып келе жатабыз. Биздин өнүгүүбүз эволюциялык жол менен эмес, секирик менен болуп калды.


Батышта демократиялык өлкөлөр жолду он жылдап, жүз жылдап өтсө, биз болсо мына акыркы эле 25 жылда саясий татаал жол менен келе жатабыз. Бизде өткөн замандагы экономикалык проблемалар да абдан оор эле болду, экономика бизди кыстады. Азыр да биздин ЕАЭБге киргенибиз элдин турмушун кыйла эле мындай бир оорчулуктарга түрттү десем жаңылбайт окшойм.


Ушул учурда оппозиция алардын баарын чогултуп, доомат кылып, өкмөткө берип жаткан кези. Мисалы, айрымдар бизде эркин гезиттер жок, аларды муунтуп жатат деп айтышууда. Бизде эркин гезиттер бар, гезиттер толо. Алар эч тайманбай эле, агын ак, карасын кара деп жазып атат. Ошолорду окуп көрсөк, бир топ эле себептерди келтирип жатышат. Алардын ичинде эң орчундуулары катары көп экономикалык маселелер чечилбей жатканын, баалардын баары кымбаттаганын көрсөтүшүүдө. Эми ойлоп көрсөң, алар 2005-жылдагы, 2010-жылдагы фактылар. Андан бери турмуш канча өзгөрдү? Биз алдыга бара жатабыз. Дүйнө жүзү боюнча инфляция болуп, баалар өсүп жатат. Эми ошону караганда деле бул сындап жаткан саясатчылар баалар өсүп турарын моюнга алыш керек эле да.


Оппозиция тууралуу


“Азаттык”: Келерки жылы Кыргызстанда президенттик шайлоо болот. Бир жарым жыл чоң саясат үчүн аз эле убакыт. Оппозиция күч-дараметин азыртан программаларын жазууга жумшап, шайлоого даярданса болмок, оппозиция сындоо гана жолуна түшүп алды деп айтып келе жатышат. Сиздин оюңуз кандай?


​Роза Отунбаева: Биз да оппозиция болгонбуз, бир топ ушундай фактыларды чыгарганбыз. Анда болсо адам чыдагыс окуялар болуп кеткен. Журналисттерге кол салып, өзүнүн аппарат жетекчисин өрттөп өлтүргөнү аз келгенсип, ушундай мыкаачылыктар толуп кеткен болчу. Бирок азыр болсо башка.


"Азыр ушунун баарын парламентке кирбеген биздин бир топ саясатчылар

пайдаланып, аргумент катары чыгарып жатат. Жыл сайын жазында

ушундай инстинкт болуп калды. Ар бир өлкөдө бул кыйын сезон болот"


Мына президенттик шайлоо келе жатат, биз болсо демократия өлкөсү болобуз десек, демек ушул шартка, ыргакка көнүшүбүз керек. Азыр чынында президенттик шайлоого даярдыкка бир эле жыл калды. Мейли оппозиция, мейли пропозиция болсун, жөн эле отурбашы керек. Бизде эртең той дегенде гана тикесинен тик туруп ошол тойду жасайт.


Азыртан баштап конструктивдүү түрдө чыгып, даярданышыбыз керек да, биз жөн эле сындап, кыйкырып коюп эле “бул туура эмес, бул жаман” дегенден кетишибиз керек.


Азыр ал-күчүнүн баарын программа жазууга жумшап, элдин талкуусуна таштап, мына биз ушундай партиябыз, ушундай саясий багытпыз, биз ушунун тегерегинде элдин баарын топтоп жатабыз деп жарыялашы керек. Кыргызстан 2030-жылы мындай мамлекет болот, мындай көрсөткүчтөргө жетебиз деп туруп, элди ээрчитип кетиши керек да. Бизде ошондой программа жок, биз бүгүн ошон үчүн бири-бирибиз менен жөн эле жакалашып отурабыз.


Реформалар аксап калды


Эң эле кыйын, эң эле оор бул сот реформасы болуп калды. Милиция

реформасында деле мындай бир көрүнүктүү кадамдарды көрбөй калдык.

​“Азаттык”: Бийликти сындап жаткандар реформа темасына да көп кайрылып жатат. Алты жыл ичинде экономикада алгылыктуу реформа болгон жок, сот реформасы да аксап калды деп айтышууда. Бийлик жарыялаган реформалар натыйжасыз болуп калдыбы?


Роза Отунбаева: Эми анысы чын, бир топ эле реформа, ошол эле сот реформасы ишке ашпай калды. Бизнес да ошондуктан жүрбөй жатат, биздин саясат да ошол сотко такалып жатат, ал талашсыз сөз. Эң эле кыйын, эң эле оор бул сот реформасы болуп калды. Милиция реформасында деле мындай бир көрүнүктүү кадамдарды көрбөй калдык. Ошондуктан мына бул жагынан да оппозицияга жем болууда.


“Азаттык”: Оппозиция бийликтеги кадр саясатына да көп сын тагып келе жатат?


Роза Отунбаева: Эми бул жагынан дагы оппозициянын айткандарын угуп, окуп жатабыз. Кадр маселеси боюнча президент көп алдыга тарта тургандай кадамдарды жасап жатат. Бирок анысы деле жакпай, “Бакиевдин кадрлары келди, тигил, бул” деп сындап атышат. Эми ошол жаш балдар Бакиевдин заманында технократ болгон да, технократ болсо да ал такыр эле сокур, дүлөй болбош керек.


Президент аларды чоң кызматтарга койду. Анан такыр эле тоготпой, көчөдөгү саясатчылар сүйлөй берсин дебей, алар ошолорго жооп бериш керек. Сөз менен эмес, “сен жинди, мен жинди” деген деңгээлде эмес, жасап жаткан иши менен жооп бериши керек.


Фракциялар сунуштаган министрлер эртеси күнү уурдап,

тоноп, жаман иштерди жасап, түрмөгө түшүп жатса,

парламенттеги фракциялар бети кызарып койбойт.

Тилекке каршы, мен же министрлер, же болбосо президенттин бөлүм башчылары, биз ушундай реформаны жасап атабыз, административдик реформа боюнча момундай ойлорубуз бар деп, үч-төрт баракка жазып, элдин талкуусуна койгонун көрбөй атам. Ошол эле Максимдин тегерегинде чуркап жүргөн балдардын азыр жогорку эшелондо иштеп турганын көрүп, бир топ саясатчылардын “эмне үчүн биз көчөдө жүрсөк, алар болсо кеңселерде иштеп жатат” деп көздөрү күйүп жатат. Бирок кадрларды жашартуу керек, бул кайсы мамлекетте болбосун чоң талап.


Бирок бүгүн кадр маселеси жалаң эле президенттин колунда эмес, министрлерди фракциялар сунуштап жатат. Ошол фракциялар сунуштаган министрлер эртеси күнү уурдап, тоноп, жаман иштерди жасап, түрмөгө түшүп жатса, парламенттеги фракциялар бети кызарып койбойт. Бүгүн бизде, тилекке каршы, мамлекетик кызмат такыр бутуна тура албай жатат да.


7-апрель - бурулуш күн


“Азаттык”: Апрель окуясынын алты жылдыгынын босогосунда турабыз. 7-апрель биринчи кезекте сиз үчүн кандай күн? Эскерүү күнүбү, майрам күнбү же арман күнбү?


Роза Отунбаева: Эми бул окуяга алты жыл өттү, мен аны комплекстүү түрдө карайт элем. Бул күнү чоң жоготуулар болду.


Украинадагы ыңкылапта 100 бала Киевде каза тапты эле, аларды болсо “100 периште” деп, дүйнө жүзүндө даңазалап жүрүшөт. Биз чакан мамлекет экенбиз, биз ушул жерде кайгырдык, биздин кайгыбызды бөлүшкөн адамдар деле аз болду. Өзүбүздүн элибизде деле аларды каргап чыккандар болду. Менимче, мунун баарын тарых орду-ордуна коет окшойт.


Бул күн сөзсүз биздин демократиябыздын жаңы барагы, анткени биз парламентаризмдин жаңы барагын ачтык. Ушул күнү авторитардык системаны токтоттук, авторитардык башчыбыз ошол күнү качты. Ал күн болсо биз үчүн бурулуш күн болду. Биз ошол күндү акташ үчүн көп жумушту жасашыбыз керек.


Беш жылдын ичинде көп нерсени жасоого мүмкүн эмес да экен. Бирок азыр бурулуштар бар. Мисалы, коопсуздук жагын деле карап көрсөңөр болот. Мына бүгүн Армения менен Азербайжандын ортосунда ачык эле уруш болуп жатат. Украинада он уктасаң да түшүңө кирбей турган нерселер болууда. Жакынкы Чыгышта канча мамлекеттер кыйрады. Ушундай жамандыктар болуп жатканда биз өзүбүздүн коопсуздугубузга сөзсүз көңүл бурушубуз керек. Президент Атамбаев бул жагынан көп ишти жасап жатат.


Биз мурда ЖККУ бар, Орусия бар, анан дагы башкасы бар деп ишенип алганбыз. Бирок эң кыйын учурларда биз эч кимге таянбашыбыз керек экен. Биз өзүбүзгө гана таянышыбыз керек. Ошондуктан коопсуздук жагынан беш жылда чоң жылыштар бар деп айтат элем.


Өзүбүзгө гана ишенишибиз керек


Тажикстан президенти Рахмон мен президент болуп

турганда отургузуп, сурап, чечели десек, дайыма

сөздү башка нукка буруп кетишчү. Ал эми президент

Каримов менен, тилекке каршы, такыр сөз болбой жатат.

​“Азаттык”: Карабактагы Азербайжан-Армения окуясын айтып калдыңыз. Чек арадагы талаштуу Кыргызстандын чек ара аймактарында бар. Акыркы эле Аксы окуясындагы талашты айтсак болот. Тажикстан жана Өзбекстан менен чек ара проблемаларын кандай жол менен чечүү жолдорун көрүп турасыз? жерлер постсоветтик мамлекеттердин баарында, анын ичинде


Роза Отунбаева: Дүйнө жүзүндө 200дөй мамлекет болсо, ошолордун жарымына жакынында ушундай аймактык, чек ара маселелери бар экен. Мисалы, биз насыя берип жатат деп, Кытайдын жакшы жагын гана айтып жатабыз. Ал эми Кытай Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекеттер Жапония, Вьетнам, Филиппин жана башкалар менен согуштун алдында туруп жатат. Фергана өрөөнүндөгү Советтер Союзунан калган проблемаларды 25 жылда чече албай калдык.


Кыйынчылыкка учурап калып жатабыз, тирешип калып жатабыз. Алардын мамлекет башчылары менен тил табыша албай калуудабыз. Саясатчылардын козутуп сүйлөгөнү болбосо, эл муну жакшы түшүнүп эле турат. Бул бир тараптан гана көз каранды эмес, экинчи тарап да ийкемдүү болуп, сөзгө келиш керек экен. Ошол эле Тажикстан президенти Рахмонду мен президент болуп турганда отургузуп, сурап, чечели десек, дайыма сөздү башка нукка буруп кетишчү. Ал эми президент Каримов менен, тилекке каршы, такыр сөз болбой жатат. Кээ бирлер айтып жатпайбы, башка президент болсо чечип коймок, Атамбаев сүйлөшө албай жатат деп. Эми Каримов менен баары эле чечип ала турган болсо жакшы болмок, бирок андай эмес, чынында эле бул маселе оң чечилбей турат. Бул маселеге биз сабырдуулук кылып, бирок токтотуп койбой, ишти улантышыбыз керек.


Баш мыйзамды өзгөртүүгө зарылчылык жок


“Азаттык”: Конституцияны өзгөртүү демилгелерине оюңуз кандай? Баш мыйзамды өзгөртсөк, Кыргызстанда бийлик бутактары жакшы иштеп кетмек деп айтып да жатышат. Президент Алмазбек Атамбаев да былтыр парламентке барганда да Конституцияны өзгөртүү маселесин көтөргөн болчу?


Роза Отунбаева: Өзгөртпөш керек. Бул Конституцияны кабыл алып жатканда 2020-жылга чейин деп тийбеш керек деп жазганбыз. Ошол бойдон туруш керек. Абдан кандуу жол болду. Ушундай өзгөрүүлөргө адамдар өмүрүн арнады. Биз саясий маданиятты калыптандыруубуз керек. Бул өтө маанилүү. Биз 20 жыл президенттик башкаруудагы Конституция менен жашадык. Ал жарабайт экен деп, парламенттик Конституцияга өттүк. Эми дагы бул жарабай экен, башкача кылалы десек, анда бул укуктук чөлкөмдү бузат. Экинчиден, азыркы системада кемчиликтер да жок. Абдан ийгиликтүү мамлекеттер Конституцияларын өзгөртпөстөн, андагы шарттарды пайдаланып эле иштеп жатат.


“Азаттык”: Азыр өзүңүз эмне менен алектенип жатасыз? Саясий тажрыйбаңызды, билим-күчүңүздү президент болбой деле, бийликте турбай деле элге жумшап, пайда келтирсе болот бекен?


Роза Отунбаева: Мен “Мадрид” клубунун мүчөсүмүн. Анда 120 киши бар. Булар мурдагы президенттер жана өкмөт башчылар. Анын мүчөлөрү демократия жолу менен шайлангандар болушу керек экен. Мурдагы Советтер Союзунан ал жерде мен өзүм жалгыз элемин. Мурдагы Горбачев да бар болчу экен, бирок ал мен жүргөн беш жыл аралыгында келген жок. Мен “Мадрид” клубундагы 120 адамды карасам, аларда экс-президент деген кадимки эле процесс. Бизде толуп жаткан мурдагы президенттер бар. Бир өлкөдөн үчтөн-төрттөн экс-президенттер бар. Бул саясий маданият аларда турукташып калган.


Бир күнү кызматыңдан кетесиң, өмүр бою бийликте хан болуп отурбайсың, ошол жерге кадалып калган жоксуң. Кызматтан кийин колуңдан келген ишти жаса, жасабасаң пенсияда отур. Мен алардан абдан жакшы иштерди жасаса болорун көрдүм. Мен да президенттиктен кеткенден кийин өзүмдүн фондумду түзүп, президент болбосоң деле элге пайда алып келсең болот деген ишти жасап жатам.



Заирбек Бактыбаев

"Азаттыкт"